Wildberries Кыргызстанда өндүрүшүн ачса, кыргыз тигүүчүлөрүнө конкуренция болот — Рысгүл Акимжанова

Wildberries Кыргызстанда өндүрүшүн ачса, кыргыз тигүүчүлөрүнө конкуренция болот — Рысгүл Акимжанова

"Бай Элим" компаниясынын негиздөөчүсү, ишкер Рысгүл Акимжанова Wildberries компаниясынын директору Татьяна Бакальчуктун Кыргызстанга келүү максаты жөнүндө өз пикирин айтты. Эскерте кетсек, Бакальчук 23-июнда Бишкекте өткөн E-comkg 2023 форумуна катышууга келген эле жана ал министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен инвестициялык долбоорлорду да талкуулаган.

Төмөндө кыргызстандык ишкер Рысгүл Акимжанованын Wildberries Кыргызстанда өндүрүшүн ачса кандай болоору тууралуу пикирин түз беребиз.

"Кыргызстандын тарыхында "Made in Kyrgyzstan" маркасын көтөрүп, эң чоң көлөм менен экспортто өзүнүн ордун тапкан бирден бир продукт — бул тигүү тармагы. Чек ара көйгөйү турса да, бизде чийки зат жоктугуна, аны Кытай, Түркия, Өзбекстандан ташып келгендерине карабай, мамлекет тараптан колдоо болбосо да, биздин жеңил өнөр жай тармагы экспортто жана экономикада өтө чоң секирик жасады.

Азыркы убактагы тикмечилердин жетишсиздиги, бул өндүрүштүн чоң масштабга чыгып, чоңойгонунан кабар берет. Бул жактан жеңил өнөр жайчыларга туруп кол чаап, баш ийип таазим кыла турган жердебиз. Бир да жолу жеңил өнөр жайы үчүн мамлекет тарабынан колдоо программасы иштелип чыккан жок. Ушул кыйынчылыкка карабай, сырттагы рынокто өзүнүн ордун таап, аны бекемдеп алганынын сырлары эмнеде? Сыры — сапатында! А бул сапат жылдар бою маңдай тер менен сүртүлгөн тажрыйба аркылуу келген. Ар бир тигүүчүлөр азаматсыздар! Ошончо кыйынчылыкка карабай, азыр тикмечилер Wildberries маркет плейске түзмө-түз чыгып иштеп, алардын өзүнө түз конкурент жаратып, алардын көзүн кызартып турган чагы.

Wildberries келсе 20 га жер берилип, ага инвестиция тартылат дешти. Кол чаап сүйүндүк. Мейли жер беришсин, тигүү заводун ачсын, бирок ага биздин жарандар иштейт деген кепилдик барбы? Ал жерге Бангладештен арзан миңдеген тигүүчүлөрдү алып келип, чийки затты арзан, оптом сырттан алып кирип, чоң көлөмдө кийим тигип, аны жеңилдетилген жолдор менен Wildberries өзү сатса, анда биздин швейниктер бул конкуренцияга чыдай алышпай, чекесинен банкрот болоору турган иш.
Мен, мисалы, Wildberries тараптан өзүнүн сатуу платформасын кыргыз өндүрүшчүлөрү үчүн жеңилдетебиз деген позициясын көрбөдүм, демек, биздин тигүүчүлөргө кайра конкуренция түзүп, аларды соода аянтча рыногунан сүрүп чыгуу үчүн Wildberries кирүү, жеткирүү жана төлөө жолдорун татаалдатат.

Андан көрө ошол 20 га жерди биздин легпромдогу ишкерлерге бөлүп берип, аларга жеңилдетилген кредит берилсе, биздин өндүрүшчүлөр бир жылдын ичинде өздөрү эле ошол Вайлдберристин көлөмүнө чыгышмак. Пайданын (маржа) баары Кыргызстанда калмак. Бир нече жумушчу орун түзүшмөк. Бир чоң монополист "игрокко" эмес, бири-бирине жана кошуна өлкөлөрдүн өндүрүшүнө конкуренция болгондуктан, тигүү тармагы мындан да көбүрөөк өнүкмөк. А өкмөттүн бул жердеги чоң ролу, ошол Wildberriesке кирүү, сатуу жолдорун жеңилдетип, биздин ишкерлерге саткан акысын төлөө убактысын кыскартып жана жеңилдете турган жолдорун сүйлөшүп бериш керек. Логистикасын жөнгө салып, чек ара маселесин чечүү керек. Мындай позициядан жергиликтүү өндүрүшчүлөр да, логисттер да, банк системасы да өнүкмөк.

Wildberries келсин, бирок өндүрүшчү катары эмес, өзүнүн сатуу платформасын ачып, сатуу базары катары келсин. Ички рыноктогу өндүрүүчүлөрдүн өндүрүшүн сырттан келген товарлар басып койбоо үчүн ички рынокту коргоо саясаты күчтүү болушу керек. Бул саясат өлкөнүн өнүгүү кызыкчылыгын эң биринчи орунга коет", — дейт Акимжанова өзүнүн Facebook баракчасындагы билдирүүсүндө.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 97 пайызга жакын объектилерге жылуулук берилди

Бишкекте 97 пайызга жакын объектилерге жылуулук берилди

"Бишкекжылуулукэнерго" муниципалдык ишканасынын отканаларынан жылуулук алган объектилердин 97 пайызга жакыны жылуулукка кошулду. Бишкек мэриясы билдиргендей, учурда абоненттерди жылуулук менен камсыздоо системасына кошуу иштерин улантылууда. Бүгүн саат 10:00гө карата отканаларды ишке киргизүү жана объектилерди жылуулук менен камсыздоо көрсөткүчтөрү төмөнкүдөй болду: * Отканаларды ишке киргизүү — 99%; * Саламаттык сактоо мекемелери — 100%

Ишкер Media
Баткенде 791 кг мөмө-жемишти мыйзамсыз түшүрүү фактысы аныкталды

Баткенде 791 кг мөмө-жемишти мыйзамсыз түшүрүү фактысы аныкталды

Баткен облусунун Айдаркен шаарында бажы транзитинин эрежелерин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдиришти. Маалыматка ылайык, 28-октябрда бажы кызматкерлери Өзбекстандын жараны башкарып бара жаткан Daewoo Damas үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Билдирүүгө караганда, унаада Өзбекстандан Кыргызстандын аймагы аркылуу Сох анклавына транзит менен жеткирилүүгө тийиш болгон жалпы салмагы 791 кг

Ишкер Media
Ош облусунда мыйзамсыз кум-шагыл казгандарга айып салынды

Ош облусунда мыйзамсыз кум-шагыл казгандарга айып салынды

Ош облусунда мыйзамсыз кум-шагыл казуу фактылары аныкталып, жалпы 60 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, Кара-Суу районундагы Папан суу сактагычында жүргүзүлгөн рейд учурунда уруксат документтери жок кум-шагыл казуу фактысы аныкталып, 20 миң сом айып салынган. Ошондой

Ишкер Media
Эмгек министрлиги мигранттарды реинтеграциялоону талкуулады

Эмгек министрлиги мигранттарды реинтеграциялоону талкуулады

29-октябрда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, жолугушууга Эл аралык жеке ишкердик борборунун (CIPE) Европа жана Евразия боюнча директору Наталия Оцел Белан жана АКШ Мамдепартаментинин өкүлү Адам Тибо катышты. Тараптар 2026-2030-жылдарга кайтып келген

Ишкер Media