Индия электрондук виза алуу тартибин жеңилдетет: анкета 70%га кыскарат
Индия электрондук виза алуу үчүн толтурулуучу анкеталардагы милдеттүү маалыматтардын санын 65–70%га кыскартууну пландаштырууда. Жаңыланган формаларды 2026-жылдын аягына чейин киргизүү күтүлүүдө.
Бул тууралуу аталган өлкөнүн Ички иштер министрлигине шилтеме берүү менен Euronews жазып чыкты.
Учурда Индия визасына арыз берүүдө талапкерлерден бир топ кеңири маалымат талап кылынат. Мисалы, ата-энесинин азыркы жана мурдагы жарандыгы, акыркы 10 жылда барган өлкөлөрүнүн тизмесин жазып, Индиядагы байланыш адамы тууралуу кеңири маалымат бериши керектелет.
Ал эми жаңы өзгөртүүлөрдөн кийин анкетадагы милдеттүү талаалардын саны виза категориясына жараша 65–70%га азаят. Бирок кайсы маалыматтар алынып салынары азырынча так айтыла элек.
Билдирүүгө караганда, визалардын негизги категориялары 13төн 9га, ал эми кошумча категориялары 49дан 23кө кыскартылаары маалымдалды. Жаңы негизги категорияларга ишкердик, дипломатиялык, жумуш, журналисттик, медициналык, расмий, студенттик, визиттик жана башка визалар кирет.
Туристтик виза эми визиттик виза деп аталып, анын уруксат берилген максаттары кеңейтилет. Мисалы, 30 күндүк V-1 визасы туризмден тышкары ишкердик жолугушууларга, медициналык консультацияларга, кыска мөөнөттүү дарыланууга жана индия тилдерин, музыкасын, искусствосун үйрөнүү курстарына катышууга мүмкүнчүлүк берет.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу