Жеке мектеп, бала бакча куруучуларга 2 гектарга чейин жер бекер берилет – Садыр Жапаров
Мамлекет жеке менчик бала бакчаларды жана мектептерди куруу үчүн жер бөлүп берүүгө даяр экенин президент Садыр Жапаров 11-апрелде Ош облусунун Араван району тургундары менен жолугушууда билдирди.
Анын айтымында, кимде-ким бала бакча же мектеп курууну кааласа, жер акысыз берилет: район борборлорунда, чакан шаарларда, облустук борборлордо, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында.
"Бишкек менен Ошто да акысыз беребиз. Мектеп же бала бакчанын көлөмүнө жараша 1ден 2 гектарга чейин жер берилет.
Анткени биз мектептерди керектөөнү толук жаба тургандай ылдамдыкта кура албай жатабыз. Жыл сайын бала бакчага жана мектепке барган балдардын саны өсүүдө. Бизге жылына 20–30 мектеп, кээде 50–60 мектеп куруу керек болуп жатат. Ошондуктан биз жеке секторду тартуудабыз. Жеке бала бакчаларга жана жеке мектептерге жерди акысыз беребиз", — деди ал.
Президент жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, жер бөлүп берүүдөн баш тартпоону өтүндү.
"Айрым мектептерде азыр бир класста 40–45 окуучу окуп жатат. Бул маселени чечишибиз керек. Кайсы райондордо жетишсиздик болсо, жер таап, бөлүп бергиле: 50 сотых же 1 гектар. Курушсун, жеке мекеме катары иштеп, балдарды окутушсун", — деди ал.