Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы мечиттин ордуна жаңысы курулат
Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы мечиттин жамаатына ооз ачар уюштурганын муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Шаар башчысы чогулгандарды ыйык Рамазан айынын башталышы менен куттуктап, бул мезгил ар бир үй-бүлөгө тынчтык, бакубатчылык, береке жана ынтымак алып келсин деген каалоосун билдирди.


Иш-чаранын алкагында мэрге жаңы мечит куруу боюнча долбоор тааныштырылды. Документке ылайык, Гоголь көчөсүндө жайгашкан Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы мечитти жаңылоо долбооруна ылайык ал толук бузулат. Себеби ал имарат авариялык абалда болуп, аны кайрадан оңдоп-түзөө мүмкүн эмес.
Долбоор боюнча заманбап эки кабаттуу мечит курулат. Анын ичинде төмөнкү объекттер каралган:
- жер алдындагы автотоктотмо жай
- бутиктер
- кафе
- кампалар
- административдик кабинеттер
- дааратканалар

Объекттин жалпы аянты 5 851,30 чарчы метрди түзөт.
Намаз окуучу залдын аянты 3 506,77 чарчы метр болуп, анда бир убакта 4 200 адамга чейин намаз окууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.