А.Касымалиев 4 күндө тургузулган имараттын өзгөчөлүгү менен таанышты
МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарындагы жаңы технологиялык ыкма менен курулуп жаткан курулушту жеринде көрдү.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, имараттын негизги каркасы заводдо даярдалган 24 ири темир-бетон блоктон туруп, болгону 4 иш күнүндө (фундаменттик иштерди эсепке албаганда) монтаждалган.
Ошондой эле индустриалдык модулдук система сейсмикалык талаптарга толук жооп берет жана конструкциянын бекемдигин камсыз кылат.
Имараттын курулуш 2025-жылдын ноябрында башталган, 2026-жылдын май айында пайдаланууга берүү пландалууда.


Учурда имараттын ички жасалгалоо иштери жүрүүдө. Белгилей кетсек, Курулушта сертификаттоонун республикалык борбору түзүлгөндөн бери ижарага алынган имараттарда иштеп келген. Эми борбор үчүн биринчи жолу заманбап талаптарга жооп берген атайын административдик имарат курулуп жатат.