Бишкекте 180 батирлүү көп кабаттуу турак үйдүн документи тапшырылды
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Бишкек шаарындагы Ажыбек Баатыр көчөсү 1/5, 1/6, 1/7 даректеринде жайгашкан 3 блоктон турган 9 кабаттуу, 180 батирлүү турак үйдүн пайдаланууга берүү актысын тапшырды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Аталган объект “Восток Строй Инвест” компаниясы тарабынан курулган. Бирок жер тилкесине байланыштуу коңшу субъекттер менен болгон соттук териштирүүлөрдөн улам турак үйдү пайдаланууга берүү маселеси 10 жыл бою чечилбей келген.
Министр Нурдан Орунтаев турак үйдүн жашоочулары менен жолугуп, Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2025-жылдан тарта турак үйлөргө байланыштуу көйгөйлүү маселелерди системалуу чечүү иштери жүрүп жатканын белгиледи.
Буга чейин объект расмий пайдаланууга берилбегендиктен, тургундар батирлерин өз атына каттай албай, кыймылсыз мүлккө тиешелүү документтерди алуу боюнча кыйынчылыктарга туш болуп келишкен. Ошондой эле алар коммуналдык кызматтарды узак убакыт бою өнөр жай тарифтери менен төлөп келишкен.
Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында көп жылдан бери чечилбей келген маселелер жөнгө салынып, турак үй расмий түрдө пайдаланууга берилди. Бул эми тургундарга батирлерин мыйзамдаштырууга, керектүү документтерди алууга жана коммуналдык кызматтарды белгиленген тарифтер боюнча пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзөт.


