Осло шаары дүйнөнүн эң таза шаарларынын бири болду
Британиялык Iglu Cruise компаниясы дүйнөдөгү эң экологиялык таза шаарлардын рейтингин жарыялады. Тизменин сап башына Норвегиянын Осло шаары жайгашканын АЗЕРТАЖ жазды.
Аталган шаар абасынын тазалыгы жана тургундардын 95%ы жашыл аймактарга жакын жашаганы үчүн биринчи болду.
Литванын борбору Вильнюс шаары экинчи орунду ээледи. Шаардын 61%ын жашыл аймактар түзөт.
Ошондой эле алдыңкы ондукта Хельсинки, Вена, Канберра, Сидней, Стокгольм, Сингапур, Рединг жана Мюнхен шаарлары бар.
Адистердин айтымында, азыркы саякатчылар табият менен айкалышкан шаарларга көбүрөөк кызыгууда. Бул рейтинг Ослонун эл аралык имиджин бекемдеп, туристтердин агымын рекорддук деңгээлге жеткирди.