"Тянь-Шань Бермети" турак жай комплексинин курулушу башталды

"Тянь-Шань Бермети" турак жай комплексинин курулушу башталды

Кечээ Бишкек шаарында "Тянь-Шань Бермети" аттуу жаңы заманбап турак жай комплексинин курулушуна расмий түрдө старт берилгенин президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган турак жай комплексинин долбоору Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан ишке ашырылып жатат жана курулуштун 15%ы МИКтин балансына өтөт.

Турак жай долбоору 23төн 34 кабатка чейинки ар түрдүү бийиктиктеги 11 блоктон турат. Комплекс 15 850 чарчы метр жер тилкесине курулуп, батирлердин жалпы аянты 105 600 чарчы метрди түзөт. Бардык мунаралар бирдиктүү архитектуралык стилде долбоорлонгон.

"Курулуп жаткан турак жай комплекси функционалдуулугу менен гана эмес, өзүнүн өзгөчө архитектуралык көрүнүшү менен да айырмаланат. Заманбап дизайн, эстетикалык формалар жана шаардык мейкиндикке шайкеш пландоо бул объектти шаарыбыздагы эң кооз жана престиждүү жайлардын бирине айлантат. Келечекте бул комплекс шаар үчүн маанилүү ориентир болуп, элдин эсинде калуучу, таанымал жана символдук объект катары белгилүү болот", — дейт куруушка старт берүү аземинде МинКаб төрагасы А. Касымалиев.

Комплекс пайдаланууга берилгенден кийин анын батыш жана түштүк тарабында коммерциялык жайлар ишке кирет. Алардын катарында соода объектилери, ресторандар, кызмат көрсөтүү борборлору, кинотеатр жана эс алуу зоналары болот. Мындан тышкары, жогорку кабаттарда бассейн жана жашыл бакча жайгаштырылат.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

Министрлер кабинети Сокулук ГЭС-3 менен Чүй облусунун Сокулук районунда "Сокулук ГЭС-3" жана "Туюк ГЭС" чакан гидроэлектр станцияларын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимдин долбоорун жактырды. Келишимге Министрлер кабинетинин атынан кол коюу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисине жүктөлдү. Келишим долбооруна ылайык, биринчи этапта Сокулук

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады. “Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы