Менчиктештирүү жөнүндө жаңы мыйзам долбоору парламентке киргизилди

Менчиктештирүү жөнүндө жаңы мыйзам долбоору парламентке киргизилди

Жогорку Кеңешке мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнү масштабдуу реформалоо тууралуу мыйзам долбоору киргизилди. Документ мамлекеттик активдерди сатуу механизмдерин түп-тамырынан өзгөртүүнү жана инвесторлор үчүн жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүнү сунуштайт. Демилгечи — Министрлер кабинети.

Долбоорго ылайык, мыйзамдардан буга чейин колдонулуп келген бир катар менчиктештирүү ыкмалары алынып салынат. Атап айтканда, конкурс аркылуу сатуу, ошондой эле мүлктү ижарага же башкарууга берүү жана кийин сатып алуу мүмкүнчүлүгү каралган схемалар жоюлат — бул механизмдер коррупциялык тобокелдиктерге дуушар болуп, иш жүзүндө дээрлик колдонулбай калган.

Ошол эле учурда жаңы модель киргизилет — негизги басым ачык аукциондорго жана процессти санариптештирүүгө жасалат.

Алдыдагы соодалар тууралуу маалымат расмий интернет-ресурстарда жана мамлекеттик кызматтар порталында кеминде 30 күн мурда, ал эми стратегиялык объекттер боюнча 90 күн мурда жарыяланышы керек. Соодалардын жыйынтыктары да ачык түрдө жарыяланууга тийиш.

Дагы бир маанилүү өзгөрүү — менчиктештирүү боюнча ведомстволор аралык комиссиялар жоюлат. Алардын функциялары баалоочу уюмдарга өткөрүлүп берилет, бул бюрократияны кыскартып, келишимдерди тездетүүгө тийиш.

Мыйзам долбоору ошондой эле мамлекеттик мүлктү бөлүп төлөө (рассрочка) менен сатууга мүмкүнчүлүк берет. Бул учурда баштапкы төлөм кеминде 50% болушу керек, ал эми төлөө мөөнөтү бир жылдан ашпоого тийиш.

Өзүнчө стратегиялык объекттерге көзөмөл күчөтүлөт: аларды сатуу Жогорку Кенештин макулдугу менен гана мүмкүн болот.

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт

Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт

Президент Садыр Жапаров фермерлер үчүн айыл чарба насыяларынын пайыздык ченин 6%дан 3%га чейин төмөндөтүүнү тапшырды. Бул тапшырма Араван районунун тургундары менен жолугушууда айтылды. Жолугушуунун катышуучуларынын бири өзүн райборбордон (Аравандан) 200 км алыстыкта жайгашкан Кичи-Алай айылынын тургуну катары тааныштырып, айыл чарбасына жеңилдетилген насыяларды берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну суранды. Анын

Бишкекте жылуулук түйүндөрүн оңдоо иштери башталат: кайсы көчөлөр жабылат?

Бишкекте жылуулук түйүндөрүн оңдоо иштери башталат: кайсы көчөлөр жабылат?

Борбор калаада 15-апрелден тарта Шабдан Баатыр көчөсү жана Фрунзе көчөсү тилкелеринде жылуулук тармактарын реконструкциялоо башталарын муниципалдык "Бишкекжылуулук тармактары" ишканасы билдирди. Анын маалыматына ылайык, Шабдан Баатыр көчөсүнүн түштүк тарабы — Курманжан Датка көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейин, ошондой эле Фрунзе көчөсүнүн Тыныстанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат. Шабдан Баатыр

Жеке мектеп, бала бакча куруучуларга 2 гектарга чейин жер бекер берилет – Садыр Жапаров

Жеке мектеп, бала бакча куруучуларга 2 гектарга чейин жер бекер берилет – Садыр Жапаров

Мамлекет жеке менчик бала бакчаларды жана мектептерди куруу үчүн жер бөлүп берүүгө даяр экенин президент Садыр Жапаров 11-апрелде Ош облусунун Араван району тургундары менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, кимде-ким бала бакча же мектеп курууну кааласа, жер акысыз берилет: район борборлорунда, чакан шаарларда, облустук борборлордо, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында.

Башкы прокуратурада 1,5 млн архивдик материалдар санариптештирилет

Башкы прокуратурада 1,5 млн архивдик материалдар санариптештирилет

Кыргызстанда сот актыларын мажбурлап аткаруу системасын реформалоонун алкагында "Аткаруу өндүрүшү" автоматташтырылган системасы иштелип чыкканын Башкы прокуратуранын отчетунда айтылат. Система процесстерди санариптештирүүгө, ачык-айкындуулукту жогорулатууга жана көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган. Учурда ал тесттик режимде иштеп жатат. Ошондой эле акыркы жылдары топтолгон болжол менен 1,5 млн архивдик материалды инвентаризациялоо жана санариптештирүүгө