Ош шаарындагы "АрхиСтрой" компаниясына 200 миң сом айып пул салынды

Ош шаарындагы "АрхиСтрой" компаниясына 200 миң сом айып пул салынды

Курулуш министрлигине караштуу мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл департаментинин Ош шаардык башкармалыгы шаар аймагындагы курулуш объектилерин текшерүү иштерин жүргүзүүдө.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Ош шаары, Көкүм-Бий көчөсү 102г дарегинде 9 кабаттуу турак үй мыйзамсыз курулуп жатканы аныкталган. Ошондой эле курулуш компаниясы техникалык регламенттердин, курулуш нормаларынын жана эрежелеринин талаптарын сактабаганы белгиленген.

Текшерүүнүн жыйынтыгында "АрхиСтрой" ЖЧКсы компаниясына карата административдик чаралар көрүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган.

Мындан тышкары, аныкталган мыйзам бузуулар толук жоюлганга чейин курулуш иштери убактылуу токтотулду.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, компания 2012-жылы каттоодон өткөн. Анын жетекчиси — Алтынбек Таалайбеков, ал эми негиздөөчүсү — Нуртилек Таалайбеков

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте Иран Ислам Республикасына гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Жалпы салмагы 129 тоннаны түзгөн жардамдын курамына 66 тонна азык-түлүк жана 63 тонна дары-дармек каражаттары кирет. Анын ичинде ун, эт консервалары, өсүмдүк майы жана зарыл болгон медициналык

BAKAI Store'дон акция! - биринчи сатып алууга 10% кешбэк

BAKAI Store'дон акция! - биринчи сатып алууга 10% кешбэк

BAKAI Store'дон сатып алуу жасап, 10% кешбэк алыңыз! BAKAI Store - бул BAKAI мобилдик банкынын ичиндеги маркетплейс. Бул жерде сиз керектүү нерселердин баарын онлайн сатып ала аласыз. Эми сатып алуудан көбүрөөк пайда алыңыз: • 10% кешбэк - чыныгы акча менен кайтарылат; • кешбэк төлөм жасалгандан кийин дароо түшөт; • сатып алуу

Молдова парламентинин депутаттары КМШдан чыгууга добуш беришти

Молдова парламентинин депутаттары КМШдан чыгууга добуш беришти

Молдованын парламенти акыркы окууда өлкөнүн КМШ курамындагы мүчөлүгүнүн негизин түзгөн үч макулдашууну денонсациялоо тууралуу мыйзамдарды кабыл алды. Тиешелүү чечимдер парламенттин расмий сайтында 2-апрелде жарыяланды. Сөз КМШны түзүү тууралуу макулдашууну жана ага кошулган протоколду (экөө тең 1991-жылдын декабрында Минск жана Алматы шаарларында кол коюлган), ошондой эле 1993-жылдын январында Минск шаарында кабыл

"Келечек" кепилдиги менен  61 үй-бүлө баштапкы төлөмсүз турак жай алды

"Келечек" кепилдиги менен 61 үй-бүлө баштапкы төлөмсүз турак жай алды

2026-жылдын биринчи чейрегинин жыйынтыгы боюнча 61 үй-бүлө "Кепилдик фонд" ААКсы тарабынан сунушталган "Келечек" кепилдик инструментинин жардамы менен баштапкы төлөмсүз ипотека аркылуу өз турак жайына ээ болду. Бул тууралуу "Кепилдик фонд" ачык акционердик коомунан билдиришти. Жыл башынан бери жалпы суммасы 81,6 млн сомду түзгөн