Ош мэри мамчиновник Алимжан Байгазаковго таандык үйдү бузуу тапшырмасын берди

Ош мэри мамчиновник Алимжан Байгазаковго таандык үйдү бузуу тапшырмасын берди

Жеңишбек Токторбаев мурдагы вице-мэр, учурда Эсептөө палатасынын аудитору болуп иштеп жаткан Алимжан Байгазаковго таандык төрт кабаттуу имаратты буздуруу боюнча тапшырма бергенин Ош шаарынын мэриясы билдирди.

Бүгүн эртең мененки рейд учурунда мэр тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен бирге Тилек Баатыр көчөсүндө, эски автовокзалдын жанында жайгашкан объектти жеринде көрүп чыкты.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, аталган имарат эски автовокзалдын аймагында жана Ак-Буура дарыясынын суу коргоо зонасында, тийиштүү уруксат кагаздары жок салынган.

Мэриянын билдирүүсүндө белгиленгендей, имараттын ээсине аны бузуу боюнча бир нече жолу расмий эскертмелер берилген. Бирок ушул күнгө чейин имарат толугу менен демонтаждалган эмес.

Мэр аталган объект менен катар анын жанында жайгашкан башка курулуштарды да, анын ичинде өз багыты боюнча көптөн бери колдонулбай калган эски №1 автовокзал имаратын буздурууну тапшырды.

Шаар администрациясы буга чейин мэрдин тапшырмасы менен ушул эле аймакка жанаша жайгашкан, мурдагы вице-мэрге тиешеси бар "Кристалл" мейманканасы да бузулганын эске салды.

Мындан тышкары окуңуз

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери алдамчылыкка шектүү аялды кармашканын райондук ИИБден билдиришти. Милициянын маалыматына ылайык, Октябрь райондук ИИБге Ж.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал А.И.га карата чара көрүүнү суранган. Тергөө версиясы боюнча, 2024-жылдын ноябрынан 2026-жылдын 2-январына чейин ал Чүй облусунун Байтик айылынан жер

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткен облусунда быйылкы жылы 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасы аркылуу кошумча иштетилет. Бул жерлер таштак жана суусуз болгондуктан буга чейин иштетилген эмес. Облустук администрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, айдоо аянттарын көбөйтүү “Айыл чарба системаларында энергетикалык инновацияларды кеңири жайылтуу үчүн алкактык шарт түзүү” деп аталган долбоордун аркылуу ишке ашып жатат.