ШКУга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү Бишкектеги калдыктарды кайра иштетүү заводун көрүштү
ШКУга мүчө мамлекеттердин айлана-чөйрөнү коргоо маселелерин көзөмөлдөгөн министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин жетинчи жыйынынын жана эксперттеринин отурумуна катышкан делегаттар үчүн катуу тиричилик калдыктарынан электр энергиясын өндүргөн экологиялык заводго тааныштыруу экскурсиясы өткөрүлгөнүн мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мэрдин орун басары Рамиз Алиев экскурсияда катышуучуларга ишкананын ишмердүүлүгү, калдыктарды кайра иштетүүнүн заманбап технологиялык процесстери, ошондой эле өндүрүшкө киргизилген экологиялык чечимдер жөнүндө кеңири айтып берди.



Өзгөчө көңүл катуу тиричилик калдыктарын инновациялык ыкмалар менен утилдештирип, андан электр энергиясын өндүрүүгө бурулду.
Делегаттар бул тажрыйбаны мындан ары да изилдөө жана аны өз өлкөлөрүндө мүмкүн болгон деңгээлде ишке киргизүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.
Белгилей кетсек, бул таштанды заводу Борбор Азияда таштандыларды кайра иштетүү аркылуу электр энергиясын өндүргөн биринчи ишкана болуп саналат.