Үч эмдүү үй-бүлөгө эки бөлмөлүү батир берилди

Үч эмдүү үй-бүлөгө эки бөлмөлүү батир берилди

Таластагы үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө Бишкек шаарынын борборунан эки бөлмөлүү батирдинберилгенин УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин ЖМКлар Рыскул Сыргабаев менен Медина Калиеванын кайрылуусун жарыялаган. Анда жаш жубайлар турак жай жана документ маселесин чечүүгө көмөк көрсөтүүнү суранышкан. 2024-жылдын ноябрь айынан бери алар борбор калаада ижарага алынган батирде жашап келишкен. Рыскул Сыргабаев курулуш объекттеринде жумушчу болуп иштейт.

Алардын айтымында, 2025-жылдын 5-июлунда Бишкек шаарынын мэриясына турак жай шарттарын жакшыртуу боюнча жардам сурап кайрылышкан. Бирок шаарда каттоосу жок болгондугуна байланыштуу аларга баш тартылган.

УКМК белгилегендей, үч эмдин төрөлүшүн эске алуу менен, ошондой эле өлкөдө демографиялык өсүштү колдоо максатында, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев үй-бүлөгө эки бөлмөлүү батирдин ачкычын жеке өзү тапшырды.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

Министрлер кабинети Сокулук ГЭС-3 менен Чүй облусунун Сокулук районунда "Сокулук ГЭС-3" жана "Туюк ГЭС" чакан гидроэлектр станцияларын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимдин долбоорун жактырды. Келишимге Министрлер кабинетинин атынан кол коюу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисине жүктөлдү. Келишим долбооруна ылайык, биринчи этапта Сокулук

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады. “Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы