Быйыл Бишкекте 2 парк реконструкцияланат

Быйыл Бишкекте 2 парк реконструкцияланат

Бишкекте 2026-жылы эки парк реконструкцияланарын бүгүн Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында Бишкек шаарынын вице-мэри Рамиз Алиев билдирди.

Анын айтымында, реконструкциялана турган парктар — Тоголок Молдо жана Эркиндик парктары.

"Ошондой эле Жаш Гвардия бульвары да реконструкцияланат. Шаарда жалпы 12 парк жана 52 сквер бар. Биз аларды этап-этабы менен реконструкциялайбыз", — деди Рамиз Алиев.

Бир катар депутаттар парктардын абалына канааттанбастыгын билдирип, дарактардын отургузулушу жана кармоо иштерине, ошондой эле жашылдандыруу маселелерине комплекстүү мамиле кылууну сунушташты.

Мындан тышкары окуңуз

Кореянын колдоосу менен Бишкекте “Медициналык шаарча” куруу пландалууда

Кореянын колдоосу менен Бишкекте “Медициналык шаарча” куруу пландалууда

Бүгүн саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ким Кванджэ менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда саламаттык сактоо тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги талкууланды. Тараптар 2026-жылы өткөрүлө турган “Борбор Азия — Корея Республикасы” саммитинедаярдык маселелерине да токтолушту. Аталган саммит стратегиялык диалогду чыңдоого

Жаратылыш ресурстары министрлиги жүгүртүүгө уруксат берилүүчү идиштердин  тизмесин бекитүүнү сунуштады

Жаратылыш ресурстары министрлиги жүгүртүүгө уруксат берилүүчү идиштердин тизмесин бекитүүнү сунуштады

Жаратылыш ресурстары министрлиги Кыргызстандын аймагында жүгүртүүгө уруксат берилүүчү полимер пленкасынан жасалган пакеттердин жана бир жолу колдонулуучу пластик идиштердин тизмесин бекитүү тууралуу токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштады. Документ полимер пакеттеринин жана пластик буюмдардын жүгүртүүсүн чектөө жөнүндө мыйзамды ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. 2027-жылдын 1-январынан тарта өлкө боюнча айрым пластик буюмдардын жүгүртүүсүнө

Кыргызстанда органикалык продукция чыгарган 11 кооператив бар

Кыргызстанда органикалык продукция чыгарган 11 кооператив бар

Кыргызстанда 11 кооператив органикалык продукция өндүрүү менен алектенерин Жогорку Кенештин комитетинин жыйынында Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин директору Мухтар Чыналиев билдирди. Анын айтымында, учурда дагы 30га жакын ишкана органикалык продукция өндүрүүгө өтүүгө даярдык көрүп жатат. Чыналиев белгилегендей, 2022-жылдан бери органикалык продукция өндүрүүчүлөр 300 млн сомго жакын

Өзгөндө балдар жөлөкпулу мыйзамсыз токтотулган факт аныкталды

Өзгөндө балдар жөлөкпулу мыйзамсыз токтотулган факт аныкталды

Ош облусунун Өзгөн райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин биринде мыйзам бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, мекеменин айрым кызмат адамдары К.Б. аттуу жарандын паспорттук маалыматтарын пайдаланып, аны формалдуу түрдө кызматкер катары каттап, анын атынан социалдык төлөмдөрдү жүргүзүп, эсептелген эмгек акыны