Бишкек шаарына 2026-жылы 6 млрд сом бөлүнөт
2026-жылы Бишкек шаарынын мэриясына кошумча 6 млрд сом бөлүнөрүн МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Аталган жыйында депутат Дастан Бекешев (№22 шайлоо округу) экономиканын өсүшүнө карабастан, Бишкекте көйгөйлөр дагы эле көп экенин белгилеп микрорайондордо жана үй жанындагы жолдордо чуңкурлар, бузулуулар көп экенин, аны качан, кантип оңдоо керектиги боюнча суроо узаткан.
Адылбек Касымалиев борбор калаага кошумча каражаттар бөлүнөрүн, бул маселелерди чечүүгө аракет көрүлөрүн билдирди. Ошондой эле Бекешев буга чейин да каражаттар бөлүнгөнүн эске салып, бөлүнгөн акчаларды натыйжалуу өздөштүрүүгө өзгөчө көңүл бурууну өтүндү.