"Бишкек Арена" стадионунда үч кабаттуу соода борбору ачылат
Бишкек шаарында Бишкек Арена стадионунун курулушу активдүү уланып жатканын Кыргызстандын президентине караштуу башкармалыктын жетекчиси Каныбек Туманбаев билдирди.
Анын айтымында, объекттеги курулуш иштери толук көлөмдө жүргүзүлүп жатат жана долбоор аяктоо баскычына жакындап калды.
Каныбек Туманбаев ошондой эле стадиондун ичинде заманбап Bishkek Arena Mall аттуу соода борбору жайгаша турганын белгиледи. Ал үч кабаттан туруп, ишкерлер жана келген кардарлар үчүн бардык керектүү шарттар менен жабдылат.
Алдын ала пландар боюнча, 2026-жылдын 1-апрелинен тартып жаңы соода борборундагы соода аянттарын сатуу башталат. Дүкөн ачууга кызыккан ишкерлерди алдын ала даярданууга чакырышат. Байланыш телефондору жана кошумча маалымат ошол эле күнү жарыяланат.
Келүүчүлөр үчүн жетиштүү унаа токтотуучу жайлар каралат, ал эми объект заманбап ыңгайлуулук жана инфраструктура талаптарына жооп берет.