Эски автовокзалдар унаа токтотуучу жай болобу?
Бишкекте муниципалитеттин демилгеси менен өткөн Жол кеңешинде эски автовокзалдардын аймагын башка аймактардан келген айдоочулар үчүн унаа токтотуучу жайга айландыруу сунушталды.
Жыйында айтылгандай, Ивановка же Кара-Балтадан келген айдоочу шаарга келип, унаасын базарларда же борбордо күн бою калтырат. Ошондуктан автоунааларды мурдагы автовокзалдардын аймагына токтотуп, андан ары коомдук транспорт менен жүрүүнү уюштуруу керектиги белгиленди.
Айбек Джунушалиев муниципалитеттин негизги максаты — ыңгайлуу шаар түзүү экенин айтты. Анын айтымында, пландардын бири — шаарды жөө жүргүнчүлөр үчүн мүмкүн болушунча ыңгайлуу кылуу жана тургундардын көбүн коомдук транспортко өткөрүү.