"Айчүрөк" соода борборунун жанындагы курулуш бузула баштады

"Айчүрөк" соода борборунун жанындагы курулуш бузула баштады

Бишкек мэриясы "Айчүрөк" соода борборунун (ЦУМ) имаратынын жанындагы металл конструкцияларды демонтаждоону баштады. Окуя болгон жерде шаардын мэри Айбек Джунушалиев өзү жүрөт.

Муниципалитеттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, бекитилген долбоорго туура келбеген конструкцияларды жоюунун биринчи этабы бүгүн башталды.

Эске салсак, бул соода борборунун аймагындагы курулуш иштери бекитилген долбоордук чечимдерге ылайык келбейт деп табылган. Айбек Джунушалиев металл конструкцияларды демонтаждоону тапшырган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө куруучу тарабынан ишке ашырылып жаткан объект макулдашылган эскиздик долбоорго туура келбегени жана шаар куруу кеңешинин жыйынында каралбаганы аныкталган. Курулуш иштери бекитилген параметрлерден четтөө менен жүргүзүлүп жатканы мурда айтылган.

ЦУМдун өкүлдөрү буга чейин коомчулук алдында мейкиндиктин архитектуралык концепциясы сакталары жана иштер бүткөндөн кийин фонтандар калыбына келтирилери тууралуу билдиришкен. Бирок фонтан ордунда жүргүзүлүп жаткан курулуш бул милдеттенмелердин аткарылышына күмөн жаратат. Фонтандык композицияны калыбына келтирүү аймакты талапка ылайык абалга келтирүүнүн милдеттүү шарты катары белгиленди.

Мэр куруучу тарапка конструкцияларды өз ыктыяры менен демонтаждоо үчүн үч күндүк мөөнөт берген.

Мындан тышкары окуңуз

Жеке мектеп, бала бакча куруучуларга 2 гектарга чейин жер бекер берилет – Садыр Жапаров

Жеке мектеп, бала бакча куруучуларга 2 гектарга чейин жер бекер берилет – Садыр Жапаров

Мамлекет жеке менчик бала бакчаларды жана мектептерди куруу үчүн жер бөлүп берүүгө даяр экенин президент Садыр Жапаров 11-апрелде Ош облусунун Араван району тургундары менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, кимде-ким бала бакча же мектеп курууну кааласа, жер акысыз берилет: район борборлорунда, чакан шаарларда, облустук борборлордо, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында.

Башкы прокуратурада 1,5 млн архивдик материалдар санариптештирилет

Башкы прокуратурада 1,5 млн архивдик материалдар санариптештирилет

Кыргызстанда сот актыларын мажбурлап аткаруу системасын реформалоонун алкагында "Аткаруу өндүрүшү" автоматташтырылган системасы иштелип чыкканын Башкы прокуратуранын отчетунда айтылат. Система процесстерди санариптештирүүгө, ачык-айкындуулукту жогорулатууга жана көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган. Учурда ал тесттик режимде иштеп жатат. Ошондой эле акыркы жылдары топтолгон болжол менен 1,5 млн архивдик материалды инвентаризациялоо жана санариптештирүүгө

"Ала-Тоо Резорт" аукционунда жалпы 377,6 млн сомдук жер тилкелери сатылды

"Ала-Тоо Резорт" аукционунда жалпы 377,6 млн сомдук жер тилкелери сатылды

"Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа класстеринин алкагында “Жыргалаң” курортун куруу боюнча жер тилкелеринин аукционунун экинчи этабы жыйынтыкталганын "Ала-Тоо Резорт" ААКтын башкармалыгынын мүчөсү – финансы боюнча директору Бакытбек Нарбеков билдирди. Анын айтымында, аукциондун экинчи этабынын үчүнчү күнүндө, 10-апрелде 7 лот сатылды. "7 лот өз ээлерин тапты. Мында 4 жылдыздуу

Адылбек Касымалиев иш сапары менен АКШга барат

Адылбек Касымалиев иш сапары менен АКШга барат

КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Вашингтон шаарына иш сапары менен барып, Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жыйындарына катышып келет. Сапардын алкагында ал Дүйнөлүк банктын жогорку жетекчилиги менен, анын ичинде Операциялык ишмердүүлүк боюнча башкаруучу директору Анна Бьерде жана Европа жана Борбордук Азия региону боюнча вице-президенти Антонелла