Бишкекте келерки жылы 34 мектеп курулат

Бишкекте келерки жылы 34 мектеп курулат


МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин жыйынында кийинки жылы өкмөт Бишкек шаарында 20 мектеп курарын жана Сауд өнүктүрүү фондунун эсебинен дагы 14 орто мектептин имараты салынарын билдирди.

Жаңы мектептер көбүнчө Бишкектин тегерек четиндеги жаңы конуштарда курулары айтылды. Касымалиев андан тышкары келерки жылы аймактардагы авариялык абалдагы мектептердин ордуна жаңысын куруу жана курулуп келаткан имараттарды толук аяктоо пландаштырылып жатканын кошумчалады.

Кыргызстандын ири шаарларында, өзгөчө борбор калаа Бишкекте мамлекеттик мектептердин жетишсиздиги көп көтөрүлүп келген маселелердин бири. Ата-энелер бир класста 50-60 бала окуп жатканын, айрым билим уясында окуучулар батпагандыктан үч нөөмөткө бөлүнүп окууга аргасыз экенин айтып келишет.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 2 миң 394 мектеп бар, анын 2 миң 170и мамлекеттик, калганы менчик. Аларда 1,5 миллиондон ашуун окуучу билим алат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек жылуулук тармактарынын 69%ы эскирди – Ю.Дмитрущенко

Бишкек жылуулук тармактарынын 69%ы эскирди – Ю.Дмитрущенко

Бишкек шаарында жылуулук тармактарынын 68,6%ы физикалык жактан эскиргенин "Биринчи радио" эфиринде "Бишкекжылуулуктармактары" муниципалдык ишканасынын башкы инженери орун басары Юрий Дмитрущенко билдирди. Анын айтымында, бул көрсөткүч 4%га төмөндөгөн — буга чейин эскирүү деңгээли 72,7%ды түзгөн. "Биз авариялардын санын минималдуу деңгээлге түшүрүүгө аракет

Кыргызстан менен Корея парламенттик кызматташтыкты күчөтөт

Кыргызстан менен Корея парламенттик кызматташтыкты күчөтөт

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын Эл аралык иштер жана бирикмелер боюнча комитетинин төрагасы Ким Сок Гини кабыл алды. Бул тууралуу ЖКнын Басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү, парламенттик дипломатияны күчтөндүрүү маселелери талкууланды. Марлен Маматалиев Кыргызстан менен Корея акыркы жылдары

Бишкекте түнкү клубдарда баңгизатка каршы рейддер өткөрүлдү

Бишкекте түнкү клубдарда баңгизатка каршы рейддер өткөрүлдү

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Бишкек шаарында комплекстүү ыкчам-профилактикалык иш-чараларды өткөрдү. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Рейддер жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда шаардагы бир катар түнкү клубдарда жана барларда жүргүзүлдү. Анын максаты — баңгизат жана психотроптук заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүн алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу болду. Иш-чаранын жүрүшүндө мыйзам талаптарын

Бишкекте 1-апрелде айрым райондордо суу өчүрүлөт

Бишкекте 1-апрелде айрым райондордо суу өчүрүлөт

1-апрелде саат 09:00дөн 22:00гө чейин Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү төмөнкү аймактарды камтыйт: Лермонтов, Ауэзов, Ш. Баатыр жана Көлбаев көчөлөрүнүн аралыгы, ЖЭБ–Токмок каналы, ошондой эле Аламүдүн кичи району жана Куруучулар шаарчасы. Суу берүү "Каджисай" суу топтомосунда жана шаардык