Өзгөндө балдар жөлөкпулу мыйзамсыз токтотулган факт аныкталды

Өзгөндө балдар жөлөкпулу мыйзамсыз токтотулган факт аныкталды

Ош облусунун Өзгөн райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин биринде мыйзам бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мекеменин айрым кызмат адамдары К.Б. аттуу жарандын паспорттук маалыматтарын пайдаланып, аны формалдуу түрдө кызматкер катары каттап, анын атынан социалдык төлөмдөрдү жүргүзүп, эсептелген эмгек акыны өздөрүнө ыйгарып алышкан.

Натыйжада К.Б. аттуу муктаж жарандын төрт жашы жете элек баласына берилген “Үй-бүлөгө көмөк” мамлекеттик жөлөкпулу токтотулган.

Аталган факт боюнча райондук прокуратура тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ак-Суу районунда туристтердин саны 8 эседен ашык өстү

Орто-Токой суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоо аныкталды

Кыргызстан баштапкы медициналык жардамды өнүктүрүү боюнча эл аралык конгресске катышты

Токтогул шаарында электр тармагын жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө

Караколго тартылган инвестициянын көлөмү 9,5 млрд долларга жетти