Бишкек башкы архитектуранын бардык баш тартуулары 1-февралдан тарта онлайн берилет

Бишкек башкы архитектуранын бардык баш тартуулары 1-февралдан тарта онлайн берилет

2026-жылдын 1-февралынан тартып Бишкек шаарынын Шаар куруу жана архитектура боюнча башкы башкармалыгы (Бишкекбашкыархитектура) тарабынан берилген бардык баш тартуулар арыз ээлеринин жеке кабинети аркылуу электрондук форматта гана берилет.

"Бишкекбашкыархитектура" билдиргендей, бул чечим мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү, коррупциянын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү, ошондой эле кызмат көрсөтүүнүн ачык-айкындуулугун жана ыңгайлуулугун жогорулатуу максатында ишке ашырылууда.

Жаңы тартип шаар тургундары үчүн төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү түзөт:

  • баш тартуу кагазын алуу үчүн мекемеге жеке барып келүүнүн зарылдыгы жок;
  • документке онлайн режиминде, каалаган убакта жеткиликтүүлүк;
  • адам фактору жана ашыкча байланыштар жоюлат;
  • арыздарды кароо процесси ылдамдап, түшүнүктүүрөөк болот.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Грузия соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүүнү талкуулашты

Кыргызстан менен Грузия соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүүнү талкуулашты

Тбилиси шаарында Кыргызстандын Грузиядагы элчиси Максат Мамытканов мамлекеттик органдардын жетекчилери жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, элчи Грузиянын башкы прокурору Георгий Гваракидзе, юстиция министри Паата Салия жана ички иштер министри Гела Геладзе менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жолугушуулардын жүрүшүндө эки өлкөнүн ыйгарым

Ош мэри Улуу Британия менен жаңы инфраструктуралык долбоорду талкуулады

Ош мэри Улуу Британия менен жаңы инфраструктуралык долбоорду талкуулады

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Николас Боулер менен жолугушту. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, билим берүү, спорт, шаардык инфраструктураны жакшыртуу жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү маселелери талкууланды. Калаа башчысы Улуу Британиянын экспорттук-финансы агенттиги UKEF (UK Export Finance) менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты

Январь айында кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 11,4%га өстү

Январь айында кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 11,4%га өстү

2026-жылдын январында Кыргызстанда кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 2025-жылдын январына салыштырмалуу 11,4% өскөнүн расмий статистика көрсөтүүдө. * Билим берүү тармагында баалар эң көп өстү — 23%. * Турак жайларды тейлөө жана ремонттук кызматтардын тарифтери 22,8% көтөрүлдү. * Маданий иш-чараларды уюштуруу кызматы — 14,5%, чач тарач кызматтары — 13%, бут кийимди оңдоо кызматтары — 10,6%га

Бишкекте батирлердин баасы төмөндөдү

Бишкекте батирлердин баасы төмөндөдү

2026-жылдын февраль айынын жыйынтыгы боюнча Бишкектеги батирлердин бир чарчы метринин орточо баасы 95 458 сомду түзгөнүн Мамлекеттик жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография агенттиги билдирди. Февраль айында борбор калаада бир чарчы метр баасы 12 285 сомго төмөндөп, пайыздык эсеп менен -11,4% болду. Жылдык салыштырмалуу көрсөткүч боюнча, бир чарчы метрдин