Бишкекте КРСУ кампусун куруу макулдашуусу ратификацияланды

Бишкекте КРСУ кампусун куруу макулдашуусу ратификацияланды

Президент Садыр Жапаров “2025-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстандын министрлер кабинети менен Россиянын өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстанда Россиянын биринчи президенти Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин кампусун куруунун шарттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду. 

Мыйзам 2026-жылдын 18-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. 

Жогоруда белгиленген макулдашуу кесиптик жогорку билим берүүнүн жана илимий иштин сапатын жогорулатууга, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, анын ичинде Кыргызстанда долбоордук кубаттуулугу 15 000 билим алуучу студентке Кыргыз-Россия Славян университетинин кампусун курууга, объектти заманбап материалдык-техникалык жабдуулар менен камсыз кылууга; объекттерди долбоорлоо, куруу, көзөмөлдөө, каржылоо жана пайдаланууга берүү бөлүгүндө тараптардын аракеттерин координациялоо үчүн аталган университеттин заманбап билим берүү, илимий жана социалдык инфраструктурасын түзүүгө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Прокурордук чаралардын негизинде 2025-жылы мамлекетке 34,8 млрд сомдон ашык зыян кайтарылган

Прокурордук чаралардын негизинде 2025-жылы мамлекетке 34,8 млрд сомдон ашык зыян кайтарылган

Бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Максат Асаналиев прокуратура органдарынын 2025-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчетун берди. Анын айтымында, өткөн жылы өлкө боюнча 25 миңге жакын мыйзам бузуулар аныкталып, аларды жоюу жана болтурбоо үчүн 12 миңден ашык прокурордук чара көрүлгөн. Натыйжада 570 кылмыш иши козголуп, сотко 771 доо арыз жөнөтүлгөн.

Бишкекте 280 орундуу бала бакча капиталдык оңдоодон өтүүдө

Бишкекте 280 орундуу бала бакча капиталдык оңдоодон өтүүдө

Бишкек шаарынын Коммунаров көчөсү, 93 дарегинде жайгашкан 280 орунга ылайыкталган бала бакчаны капиталдык оңдоо иштери уланууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Имараттын жалпы аянты 2304,8 чарчы метрди түзсө, жер тилкесинин аянты 0,79 гектарды түзөт. Эки кабаттан турган бала бакча заманбап талаптарга ылайык жаңыланып жатат. Долбоорго ылайык, биринчи кабатта 6

Үч айда транспорттук көзөмөлдөн бюджетке 70 млн сомго жакын каражат түштү

Үч айда транспорттук көзөмөлдөн бюджетке 70 млн сомго жакын каражат түштү

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Транспорт департаменти тарабынан 2026-жылдын биринчи үч айында транспорттук көзөмөл иштери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, транспорттук көзөмөл пункттарында жана станциялык курулмаларда жүргүнчү жана жүк ташуучу жалпы 189 396 автоунаа текшерилген. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында транспорттук мыйзамдардын талаптарын бузуу фактылары боюнча 2 609 протокол

Арсланбаптын жапайы алмасынан уксус өндүргөн ишкер – Мыктыбек Сабиров

Арсланбаптын жапайы алмасынан уксус өндүргөн ишкер – Мыктыбек Сабиров

Жалал-Абад облусунун Манас шаарынан чыккан жаш ишкер Мыктыбек Сабиров жапайы алмадан уксус өндүрүп, чакан идеяны ийгиликтүү бизнеске айланткан. Эколог адистигине карабай өзүнө ылайык жумуш таба албаган ал тобокелге барып, табигый продукция чыгарууну тандаган. Бүгүнкү күндө анын өндүрүшү өлкө аймагына тарап, экспортко чыгуу алдында турат. Бул маекте ишкер уксус бизнесин кантип