Ошто үйү сүрдүрүлгөн жарандарга акчалай кенемте төлөнбөйт

Ошто үйү сүрдүрүлгөн жарандарга акчалай кенемте төлөнбөйт

Ош шаарында турак жайы жана коммерциялык объектилери бузулган жарандарга акчалай кенемте төлөнбөй турганын шаар мэри Жанарбек Акаев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, каражаттын ордуна жер тилкелери берилет.

"Биз жарандардын абалын жакшы түшүнүп жатабыз. Бирок ошол эле учурда бир ачуу чындыкты айтууга туура келет — аларга акчалай түрдө кенемте төлөп бере албайбыз. Учурда МинКаб бир катар жерлерди трансформациялоо боюнча сунуш бердик. Башкача айтканда, маселени алмашуу жолу менен чечүүнү көздөп жатабыз. Тактап айтсам, турак жайы жана коммерциялык объектилери бузулган жарандарды кароосуз калтырбайбыз. Бирок бул үчүн бир аз убакыт талап кылынат", — деди шаар башчысы.

Калаа бийлиги мындан ары да жол тыгындарын азайтуу максатында жолдор кеңейтиле турганын белгилеп, буздуруу иштери улантыларын кошумчалады.

Шаар боюнча 1500дөн ашуун ар кандай имараттар сүрдүрүлгөн. Алардын 1000ден ашыгы турак үйлөр же короолор болсо, калганы коммерциялык объектилер. 

Шаардын мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаев кызматтан кеткенден кийин жаңы мэрден кенемте талап кылган жарандардын саны көбөйгөн. 24-мартта шаар бийлигине ондогон жарандар келип, кенемте маселесин чечип берүүнү талап кылышкан.

Буга чейин айрым юристтер шаар бийлиги жарандардын жеке менчигине карата мыйзамсыз аракеттерди жүргүзгөнүн айтып келишкен. Токторбаевдин тушунда шаардагы каналдардын жээктери тазаланып, жол боюндагы турак жайлар "кызыл сызыкка чыгып кеткен" деген негиз менен буздурулуп келген.

Мындан тышкары окуңуз

Ат-Башы районундагы жаңы мал базар пайдаланууга даяр

Ат-Башы районундагы жаңы мал базар пайдаланууга даяр

Ат-Башы районундагы мал базар пайдаланууга берүүгө даяр экенин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Бүгүн министр Эрлист Акунбеков мал базар жана соода борборунун курулушу менен таанышты. "2022-жылы базар толук трансформацияланып, жалпы 7,8 гектар жерди ээлеген. Анын ичинен 3,7 гектары толугу менен курулуп,

Баткен облусунда күн электр станциясы курулат

Баткен облусунда күн электр станциясы курулат

Баткенде күн электр станциясы куруларын Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров "CECEP Solar Energy Co., Ltd." компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Тараптар кайра жаралуучу энергия булактары тармагындагы кызматташтыкты жана инвестициялык портфелди кеңейтүүнү талкуулашты. Учурда аталган компания Баткен облусунда "Ак-Татыр" күн электр станциясын куруу

Барскоон–Бедел унаа жолу: тоннелдерди казуу иштери башталды

Барскоон–Бедел унаа жолу: тоннелдерди казуу иштери башталды

Мамлекеттик бюджеттин эсебинен курулуп жаткан Барскоон–Бедел автожолунун курулушу уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Учурда изилдөө иштери толук аяктап, долбоорлоо дээрлик бүткөрүлдү. Тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашуу иштери жүрүүдө. Ошондой эле подрядчы тарабынан техника жеткирилип, бетон заводу курулуп, жумушчулар мобилизацияланды. Курулуш иштери долбоорлоо менен катар жүргүзүлүүдө. Долбоордо

Бишкекте 50 гектар жер мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүлөт

Бишкекте 50 гектар жер мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүлөт

Бишкек мэриясы Бишкек шаардык кеңешине Токомбаев көчөсүндө жайгашкан жер тилкесин мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүп берүү тууралуу макулдук алуу боюнча документ жөнөттү. Аталган жер тилкесин Президенттин иш башкармалыгына жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке өткөрүү каралууда. Документте Бишкек шаардык кеңеши аянты 50,8052 гектар болгон, идентификациялык коду 1-04-12-0032-0375, Бишкек шаары,