27 жылдык жол: КЭР – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушуна эмне тоскоол болууда?

27 жылдык жол: КЭР – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушуна эмне тоскоол болууда?

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу боюнча стратегиялык долбоор ишке ашканы калды көрүнөт.

2022-жылдын сентябрында Самаркандда тараптар Кыргызстандын да аймагынан өткөн темир жолдун курулуш долбоору боюнча кызматташуу үчүн макулдашууга кол коюшкан. Ал эми 2023-жылдын май айында Садыр Жапаровдун Кытайга болгон иш сапарынын жана Сиань шаарында өткөн "Кытай – Борбор Азия" саммитинин жыйынтыгында бул транспорттук-логистикалык демилгени ишке ашыруу боюнча Жол картасы бекитилип, техникалык-экономикалык негиздеменин акыркы варианты жарыяланган.

Маалым болгондой, тараптар документтин техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууну жана биргелешип баа берүүнү аякташты. 2022-жылдын август айында темир жолду куруу варианттарын изилдөө үчүн Кытайдан инженерлердин тобу Кыргызстанга келип, КРда темир жолду долбоорлоо бюросу ачылган. Кийинки этапта Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад каттамындагы узундугу 450 чакырымдай жолдун курулушуна Ташкент жана Бишкек шаарлары экспертиза жүргүзөт.

Окурмандарга 27 жылдык тарыхы бар демилгени мүнөздөгөн негизги окуяларды эске салабыз.

Баары эмнеден башталган?

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу зарылдыгы биринчи жолу 1996-жылы КЭР Корла – Кашкар темир жолун куруу ниетин билдиргенде талкууланган. Бир жылдан кийин, 1997-жылы расмий Ташкент менен Бишкек Кашгар – Ош – Анжиян темир жол линиясын куруу боюнча меморандумга жана биргелешкен жумушчу комиссиянын биринчи отурумунун протоколуна кол коюшуп, бирок андан кийин долбоор дээрлик 25 жылдай токтоп калган. Чейрек кылымдан ашык убакыттан бери расмий Бишкек 18ден кем эмес ТЭН даярдаган.

Бул тышкы маршруттун кандай пайдасы бар?

КЭР – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу Чыгыш менен Батыштын аралыгын кыскартат, экономикалык байланышын күчөтөт (магистраль Кытайдан Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө баруучу жолду болжол менен 900 чакырымга кыскартат, транспорттук чыгымдарды азайтат жана жүктөрдү жеткирүү мөөнөтү болжол менен 7-8 күнгө кыскарат) жана евразиялык транспорт тармагынын түзүмүн өзгөртүү менен Бишкектин транспорттук потенциалын мезгил-мезгили менен саясий басымдын куралы катары пайдаланган Россия менен Казакстанга болгон көз карандылыгынан арылтат.

Долбоор Кыргызстанга Кытай менен соода-экономикалык байланыштарын чыңдоого, соода туңгуюгунан чыгууга жана эл аралык транспорт системасына интеграциялоого, ошондой эле Түштүк-Чыгыш жана Борбор Азия менен Европа өлкөлөрүн эң кыска аралыкта байланыштырууга мүмкүндүк берет.

Ошол эле учурда демилгени ишке ашыруу Кыргызстанга транспорттук-логистикалык инфраструктураны модернизациялоого, ата мекендик кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүгө, жаңы жолдорду, кампаларды курууга, КРда соода жана тейлөө тармагында жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет.

Орус-украин жаңжалы менен байланышкан кырдаалда эки өлкөнүн тирешүүсү созулуп кетсе, КЭР – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол линиясы бул чөлкөмдөгү оюнчуларга тобокелдиктерди азайтып, Транссибирь коридору жана  Россия – Казакстан – Кытай соода жолдоруна атаандаш боло алат.

Кыргызстандын бийлиги темир жолдун курулушунан жылына кеминде 200 млн доллар киреше күтүүдө.

Бирок эксперттердин баамында, Кыргызстан аркылуу өтүүчү темир жолдун эң чоң пайдасы Өзбекстанга тиет, ал толук кандуу транзиттик өлкөгө айланып, анын экспорттук-импорттук потенциалын жогорулатат. Ал эми Кытай "үчүнчү континенттик көпүрөнү" алып, мүмкүнчүлүктөрүн дагы да кеңейтет.

Кыргызстанда темир жолду курууга  эмне тоскоол болууда?

2023-жылдын башына чейин жолдун туурасы (Кыргызстанда 1520 мм, Кытайда 1435 мм) боюнча тараптар бир пикирге келе алышпай жүргөн. Башында Кытай КРнын аймагында өзүнүн стандартын колдонууну талап кылган. Бирок бул Бишкекке жаккан эмес. Орус темир жолунун өкүлү "РТЖ" ААК дагы кууш темир жолду колдонууга каршы болгон. Буга байланыштуу, алдын ала маалыматтар боюнча, тараптар төмөнкүлөрдү макулдашышты: Торугарттан Макмалга чейинки тилкеде контейнерлерди таразалоо жана сорттоо, вагондорду колеядан колеяга өткөрүү пунктун куруу пландаштырылууда, ал эми колеялардын туурасы 1435 мм, калган бөлүктө 1520 мм болушу керек.

Дагы бир тоскоол болгон нерсе (азыр деле болуп жатат) магистралдын курулушун каржылоо жана анын акыркы баа маселеси болууда.

Алгач тараптар 1.34 млрд доллар деп жатышкан, бирок 2022-жылдын декабрына карата КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров долбоорду 6 млрд долларга баалады. Белгилей кетсек, ошол эле жылдын ноябрында министрлер кабинетинин башчысы темир жолдун курулуш баасын 3-5 млрд долларга чейин болот деген болчу.

"Той" кимдин эсебинен өтөт?

Тилекке каршы, КР бийлиги каржылоо булактары, инвестиция тартуу варианттары жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин колдонуу боюнча маалымат бере элек.

Жакынкы убактарга чейин эле кыргыз тилкесин каржылоонун эки варианты болжолдонгон: биринчиси – Бишкек курулушка каражат бөлүүгө мамлекеттик кепилдик берилет, экинчиси – "Инвестициялардын ордуна ресурстар" долбоорунун алкагында республика темир жол трассасынын боюнда жайгашкан кендерди иштетүүгө өнөктөштөргө (Кытай тарабынан көрсөтүлгөн) уруксат бермек.

Биринчи вариант тышкы карыздын көптүгүнө байланыштуу, анын негизги бөлүгү Кытайга туура келет, бул жүйөлүү шектенүүлөрдү жаратат. Коомдун терс реакциясынан кийин өлкөдөгү нааразычылыктарды курчутпоо үчүн экинчи варианттан баш тартуу чечими кабыл алынган.

Биринчи этапта Кыргызстан курулуштун жалпы наркынын 20%, экинчисинде 10%, ал эми Өзбекстан 30%, үчүнчүдө Кытай 30%, төртүнчүдө ар бир тарап бирдей үлүштө салым кошууга милдеттүү.

Калыстык үчүн айта кетчү нерсе, буга чейин Европа жана Азия өнүктүрүү банктары сыяктуу ири эл аралык каржы институттары, ошондой эле Россия, Катар жана башка кээ бир өлкөлөр каржылоого катышуу сунушун киргизишкен.

Россия каршы болбойбу?

Россия Федерациясы, КЭР – КР – ӨР темир жолун куруу Транссибирь транспорт коридору жана Россия – Казакстан – Кытай магистралына атаандаш болоорун түшүнүп, мамлекет катары долбоорго салкын мамиле кылып жаткан. Бирок расмий Бишкек Кремлди ынандыра алды окшойт.

«Биз бул жолду курууга 20 жылдан бери аракет кылып келебиз. Ага чейин эч ким Россияга бул жол бизге суудай керек экенин чындап түшүндүргөн эмес. Жакында ЖККУнун саммитинде мен Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жарым саат ушул теманы талкууладык. Россиянын президенти бул жол бизге канчалык керек экенин түшүнүп, каршы эмеспиз деген позициясын билдирди», – деп билдирген Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2022-жылдын май айында.

Автожолдун курулушу экологияга коркунуч келтиреби?

ТЭНдин алдын ала маалыматтары көрсөткөндөй, тандалган маршрутка карабастан анын айлана-чөйрөгө тийгизген таасири кыйла олуттуу болот, анткени тоолуу рельефке жана дарыялардын нугуна таасир этүүчү көпүрөлөрдү жана башка инженердик курулуштарды куруу зарыл, бул флора жана фауна дүйнөсүнө кесепеттерин тийгизиши мүмкүн.

Климаттын өзгөрүүсү жана экология темалары боюнча эксперт Владимир Гребнев The Third Pole басылмасына темир жолдун айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизүү потенциалы абдан жогору  экенин, андыктан эл аралык мыйзамдарда каралган экологиялык таасирди баалоо процедурасы коомчулукту жана тиешелүү консультацияларды тартуу менен жүргүзүлүшү керектигин белгилеген.

Белгилүү эколог Гамал Сооронкулов өз кезегинде жардыруу иштери жана оор техникалардын иштеши экологияга зыян алып келерин четке каккан жок. Анын пикиринде, айрым аймактардагы темир жол дагы жакынкы тоо-кендерин иштетүүнүн булагы болуп калышы мүмкүн экенин, бул дагы жаратылышка терс таасирин тийгизерин айтат. Эксперт ошондуктан чоң демилгени ишке ашырып жаткан учурда экологияны коргоо боюнча сөзсүз түрдө параллелдүү долбоорду караштыруу керектигин баса белгиледи.

Read more

«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду спорт тармагына 41.5 млн сом жумшады

«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду спорт тармагына 41.5 млн сом жумшады

«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду 2016-жылдан бери Талас облусунда дене тарбия жана спортту колдоого багытталган 98 долбоор үчүн 41.5 млн сом жумшаса, акыркы бир жыл аралыгында 8.7 млн сом каражат жумшалып 12 долбоор ишке ашкан. Бул тууралуу «Альянс Алтын» тоо кен ишканасы билдирди. Алардын бири, 2024-жылдын 24-июлунда «Альянс Алтын»

«Альянс Алтын» Олимпиадага бара турган Талас облусунан чыккан спортчуларга колдоо көрсөттү

«Альянс Алтын» Олимпиадага бара турган Талас облусунан чыккан спортчуларга колдоо көрсөттү

«Альянс Алтын» компаниясы Талас облусунан чыккан 2024-жылы Париждеги Олимпиада оюндары менен Дүйнө чемпионатына бара турган Кыргызстандын курамасынын мүчөлөрүнө колдоо көрсөттү. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди. Чоң мелдешке жолдомо алган спортчуларга 100 миң сомдон акчалай сыйлык жана спорттук кийим тапшырылды. Олимп оюндарына жолдомо алган Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Үзүр

«Альянс Алтын» май айында бюджетке рекорддук суммадагы салык төлөдү

«Альянс Алтын» май айында бюджетке рекорддук суммадагы салык төлөдү

2015-жылдан 2024-жылдын май айына чейин «Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандын бюджетине 18.6 млрд сом салык төлөдү. Алардын ичинен 2024-жылдын май айында 927.4 млн сом төлөнүп, бул акыркы үч жыл ичиндеги айларга салыштырмалуу эң чоң салык төлөмү болду. Мындан тышкары, 2021-жылдын апрелинен 2024-жылдын май айына чейин компания «Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны

«Алтын тамга» артыкчылык аттестат ээлерине «Альянс Алтын» ноутбук тапшырды

«Алтын тамга» артыкчылык аттестат ээлерине «Альянс Алтын» ноутбук тапшырды

«Альянс Алтын», 30-майда президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө 2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгы менен облус аймагында «Алтын тамга» артыкчылык аттестаттына ээ болгон окуучулар сыйлоо аземи болуп өттү. Бул тууралуу «Альянс Алтын» ишканасынын маалымат кызматы билдирди. Такталгандай, президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов, «Альянс Алтын» өнүктүрүү фондунун жетекчиси Баатыр Качкынбаевдин