АКШга туристтик визаны кантип алса болот — гайд

АКШга туристтик визаны кантип алса болот — гайд

Америка Кошмо Штаттарына (АКШ) барууга Кыргызстандын жарандары виза алышы керек. Туристтик визага кантип кайрылуу керектиги тууралуу төмөнкү нускамадан окуңуз.

Иммиграциялык эмес визалар Америка Кошмо Штаттарына кыска мөөнөткө туризм, дарылануу, бизнес, убактылуу иштөө же окуу үчүн барууну каалаган башка өлкөлөрдүн жарандары үчүн каралган.

В категориясындагы көп жолку туристтик виза Кыргызстандын жарандарына 60 айга (беш жылга) берилет.

Иммиграциялык эмес визага арыз берип жатып, талапкер АКШда калууга ниети жок экенин далилдеши керек. Арыз ээси талаптарга жооп береби же жокпу деген чечимди консул кабыл алат, ал ар бир арыздын өзүнчө маанисин таразалайт.

1-кадам. Эл аралык паспортуңузду текшериңиз

  1. Паспортуңуз АКШга пландаштырылган сапарыңыздан кийин кеминде алты ай бою жарактуу болушу керек (мисалы, эгер сиз АКШга март айында бир ай саякаттоону пландап жатсаңыз, паспортуңуз жок дегенде октябрга чейин жарактуу болушу зарыл).
  2. Паспортуңузда "Виза" деген жери менен жок дегенде бир бош бет болушу керек.
  3. Сүрөтүңүздү текшериңиз.

Визага анкета үчүн санарип сүрөт талап кылынат. Эгер жүктөгөн сүрөтүңүз талапка жооп бербесе, анкетаны сүрөтсүз толтурууну уланта берсеңиз болот. Бирок бул учурда интервьюга сиз менен бирге талапка жооп берген сүрөттү алып келүү керек болот. Сүрөткө кызматкерлери ар кандай элчиликтердин талаптарынан кабардар болгон, сүрөттү электрондук жана басма түрүндө берген фотосалондо алдын ала түшүп алганыңыз жакшы.

Сүрөт 5x5 см өлчөмүндө, анфас, акыркы алты айда тартылган, түстүү, ак фондо гана болушу керек. Диний себептерден улам эгерде беттин өзгөчөлүктөрүн жаап-жашырбаса баш кийимдерди кийүүгө уруксат берилет. Көз айнек тагылган сүрөттөргө линзалар тунук, караңгылатылган эмес, чагылтуу эффектиси, көлөкөлөрү, көздү жашырган жээкчелери жок болгондо гана уруксат берилет.

Эгер сиз сүрөтүңүздү интервьюга дароо жүктөөнүн ордуна өзү менен алып барсаңыз, визаңыздын берилиши көбүрөөк убакыт талап кылынышы мүмкүн.

Көңүл буруңуз: Сиздин сүрөтүңүз жогоруда айтылган талаптарга жооп бербесе, бирок анкетаны толтурууда система тарабынан кабыл алынган болсо да, маектешүүдө кабыл алынбайт. Андыктан, Консулдук бөлүм компьютерден анкетага кошуп жүктөгөн болсоңуз да, жогоруда айтылган талаптарга жооп берген сүрөттү интервьюга алып келүүнү сунуштайт.

2-кадам. Анкетаны толтуруңуз жана элчиликте маектешүү үчүн жолугушууга жазылыңыз

АКШга иммиграциялык эмес визага түздөн-түз кайрылуу арыз толтуруу менен башталат. DS-160 формасын толтуруу оңой, бирок күмөн санасаңыз, жакшыраак билген досуңуздан же жакыныңыздан сурасаңыз болот. Бул бир жарым саатка жакын убакытты алат. Арызыңызды тапшыргандан кийин, интервьюну пландаштыруу сыяктуу кийинки кадамдарга өтө аласыз.

DS-160 формасын толтурууда кандай документтер болуш керек?

  • Эл аралык паспорт
  • Саякат маршруту, эгерде сиз буга чейин саякат уюштурган болсоңуз, сиз кала турган даректерди да билишиңиз керек
  • Эгерде мурда АКШга барган болсоңуз, акыркы беш сапарларыңыздын датасы. Ошондой эле сизден акыркы беш жылдагы эл аралык саякат тарыхыңызды берүү суралышы мүмкүн
  • Резюме же биографиялык маалыматтар. Сизден учурдагы жана мурунку билимиңиз жана иш тажрыйбаңыз тууралуу маалымат талап кылынышы мүмкүн
  • Башка маалыматтар. Кээ бир талапкерлерлерге саякат максатына жараша, DS-160 формасын толтурууда кошумча маалымат берүүсү талап кылынат.
Бардык суроолорго англис тилинде жооп беришиңиз керек болсо да, суроолордун котормолорун колдонмонун жогорку оң бурчундагы ачылуучу менюдан көптөгөн тилдерде көрүүгө болот. Бул котормолор форманы англис тилинде толтурууга жардам берет.

Анкетаны толтуруу боюнча көп берилүүчү суроолорго жоопторду бул жерден тапса болот

3-кадам. Белгиленген күнү жана саатында консулдук бөлүмгө келиңиз, документтерди тапшырыңыз, консулдук жыйымды төлөңүз жана консул менен маектешиңиз.

Консулдук жыйым 160 долларды турат. Консулдук жыйымды төлөө бир гана доллар менен же төлөм күнүндөгү курс боюнча сом менен кабыл алынат. Башкача айтканда, аны жарым-жартылай доллар, жарым-жартылай сом менен төлөө мүмкүн эмес — мисалы, 100 доллар жана 60 долларын сом менен болбойт.

4-кадам. Визалуу паспорт

Эгер маегиңиз бүтүп, визаңыз жактырылган болсо, аны жума же шаршемби күнү саат 14:30да ала аласыз. Төлөгөндүгү тууралуу квитанция менен консулдук бөлүмдүн кире беришине барышыңыз керек.

Виза алганга чейин саякатыңыз үчүн акча төлөбөй турганыңыз жакшы. Эгерде төлөп салып, бирок виза албай калсаңыз АКШ элчилигинин Консулдук бөлүмү эч кандай жоготуу үчүн жооптуу эмес.

Ошондой эле визанын мөөнөтү АКШга кире ала турган мезгилди билдирерин эске алыңыз. Ар бир киргенде АКШнын иммиграция офицерлери АКШда канча убакыт кала аларыңызды аныкташат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Түркиянын билим берүү тармагы талкууланды

Кыргызстан менен Түркиянын билим берүү тармагы талкууланды

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова Өзбекстанга болгон жумушчу сапарынын алкагында Түркиянын Жогорку билим берүү кеңешинин төрагасы Эрол Өзвар менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Алар илим жана билим берүү тармагындагы интеграцияны сапаттык жактан жаңы деңгээлге чыгарууга кызыкдар экендиктерин билдиришти. Билдирүүгө ылайык, тараптар жогорку

Ишкер Media
Кыргызстан менен Камбоджа кош салык салууну жоюу боюнча сүйлөштү

Кыргызстан менен Камбоджа кош салык салууну жоюу боюнча сүйлөштү

Кыргызстан менен Камбоджанын делегациялары кирешелерге кош салык салууну жоюу жана салык төлөөдөн качуунун алдын алуу боюнча макулдашуунун долбоорун талкуулашты. Бул тууралуу Экономика министрлиги маалымдады. Билдрирүүгө караганда, сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду 26–28-октябрь күндөрү видеоконференция форматында өттү. Анда тараптар салык салууга байланышкан негизги маселелерди карап, бир катар принципиалдуу жоболор боюнча макулдашууга

Ишкер Media
Оштогу таза суу маселеси: Еврация фонду 60 миллион доллар насыяны 20 жылдык мөөнөткө берүүдө

Оштогу таза суу маселеси: Еврация фонду 60 миллион доллар насыяны 20 жылдык мөөнөткө берүүдө

Бүгүн, 28-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасы менен Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Кыргыз Республикасынын Ош облусунун айылдагы калктуу конуштарын суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу” долбооруна каржылоо берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлайт. Жыйында

Ишкер Media
McDonald’s эмес, "Вкусно - и точка": Айыл чарба министрлиги маалыматты тактады

McDonald’s эмес, "Вкусно - и точка": Айыл чарба министрлиги маалыматты тактады

Кыргызстанга азык-түлүк жеткирүү пландары боюнча мурда айтылган McDonald’s ресторандар тармагынын ордуна Орусиянын "Вкусно - и точка" тармагы аталды. Бул тууралуу маалыматты Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги тактады. Министрликтин жаңыланган маалыматына ылайык, "РУЛОГ" компаниясы Burger King жана "Вкусно - и точка" ресторандар тармактары үчүн азык-түлүк

Ишкер Media