Бишкекте 24-февралда масштабдуу суу өчүрүү болот
Бишкек шаарында 24-февралда ичүүчү суу кеңири масштабда өчүрүлөрүн Бишкек мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 21:00гө чейин турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, медициналык мекемелерге, ошондой эле өндүрүштүк жана социалдык-тиричилик объекттерине суу берилбейт.
Өчүрүү аймагы: Октябрьская көчөсү — ВБЧК — Аламүдүн дарыясы — Путепроводная көчөсү.
"Бишкексууканал"муниципалдык ишканасы билдиргендей, чектөө ХБО суу алуучу жайындагы авариялык-оңдоо иштерине байланыштуу.
Коммуналдык кызмат шаар тургундарынан келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, оңдоо иштери жүрүп жаткан учурда алдын ала суу камдап алууну өтүндү.