Казакстан, Кыргызстан элчиликтери эки өлкөдөгү имараттарды бекер пайдаланышат

Казакстан, Кыргызстан элчиликтери эки өлкөдөгү имараттарды бекер пайдаланышат

Президент Садыр Жапаров 2026-жылдын 29-январында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган "2025-жылдын 22-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстандын министрлер кабинети менен Казакстандын өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстандын Казакстандагы элчилигинин жана Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин, ошондой эле Кыргызстандын Казакстандагы элчисинин жана Казакстандын Кыргызстандагы элчисинин резиденцияларынын муктаждыктары үчүн Бишкек шаарында жана Астана шаарында имараттарды жана жер участокторун өз ара акысыз пайдаланууга берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамына кол койду. 

Мыйзам жогоруда белгиленген макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткарууга багытталган. 

Макулдашууга ылайык эми Кыргызстандын Казакстандагы жана Казакстандын Кыргызстандагы элчиликтеринин, ошондой эле Кыргызстандын Казакстандагы жана Казакстандын Кыргызстандагы элчилеринин резиденцияларынын муктаждыктары үчүн берилген Бишкек шаарында жана Астана шаарындагы имараттар жана жер участоктору өз ара акысыз пайдаланылат.

Мындан тышкары окуңуз

Быйыл Жалал-Абад облусунда 3534 даана мамыча орнотулат

Быйыл Жалал-Абад облусунда 3534 даана мамыча орнотулат

Жалал-Абад облусунда 2026-жылдын март айынан ноябрь айына чейин энергетикалык инфраструктураны жаңылоонун алкагында 3 534 даана электр мамыча орнотулат. Бул тууралуу Жалал-Абад электр тармактар ишканасынан билдиришти. Бул иштер энергетикалык коопсуздукту чыңдоого, электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн арттырууга жана тармактын техникалык базасын заманбап талаптарга шайкеш келтирүүгө багытталган. Жүргүзүлүп жаткан модернизация иштери авариялык өчүүлөрдү

А.Касымалиев Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана атайын техника тапшырды

А.Касымалиев Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана атайын техника тапшырды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Өзгөчө кырдаалдар министрлигине атайын техникаларды тапшырды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Иш-чарада Министрлер Кабинетинин башчысы куткаруучуларды Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктап, бул күн эрдиктин жана баатырдыктын символу экенин белгиледи. Ал ошондой эле куткаруучулардын өлкөнүн ичинде жана чет өлкөдө татаал милдеттерди аткарып жатканын

БАЭ башкаруучулар үй-бүлөсүнүн мүчөсү Мансур Нахайян "Ала-Тоо Резорт" долбооруна кызыкты

БАЭ башкаруучулар үй-бүлөсүнүн мүчөсү Мансур Нахайян "Ала-Тоо Резорт" долбооруна кызыкты

"Ала-Тоо Резорт" долбооруна Бириккен Араб Эмираттарынын башкаруучу үй-бүлөсүнүн мүчөсү, шейх Мансур бин Зайд Аль Нахайян кызыгуу билдиргенин "Ала-Тоо Резорт" ААКы маалымдады. Маалыматка ылайык, шейхтин кеңсесинин өкүлдөрү менен компаниянын жетекчилиги онлайн форматта сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн. Тараптар Кыргызстанда жыл бою иштей турган тоо-лыжа кластерин куруу боюнча инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашкан.

Өткөн жылы 456 кыргызстандыктын сөөгүн алып келүүгө 53 млн сом жумшалган

Өткөн жылы 456 кыргызстандыктын сөөгүн алып келүүгө 53 млн сом жумшалган

2025-жылы чет мамлекеттерде каза болгон 456 кыргызстандыктын сөөгү мекенине жеткирилгенин Жогорку Кеңештин илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу билдирди. Анын айтымында, бул максатка 53 миллион сом жумшалган. "Бизде