Эсептик чендин көтөрүлүшү жөнөкөй жарандарга кандай таасир этет?

Эсептик чендин көтөрүлүшү жөнөкөй жарандарга кандай таасир этет?

Кыргызстанда эки жыл мурда базалык чендин деңгээли азыркы көрсөткүчтөн кыйла төмөн болгон. 2022-жылдын ноябрь айынан баштап эсептик чен 13%ды түзөт. Негизги чендин көтөрүлүшү карапайым жарандардын жашоосуна кандай таасир этерин экономист Искендер Шаршеев айтып берди.

Улуттук банктын маалыматына ылайык, Кыргызстанда акыркы төрт жылда эсептик чен үч эсеге өстү. Бул мезгил ичиндеги минималдуу маани 2019-жылдын 26-ноябрынан 2020-жылдын февралына чейинки чен — 4.25% болгон. 2020-жылдын февралынан 2021-жылдын январына чейин кайра каржылоо чени 5% деңгээлинде сакталып клди. Андан кийин жыл ичинде эсептик чен бир нече жолу өзгөрүп турду: 2021-жылдын апрель айында Улуттук банк аны 6.5%, ошол жылдын июлунда 7.5%га чейин көтөргөн. Ал эми декабрда — 8%га чейин жеткен болчу.

Андан ары 2022-жылы Улуттук банктын негизги чени февраль айында 8.5%, 1-мартта дароо 10%ды, ал эми 10-мартта андан да жогору болуп 14%га чейин көтөрүлгөн. Ал эми 2022-жылдын 28-ноябрында гана регулятор эсептик ченди 13%га чейин төмөндөтүү чечимин кабыл алып, учурда ошол бойдон сакталууда.

Эсептик ченди эмнеге көтөрүшөт?

Экономист Искендер Шаршеевдин айтымында, Улуттук банктын эсептик ченди көтөрүшүнүн көптөгөн себептери болушу мүмкүн. Өлкөнүн башкы банкы аны төмөнкү учурларда көтөрө алат, эгерде:

  • Эгерде өлкөнүн экономикасы туруксуз темпте өнүгүп жатса, бул экономикалык дисбаланска алып келбеши үчүн, ашыкча карыз алууну жана чыгашаларды азайтуу үчүн жасалат.
  • Эгерде өлкө учурдагы операциялык эсептин туруктуу тартыштыгына туш болсо же төлөм балансынын начарлашына дуушар болсо, эсептик ченди көтөрүү чет элдик капиталды тартууга жана өлкөнүн тышкы абалын жакшыртууга жардам берет.
  • Эгерде улуттук валютанын курсу олуттуу арзандаса, эсептик ченди жогорулатуу өз салымдарынан көбүрөөк киреше алууну көздөгөн чет элдик инвесторлорду тартууга көмөктөшөт.
  • Глобалдык пайыздык чендердин өзгөрүшү же ири борбордук банктар жүргүзгөн акча-кредит саясаты сыяктуу тышкы факторлор ченди көтөрүү чечимине таасир этиши мүмкүн.
"Менин оюмча, биздин кырдаалда көйгөй инфляцияда жана төлөм балансында болуп жатат", — дейт эксперт.

Эсептик чендин көтөрүлүшү карапайым жарандарга кандай таасир этет?

Негизги чендин жогорулашы карапайым жарандар үчүн бир катар кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

  • Улуттук банк эсептик ченди көтөрүү менен сомдун наркын көтөрөт, жыйынтыгында, коммерциялык банктар да пайыздарын көтөрүүгө аргасыз болот. Жөнөкөй тил менен айтканда, сомдун баркы көтөрүлүп, элдерге акча кымбаттайт. Акчага жетүү кыйындап баштайт.
  • Бул насыяларды, ипотекалык кредиттерди жана кредиттик карталардын карызын кымбаттатып, карыз алуу чыгымдарынын жогорулашына алып келет. Бул жеке адамдардын жана ишканалардын кредитке жетүү мүмкүнчүлүгүн чектеп, алардын чыгымдоосуна жана инвестициялык чечимдерине таасир этет.
  • Сактоочулардын жана депозиттер боюнча пайыздык чендердин жогору болушу — салымдарынан көбүрөөк киреше алган инвесторлорго пайда алып келиши мүмкүн.
  • Керектөөчүнүн чыгашаларына да таасир этет. Карыз алуу боюнча жогорку чыгымдар колдогу кирешени азайтат жана сатып алуу жөндөмүнүн төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн.
"Андан тышкары, эсептик ченди көтөрүү экономикага кыйыр таасир этет, экономикалык өсүүнү жайлатып, жумуш орундарын кыскартып, көтөрүлүп жаткан айлык акынын өсүүсүн жайлатат. Үстөк пайызы жөнгө салынуучу насыя же ипотекасы бар үй-бүлөлөр ай сайын төлөнүүчү төлөмдөрдүн көбөйүшүнө дуушар болушу мүмкүн, бул үй чарбаларынын бюджетине оорчулук келтирет», деди Искендер Шаршеев.


Эсептик ченди төмөндөтүү мүмкүнчүлүктөрү барбы?

Эсептик ченди көтөрүү, албетте, көптөгөн көйгөйлөрдү жаратат. Бирок азыркы экономикалык шарттарда КР Улуттук банкынын койгон ченин төмөндөтүү мүмкүн эмес. Искендер Шаршеев мунун эки себебин атады:

  • Эгерде инфляциянын өсүшүнө байланыштуу кооптонуулар болсо, эсептик чендин төмөндөшү экономикадагы ликвиддүүлүктү жогорулатуу аркылуу инфляциялык басымды дагы күчөтүшү мүмкүн.
  • Эгерде экономика толук кубаттуулукта иштеп жатса же ашыкча карыз алуу сыяктуу чыгашаларга дуушар болсо, эсептик чендин төмөндөшү кредиттик экспансиянын туруксуз деңгээлине алып келиши мүмкүн жана экономикалык дисбалансты жаратышы мүмкүн.

Эсептик чен кандай иштейт

Улуттук банк кредиттик ресурстардын банктар аралык рыногунда эң ири "оюнчу" болуу менен коммерциялык банктардан эсептик чен боюнча карыз алууга ар дайым даяр. Коммерциялык банктардан акча карыз алуу Улуттук банктын ноталары деп аталган баалуу кагаздарды сатуу аркылуу ишке ашырылат.

Ошол эле учурда рынокто башка катышуучулар да бар – булар 23 коммерциялык банктар. Банктар аралык рыноктун катышуучулары эки топко бөлүнөт: биринчиси, Улуттук банк сыяктуу эле, кредитке акча алууга даяр; экинчи бөлүгү болсо, аларга берүүгө даяр болгондор. Улуттук банк эсептик ченди көтөрүү боюнча буга чейин себептерин айтып келген.

Өткөн жылдын башынан бери этап-этабы менен жүргүзүлүп жаткан эсептик чендин жогорулашы – коммерциялык банктарга калктын сом менен депозиттери боюнча чендерди жогорулатууга мүмкүндүк берип, элди көбүрөөк үнөмдөөгө жана ошого жараша керектөөгө азыраак сарптоого түрткү берди. Мындай көрүнүш керектөөчү элдин товарларга суроо-талабын азайтып, өлкөдө баалардын өсүшүн кармап турууга жардам берет», – дейт УБ.

Экономика

«Кыргызиндустриянын» жетекчилиги Ош облусундагы  ишканалардын иши менен таанышты

«Кыргызиндустриянын» жетекчилиги Ош облусундагы ишканалардын иши менен таанышты

«Кыргызиндустрия» ААКнун президенти Жарасул Абдураимов иш сапарынын алкагында  «Жемишкампа» ААКнун, «Кыргызтообалык» жаңы балык чарбасынын ишмердүүлүгү жана минералдык жер семирткичтерди чыгаруучу

Дагы Экономика

Бизнес

2023-жылы салык кызматы дээрлик 140 миң бөтөлкө алкоголдук продукцияны тартып алды

2023-жылы салык кызматы дээрлик 140 миң бөтөлкө алкоголдук продукцияны тартып алды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери 2023-жылы рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө мыйзамсыз жүгүртүүдөн 138 652 бөтөлкө алкоголь тартып алды. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Дагы Бизнес

Бийлик

Дагы Бийлик

Коом

Чүйдө бир күндө эки бала бакча ачылды

Чүйдө бир күндө эки бала бакча ачылды

Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Джумагазиев Маловодное жана Төрт - Көл айылдарындагы бала бакчаларынын ачылышына катышты. Бул тууралуу

Чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктарга консулдук кызматтар сервистик борборлор аркылуу жүргүзүлөт

Чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктарга консулдук кызматтар сервистик борборлор аркылуу жүргүзүлөт

Чет өлкөлөрдөгү мекемелери тарабынан чет өлкөлөрдө жайгашкан сервистик борборлор аркылуу мамлекеттик (консулдук) кызматтарды көрсөтүү боюнча пилоттук долбоор (2024-жылдын 1-мартынан 2025-жылдын

Дагы Коом

Гранттар жана кредиттер

Швейцариялык Bartholet Swiss Бишкекте аркан жол системасын куруп берүүгө жардам берет

Швейцариялык Bartholet Swiss Бишкекте аркан жол системасын куруп берүүгө жардам берет

Швейцариянын Флумус шаарында 2024-жылдын 30-январында Bartholet Swiss компаниясынын штаб-квартирасында Бишкектин мэри Айбек Джунушалиев менен ишкананы ээси жана президенти Роланд Бартолеттин

Корея Оштун өрткө каршы-куткаруу бөлүгүн курулушун каржылап берди

Корея Оштун өрткө каршы-куткаруу бөлүгүн курулушун каржылап берди

Ош шаардык башкармалыгына караштуу №85 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн жаңы салынган имараты ачылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. Ачылган имарат жаңы авариялык-куткаруу

Дагы Гранттар жана кредиттер

Энергетика

Дагы Энергетика

Транспорт

Таласта кызматкерлер жол куруу учурунда мамлекетке 7 млн сом зыян келтиришкен

Таласта кызматкерлер жол куруу учурунда мамлекетке 7 млн сом зыян келтиришкен

"Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын Талас филиалынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Келтирилген

Күйүүчү-майлоочу майлардын запасы жетиштүү — Экономика министрлиги

Күйүүчү-майлоочу майлардын запасы жетиштүү — Экономика министрлиги

Кыргызстандын күйүүчү-майлоочу майлар рыногунда баалардын абалы туруктуу. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ведомствонун маалыматына ылайык, 2024-жылдын 8-январына

Дагы Транспорт

Бизнес маек

Биржанын туура тандалган бизнес-модели колдонуучулардын каражаттарын сактап калат –эксперт криптотармагы тууралуу айтып берет

Биржанын туура тандалган бизнес-модели колдонуучулардын каражаттарын сактап калат –эксперт криптотармагы тууралуу айтып берет

Дээрлик бир жыл мурун крипто индустриясы катуу кризисти башынан өткөргөн. FTX крипто биржасы кыйрагандан кийин криптовалюталардын курсу жана колдонуучулардын ишеним

Кыргызстанда бут кийим чыгаруу тармагы өнүксө дейм — "Таазим" брендинин негиздөөчүсү Нурсултан Муратов

Кыргызстанда бут кийим чыгаруу тармагы өнүксө дейм — "Таазим" брендинин негиздөөчүсү Нурсултан Муратов

ИШКЕР MEDIA аймактардагы чакан бизнести ар дайым колдоп, алардын ийгилиги менен көйгөйлөрүн чагылдырууну улантат. Бул жолу колго бут кийим тигүү

Кыргыздын кол өнөрчүлүгү аябай бай — шырдактарды жалаң чет өлкөгө саткан ишкер Мансур Абылаев

Кыргыздын кол өнөрчүлүгү аябай бай — шырдактарды жалаң чет өлкөгө саткан ишкер Мансур Абылаев

Kyrgyz Handmade деп чыккан көз жоосун алган шырдактарды, улуттук буюмдарды алгач сайтынан көрүп суктанып жүрдүк. Анткени сапаты, кооздугу, оймолору чынында

Мамлекет оюндун эрежелерин эле так белгилеп койсо таланттуу ишкерлер көбөйөт — ЖИАнын жетекчиси Аззамбек Жээнбай уулу

Мамлекет оюндун эрежелерин эле так белгилеп койсо таланттуу ишкерлер көбөйөт — ЖИАнын жетекчиси Аззамбек Жээнбай уулу

2006-жылы прогрессивдүү ишкерлердин демилгеси менен түзүлүп, бардык облустарда кеңселерин ачып, учурда Кыргызстанда орто жана чакан бизнестин миңдеген өкүлүнүн башын бириктирип,

Дагы Бизнес маек

Кызыктуулар

Кыргызстанга Казакстандан жараксыз документтер менен 22 тонна беде үрөнүн алып келүүгө аракет кылышкан

Кыргызстанга Казакстандан жараксыз документтер менен 22 тонна беде үрөнүн алып келүүгө аракет кылышкан

Кыргыз-казак чек арасындагы "Чалдовар" көзөмөл-өткөрүү пунктуна жакын жерде Айыл чарба министрлигинин кызматкерлери Казакстандан Кыргызстанга беде үрөнүн ташып келүүдө

Дагы Кызыктуулар

Абдан жакшы! Сиз ийгиликтүү катталдыңыз.

Кайра кош келиңиз! Сиз ийгиликтүү кирдиңиз.

Сиз ИШКЕР MEDIA - Кыргыз тилиндеги биринчи улуттук бизнес сайты сайтына ийгиликтүү жазылдыңыз.

Ийгилик! Кирүү үчүн сыйкырдуу шилтеме үчүн электрондук почтаңызды текшериңиз.

Ийгилик! Төлөм маалыматыңыз жаңыртылды.

Эсебиңиз жаңыртылган жок.