Сузактагы паркка 90 млн сомдун каралышы суроолорду жаратты
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги Сузак районундагы Октябрь айылындагы Тукубай Тайгараев атындагы паркты реконструкциялоо иштерин көзөмөлгө алды.
Министрликтин башчысы Нурдан Орунтаев билдиргендей, бул объект башында эле баасы жогору коюлган долбоорлордун тизмесине киргизилген. Анын айтымында, парк үчүн жабдууларды сатып алууда бааларды жогорулатуу фактылары аныкталган, ошондой эле жүргүзүлүп жаткан иштердин долбоорго шайкештиги текшерилүүдө.
Болжол менен 2 гектар аянтты түзгөн парк 2026-жылдын март–апрель айларына чейин калыбына келтирилиши пландалууда. Реконструкция жана көрктөндүрүү иштерине, анын ичинде скверлерди курууга республикалык бюджеттен болжол менен 90 млн сом каралган.
Буга чейин парк совет мезгилинде негизделип, узак убакыт каралбай калгандыгы маалымдалган. Долбоордун алкагында учурда аймакты тазалоо, эски курулуштарды демонтаждоо жана жаңы объекттерди куруу иштери башталган.