Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган
2026-жылы Кыргызстанда 113 өнөр жай долбоорун ишке ашыруу пландалып жатканын "Биринчи радио" эфиринде Экономика министрлигинин Өнөр жай башкармалыгынын өнөр жай тармагын талдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Санирабига Молдогазиева билдирди.
Анын айтымында, негизги басым курулуш материалдары тармагына жасалат — 43 ишкана. Тамак-ашты кайра иштетүү тармагында 16 ишкана, жеңил өнөр жайда жети ишкана ачуу пландалууда. Машина куруу жана фармацевтикалык продукция өндүрүү боюнча бирден ишкана каралган жана башка долбоорлор да бар.
Аймактар боюнча алсак, мисалы:
- Таласская облусунда — 6 долбоор;
- Ош облусунда — 19 долбоор;
- Нарын облусунда — 7 долбоор;
- Ысык-Көл облусунда — 10 долбоор.
Жалпысынан болжол менен 11 миң жаңы жумуш орду түзүлөт.
Санирабига Молдогазиеванын айтымында, каалоочулар министрликке же облустардагы президенттин өкүлчүлүктөрүнө расмий кайрылса болот. Долбоорлор тизмеге киргизилип, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында жер тилкесин трансформациялоодон тартып инвестициялык келишимди түзүүгө чейин ар тараптуу колдоо көрсөтүлөт.
МинКабдын маалыматына ылайык, "Жүз өнөр жай ишканасы" программасынын алкагында 2025-жылы жалпы инвестиция көлөмү 715,6 млн долларды түзгөн 119 объект пайдаланууга берилген. Натыйжада болжол менен 8,5 миң жумуш орду түзүлгөн.
"Өтмө долбоорлор бар, аларды 2026-жылга карата тизмеге киргиздик, учурда жүзөгө ашыруу үстүндө иш алып баруудабыз", — деп кошумчалады ал.