"Дордой" базарынын жанындагы көлдүн айланасы көрктөндүрүлөт

"Дордой" базарынын жанындагы көлдүн айланасы көрктөндүрүлөт

Айбек Джунушалиев 16-мартта "Дордой" ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков менен жолугушуу өткөрүп, "Дордой" базарынын аймагын көрктөндүрүү маселесин талкуулады. Айрыкча базардын жанындагы көлгө жана анын айланасына өзгөчө көңүл бурулганын борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мэрдин айтымында, шаар бийлиги бизнести өнүктүрүүнү колдойт, бирок ал системалуу түрдө жана шаардык талаптарды сактоо менен жүргүзүлүшү керек. Ушуга байланыштуу базардын жанындагы көлдүн аймагында масштабдуу көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү пландалууда.

Долбоорго ылайык:

  • көлдүн айланасын тосмолор менен курчоо,
  • көлдү тазалоо,
  • анын айланасын тартипке келтирүү,
  • сейилдөө үчүн ыңгайлуу аймак түзүү каралган.

Бул аймак базарга келгендер жана шаар тургундары үчүн коопсуз жана жайлуу мейкиндикке айланат.

Базардын инфраструктурасын жакшыртуу алкагында:

  • көп кабаттуу унаа токтотуучу жайларды куруу,
  • парковка орундарын тартипке келтирүү да каралууда.
Мэр базардын аймагындагы бардык унаа токтотуучу жайларды кайра муниципалитеттин балансына өткөрүп, төлөмдү QR-код аркылуу жүргүзүү системасын киргизүүнү тапшырды.

Аскар Салымбеков билдиргендей, базардын аймагында жол куруу иштери 2026-жылдын 1-апрелинен башталат.

Жолугушуунун жыйынтыгында Айбек Жунушалиев Свердлов райондук администрациясына, муниципалдык менчик башкармалыгына жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгына көлдүн айланасын көрктөндүрүүгө жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга тоскоол болгон объектилерди демонтаждоону камтыган даярдык иштерин бүтүрүүнү тапшырды.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдөгү "Кырчын" турбазасы мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көлдөгү "Кырчын" турбазасы мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көл облусунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында, Кырчын капчыгайында жайгашкан "Кырчын" турбазасы мыйзам бузуу менен жеке жана юридикалык жактарга берилгени аныкталды. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, мүлктүк комплекс 1997-жылы мыйзам талаптарын одоно бузуу менен менчикке өткөрүлгөн. Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында жалпы баасы 501 млн сомду түзгөн "Кырчын"

Республикада мал ылаңдарына каршы жазгы алдын алуу иштери башталды

Республикада мал ылаңдарына каршы жазгы алдын алуу иштери башталды

Республика аймагында мал ылаңдарына каршы жазгы алдын алуу иш-чаралары башталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Бекитилген планга ылайык, учурда 3-6 айлык ургаачы торпоктор бруцеллезге каршы эмделүүдө. Ошондой эле бодо малдан кан алынып, бул илдетке карата текшерүү жүргүзүлүп жатат. Үй жаныбарларын коргоо максатында

Дүйнөлүк рынокто алтын арзандап, унциясы 5 миң доллардан төмөн түштү

Дүйнөлүк рынокто алтын арзандап, унциясы 5 миң доллардан төмөн түштү

Дүйнөлүк рынокто алтындын баасы арзандап, унциясы 5000 доллардан төмөн сатылып жатканын Интерфакс кабарлады. Маалыматка ылайык, алтындын баасы Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам дүйнөдөгү инфляциянын тездешинен төмөндөп жатат.  Comex биржасында алтын болжол менен 1,3%га төмөндөп, унциясы 4995 долларды түздү. Ошол эле маалда күмүштүн да баасы арзандап жатат. Ал 4,4%

Өзбекстандан келген маркировкасы жок 82 830 көчөт артка кайтарылды

Өзбекстандан келген маркировкасы жок 82 830 көчөт артка кайтарылды

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментине караштуу Баткен башкармалыгынын “Кызыл-Кыя автожолу” фитосанитардык текшерүү постунда Өзбекстандан импорттолуп кирген 82830 даана көчөттөрдүн таңгагында маркировка жок экендиги аныкталган. Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 157 Чечимине ылайык, карантинге алынган продукциянын ар бир таңгагында продукциянын аталышы, чыгарылган өлкө, экспорттоочу өлкө жана (же) реэкспортер өлкө