Кайсы учурда мүлккө салык милдеттүү болот?

Кайсы учурда мүлккө салык милдеттүү болот?

Батирдин аянты 80 чарчы метрден, ал эми жеке турак үйдүн аянты 150 чарчы метрден ашкан учурда гана мүлк салыгы эсептелет. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов “Кабардагы” маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, мисалы, аянты 200 чарчы метр болгон жеке үйдүн 150 чарчы метри салыктан бошотулуп, калган 50 чарчы метри үчүн гана төлөм алынат. Мындай учурда жылдык салык болжол менен 3 миң 339 сомду түзөт.

Рахманов белгилегендей, салык төлөөчүлөр болуп ишкердик жүргүзгөн жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле өз атына катталган мүлкү же жери бар жарандар эсептелет. Бирок бардык жарандар эмес, дал ушул мүлкү бар адамдар гана жылына бир жолу төлөнүүчү салыкка тартылат.

Ошондой эле батир же үйдөн тышкары кошумча жер тилкеси болсо, ага да тиешелүү салыктар каралары айтылды.

Мындан тышкары окуңуз

Гуанчжоу — Бишкек — Гуанчжоу авиакаттамы ишке кирди

Гуанчжоу — Бишкек — Гуанчжоу авиакаттамы ишке кирди

29-мартта China Southern Airlines авиакомпаниясынын Гуанчжоу — Бишкек — Гуанчжоу маршруту боюнча биринчи каттамы ишке ашканын кечээ "Кыргызстан Аэропорттору" ААКы билдирди. Компаниянын маалыматына караганда, регулярдуу каттамдар апта сайын эки жолу — шаршемби жана жекшемби күндөрү жүргүзүлөт. Биринчи каттам менен эл аралык Манас аэропорту аэропортуна 134 жүргүнчү келди, кайтарма каттам менен Гуанчжоуга

Бишкек жылуулук тармактарынын 69%ы эскирди – Ю.Дмитрущенко

Бишкек жылуулук тармактарынын 69%ы эскирди – Ю.Дмитрущенко

Бишкек шаарында жылуулук тармактарынын 68,6%ы физикалык жактан эскиргенин "Биринчи радио" эфиринде "Бишкекжылуулуктармактары" муниципалдык ишканасынын башкы инженери орун басары Юрий Дмитрущенко билдирди. Анын айтымында, бул көрсөткүч 4%га төмөндөгөн — буга чейин эскирүү деңгээли 72,7%ды түзгөн. "Биз авариялардын санын минималдуу деңгээлге түшүрүүгө аракет

Кыргызстан менен Корея парламенттик кызматташтыкты күчөтөт

Кыргызстан менен Корея парламенттик кызматташтыкты күчөтөт

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын Эл аралык иштер жана бирикмелер боюнча комитетинин төрагасы Ким Сок Гини кабыл алды. Бул тууралуу ЖКнын Басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү, парламенттик дипломатияны күчтөндүрүү маселелери талкууланды. Марлен Маматалиев Кыргызстан менен Корея акыркы жылдары

Бишкекте түнкү клубдарда баңгизатка каршы рейддер өткөрүлдү

Бишкекте түнкү клубдарда баңгизатка каршы рейддер өткөрүлдү

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Бишкек шаарында комплекстүү ыкчам-профилактикалык иш-чараларды өткөрдү. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Рейддер жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда шаардагы бир катар түнкү клубдарда жана барларда жүргүзүлдү. Анын максаты — баңгизат жана психотроптук заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүн алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу болду. Иш-чаранын жүрүшүндө мыйзам талаптарын