ЖК депутаттары Курулуш министрлигинин ишин иликтөө комиссиясын түзөт

ЖК депутаттары Курулуш министрлигинин ишин иликтөө комиссиясын түзөт

Курулуш тармагындагы көйгөйлөр жана Курулуш министрлигинин ишмердүүлүгү боюнча депутаттар тарабынан айтылган билдирүүлөрдөн кийин, Жогорку Кеңештин транспорт жана коммуникациялар боюнча комитетинин кезексиз жыйынында депутат Кубанычбек Самаков Министрликтин ишин иликтөө үчүн комиссия түзүүнү сунуштады.

Кийинчерээк аталган комиссиянын курамына депутаттар Кубанычбек Самаков, Акылбек Түмөнбаев жана Кубанычек Конгантиев киргени белгилүү болду. Бирок комиссиянын акыркы курамы азырынча тактала элек.

Комиссия түзүү сунушу курулуш компанияларынын жетекчилеринен түшкөн көптөгөн даттануулардын негизинде көтөрүлдү. Алардын айтымында, Курулуш министрлиги өз алдынча бекиткен тарифтер негизсиз болуп, кыймылсыз мүлктүн жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасынын өсүшүнө алып келүүдө. Депутаттар жана ишкер чөйрө бул жагдайды катуу сынга алышууда.

Мындан тышкары, буга чейин депутаттар министрликтин кызматкерлерине төлөнгөн өтө жогорку айлык маяналарга (500 миң сомго чейин) көңүл бурушкан. Бул болсо дарыгерлердин, мугалимдердин жана башка бюджеттик кызматкерлердин айлык маянасы төмөн болуп турган шартта коомчулуктун нааразычылыгын жараткан.

Комиссия Курулуш министрлигинин тарифтик саясатын, тарифтерди бекитүү механизмдерин, алардын турак жай рыногуна тийгизген таасирин жана мыйзамдарга шайкештигин изилдеши керек.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

Министрлер кабинети Сокулук ГЭС-3 менен Чүй облусунун Сокулук районунда "Сокулук ГЭС-3" жана "Туюк ГЭС" чакан гидроэлектр станцияларын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимдин долбоорун жактырды. Келишимге Министрлер кабинетинин атынан кол коюу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисине жүктөлдү. Келишим долбооруна ылайык, биринчи этапта Сокулук

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады. “Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы