Ошто курулуп жаткан отуздай объектинин биринин да тийиштүү документи жок – Нурдан Орунтаев

Ошто курулуп жаткан отуздай объектинин биринин да тийиштүү документи жок – Нурдан Орунтаев

Курулуш, архитектура жана турак жай коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев менен чогуу 14-мартта калаада көп кабаттуу үйлөрдү, түрдүү мамлекеттик имараттарды жана жол куруп жаткан ишкерлер менен жолугушту.

Жолугушууда айрым ишкерлер курулушту өз акчасына салып жатышканын жана алардын цемент, кыш сыяктуу курулуш материалдарын чыгаруучу заводдордо миллиондогон сом карызы бар экени ортого салынды.

Жыйындан кийин министр менен мэр шаардагы айрым курулуш объекттериндеги иштин жүрүшү менен таанышты. Калаанын батыш тарабындагы Гапар Айтиев жана Көкүм бий көчөлөрүнүн кесилишиндеги айланма жолго салынып жаткан эстакадалык көпүрөнүн курулушу менен таанышып, ишкердин арызын угушту. Ишкердин сөзүнө караганда, эстакадалык көпүрөнүн курулушу үчүн мамлекет акча берген эмес, буга чейинки курулушка сарпталган карыз акчанын көлөмү 200 млн сомдон ашып кеткен.

Министр Орунтаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Ош шаарындагы курулуштардын абалы менен таанышуу үчүн президенттин тапшырмасы менен келгенин, 14-мартта карап чыккан отуз чакты объекттин биринин да тийиштүү документи, келишимдери жок экени аныкталганын айтты:
"Ишкерлердин акчасы берилген эмес, курулуштардын көпчүлүгү токтоп калган, темпи басаңдап кеткен. Айрым ишкерлер жумушун токтотпош үчүн өз акчасын сарптап жатышыптыр. Отуздан ашык курулуш объекттеринин биринде да долбоордук-сметалык документтер жок, подрядчы компаниялар менен келишимдер түзүлгөн эмес. Мунун бардыгы оозеки түрүндө башталган жумуштар экени анык болду".

Орунтаев бул акыбал тууралуу маалымат жетекчилерге жеткирилерин, ошонун жыйынтыгына жараша чечимдер кабыл алынарын кошумчалады.

Буга чейин Ош мэриясынын курулуш компанияларына карызы 12 млрд сомго жеткени тууралуу маалымат чыгып, аны мурдагы мэр Жеңишбек Токторбаев четке каккан. Ал Оштун карызы баш-аягы 2 млрд 200 млн сомдун айланасында экенин билдирген.

Мындан тышкары окуңуз

АКШда бензин 23,5%га кымбаттады

АКШда бензин 23,5%га кымбаттады

АКШда Жакынкы Чыгыштагы согуш башталгандан бери бензиндин орточо баасы 23,5%га өсткөнүн The New York Times басылмасы билдирди. Басылманын маалыматына ылайык, ишемби күнү өлкө боюнча күйүүчү майдын орточо баасы галлону үчүн 3,68 долларга жетти. Баанын өсүшү дүйнөлүк рынокто мунайдын кескин кымбатташы менен байланыштуу. Акыркы эки жуманын ичинде дүйнөлүк

Трамптын администрациясы TikTok боюнча келишимден 10 миллиард доллар алат

Трамптын администрациясы TikTok боюнча келишимден 10 миллиард доллар алат

АКШ президентинин администрациясы Дональд Трамп TikTok тиркемесинин америкалык бөлүмүн инвесторлор тобуна өткөрүп берүү боюнча келишимде ортомчулук кылганы үчүн 10 млрд долларга чейин сый акы алышы мүмкүн экенин The Wall Street Journal басылмасы жазды. Басылманын маалыматына ылайык, TikTokтун америкалык бизнесине инвестиция салган тараптар популярдуу тиркеме АКШ рыногунда ишин улантышы үчүн АКШ

Бишкектеги муниципалдык ишканаларга 38 даана жаңы атайын техника берилди

Бишкектеги муниципалдык ишканаларга 38 даана жаңы атайын техника берилди

14-мартта Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык ишканаларына 38 даана жаңы атайын техника тапшырылганын мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Техника Турак жай-коммуналдык чарба кызматкерлеринин күнү (ЖКХ кызматкерлеринин күнү) менен байланышкан иш-чаранын алкагында берилген. Кайсы ишканалар канча техника алды: * Бишкекасфальтсервис — 22 даана * Бишкекводоканал — 8 даана * Бишкексвет — 8 даана Ошондой эле майрамдык иш-чара Жаштык

Казакстанда 2027-жылы күйүүчү-майлоочу май баасы Кыргызстандыкына теңелеби?

Казакстанда 2027-жылы күйүүчү-майлоочу май баасы Кыргызстандыкына теңелеби?

Казакстандык экономисттер Рахимбек Абдрахманов жана Алмас Чукин жакынкы келечекте бензин жана башка күйүүчү-майлоочу материалдардын баасы кандай өзгөрүшү мүмкүн экендиги боюнча божомолдорун айтышканын Digital Business басылмасы билдирди. Талкууга 2027-жылдын 1-январынан тартып ЕАЭБ алкагында күйүүчү май рыногун интеграциялоо пландалып жатканы себеп болгон. Абдрахмановдун айтымында, казакстандыктар күйүүчү майдын баасы олуттуу өсүшүнө даяр болушу