Манас шаарынын филармониясына бөлүнгөн каражат мектептерди оңдоого жумшалат

Манас шаарынын филармониясына бөлүнгөн каражат мектептерди оңдоого жумшалат

Курулуш, архитектура жана турак жай коммуналдык чарба министрлиги Жалал-Абад облусунда 27 мектеп авариялык абалда турганын белгилеп, Манас шаарындагы филармонияга эсептелген каражат мектептерди оңдоп-түзөөгө жумшаларын белгиледи.

Министрликтин басма сөз кызматы тараткан маалыматта филармонияны курууга караганда авариялык мектептерди оңдоо маанилүү экени айтылган.

"Мектептер оңдоп-түзөөгө муктаж болуп турган чакта Манаста 6,8 млрд сомдук эң чоң филармония куруу максатсыз. Андан көрө каражатты бүгүнкү талаптарга ылайык келген ондон ашык жаңы мектептерди курууга сарптоо маанилүү", - деп жазылган анда.

Манас шаарында 6,8 млрд сомго салынып жаткан облустук филармониянын курулушу убактылуу токтотуларын курулуш, архитектура жана турак жай коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев 18-мартта Жалал-Абад облусундагы иш сапары учурунда айткан. Анын сөзүнө караганда, объектинин долбоору кайрадан каралып чыгат. 

Орунтаев өткөн аптада Ош, Манас шаарларына иш сапарында аталган аймактардагы курулуштардын абалы менен таанышып, ишкерлер менен жолугушкан. Эки шаардагы курулуп жаткан ири объектилердин баары министрликтин карамагына өтөрүн айткан.

Мындан тышкары окуңуз

Талас районунда жаңы архитектура башкармалыгынын имараты ачылды

Талас районунда жаңы архитектура башкармалыгынын имараты ачылды

Кечээ Талас облусунун Талас районунда Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Иш-чарага Курулуш министри Нурдан Орунтаев, Президенттин облустагы өкүлү Эрмат Джумаев, жергиликтүү жетекчилер, архитекторлор жана тургундар катышты. Министр жаңы имарат башкаруунун ишин жакшыртып, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатарын белгиледи. Имарат Көк-Ой айылындагы Манас көчөсү

Ошто үйү сүрдүрүлгөн жарандарга акчалай кенемте төлөнбөйт

Ошто үйү сүрдүрүлгөн жарандарга акчалай кенемте төлөнбөйт

Ош шаарында турак жайы жана коммерциялык объектилери бузулган жарандарга акчалай кенемте төлөнбөй турганын шаар мэри Жанарбек Акаев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, каражаттын ордуна жер тилкелери берилет. "Биз жарандардын абалын жакшы түшүнүп жатабыз. Бирок ошол эле учурда бир ачуу чындыкты айтууга туура келет — аларга акчалай түрдө кенемте төлөп

Алтын сатып берем деп 4 млн сомду алдап кеткен аял кармалды

Алтын сатып берем деп 4 млн сомду алдап кеткен аял кармалды

Бишкекте 4 млн сомду алып, изин жашырып кеткен аял кармалганын Бишкек шаардык милициясынан билдиришти. Милицияга С.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Д.С. аттуу аялга карата чара көрүп берүүнү өтүнгөн. Арыз ээсинин айтымында, былтыр июнь айында шектүү ишенимге кирип, 4 млн 129 миң сомун алып, андан кийин изин жашырып

Эт эмнеге  кымбат, аны кантип арзандатса болот?

Эт эмнеге кымбат, аны кантип арзандатса болот?

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков УТРКнын "Диалог" берүүсүндө Кыргызстандын рыногу үчүн эттин баасы кыйла жогору экенин айтты. Ошол эле учурда коңшу Тажикстан менен Өзбекстанда баалар 1400 сомго чейин жетерин жана бул айырмачылык ортомчулардын пайда көрүүсүнө шарт түзүп жатканын кошумчалады. "Этти