Бишкектин жаңы аймактарын өнүктүрүүгө 39 млрд сом талап кылынат
Бишкектин жаңы аймактарын өнүктүрүүгө болжол менен 39 млрд сом талап кылынарын борбор калаанын мэринин орун басары Азамат Кадыров "Ишеним" жана "Ала-Тоо" депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында билдирди.
Депутат Жумабек Салымбеков административдик-аймактык реформанын алкагында борбор калааны өнүктүрүүгө канча каражат керектиги боюнча эсептөөлөр жүргүзүлгөн-жүргүзүлбөгөнүнө кызыкты.
Азамат Кадыров мындай эсептөөлөр даярдалганын айтты. Анын сөзүнө караганда, алдын ала эсеп боюнча жаңы кошулган аймактарды өнүктүрүүгө болжол менен 39 млрд сом талап кылынат.
Ал бул каражаттар шаар бюджетинен тышкары экенин тактады. Каржылоо жаңы аймактарда инженердик коммуникацияларды курууга жана инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталат.