Асман шаарын ойлоп тапкан адамга алты актуалдуу суроо

Асман шаарын ойлоп тапкан адамга алты актуалдуу суроо

Ысык-Көл облусунда Асман экошаарынын курулушу башталды. Долбоордун курулушуна капсула салуу салтанаттуу аземине президент Садыр Жапаров катышты.

Асман шаары Кыргызстандагы эң амбициялуу жана кызуу талкууга алынган инвестициялык долбоорлордун бири, бул тууралуу 1.5 жыл мурун айтыла баштаганы менен, биринчи "экологиялык таза" шаар долбоорунун чындап ишке ашарынан көпчүлүк күмөн санашкан эле. Анткени Асман шаарын курууга ТЭНдин негизинде 20 млрд доллар инвестиция керек.

Учурда долбоор старт алды. Бул долбоор канчалык реалдуу, инвесторлор ким болот жана курулушу качан бүтөрү тууралуу долбоордун автору, Асман экошаарынын мамлекеттик дирекциясынын жетекчиси Руслан Акматалиев Economist.kg басылмасына берген маегинде айтып берди.

— Асман шаары кандай болот, жалпы айтып берсеңиз?

— Асман — бул инновациялык идеялар жана заманбап технологиялар экологиялык туруктуулук жана жашоонун жогорку сапаты менен айкалышкан келечектин шаары. Шаардын бардык инфраструктурасы курчап турган чөйрөгө терс таасирин минималдаштыруучу алдыңкы технологияларды колдонуу менен салынат. Кайра жаралуучу энергия булактарын колдонуудан жашыл мейкиндиктерди жана калдыктарды башкаруунун тең салмактуу системасын түзгөн Асман башка шаарлар үчүн экологиялык жоопкерчиликтин үлгүсү болууга умтулат.

Асман шаарынын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — анын технологиялык инфраструктурасы. Заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу менен шаар турмушунун бардык аспектилери интеграцияланат. Акылдуу үйлөр жана акылдуу шаардык транспорт Асман тургундарына ыңгайлуулукту камсыздайт.

— Асман канча адамга ылайыкталган?

— Шаардын аянты 4015 гектарды түзүп, шаарда 500дөн 700 миңге чейин адам жашай алат. Ысык-Көл районундагы Тору-Айгыр айыл өкмөтү менен Чырпыкты айылынын ортосунда жайгашкан жерге куруу пландалууда.

— Инвестор тууралуу маселе көпкө каралды, жыйынтыгында кимдер инвестор боло турган болушту?

— Кыргызстан Кореянын Promise Land компаниясы менен 1 млрд доллардан ашык суммага келишим түздү. Компания акылдуу шаарларды жана ушул сыяктуу экодолбоорлорду курууга адистешкен. Корей тарап долбоорду 10 миллиардга чейин каржылоого даяр, бирок куру сөз болуп калбоо үчүн адегенде 1 миллиарддан ашык сумманы, андан кийин гана калган инвестицияны расмий жарыялоону чечишти.

— Инвесторлор инвестицияны кантип кайтарып алууну пландашууда?

— Инвесторлор шаардагы батирлерди сатуу менен акчасын кайтарып алышат. Бирок ошол эле учурда кореялык компания каражатты реинвестициялоону, башкача айтканда, түшкөн каражатты Кыргызстандагы жаңы долбоорлорду инвестициялоого багыттай турганын билдирди. Алар тик өскөн күнөсканалар, түтүнсүз калдыктарды кайра иштетүүчү ишканаларды, таштандыларды бөлүп чыгаруучу, электр энергиясы жана суутек менен камсыз кылуучу заводдор сыяктуу долбоорлорду карап жатышат. Мындан тышкары, ичүүчү суунун экологиялык тазалыгына барабар жабык типтеги тазалоочу жайлар жана башка көптөгөн жашыл долбоорлор каралууда.

— Шаардын архитектуралык бөлүгү менен ким алектенет?

— Биз дүйнөнүн алдыңкы 10 архитектуралык компаниясына кат менен кайрылдык. Учурда япониялык Nikken Sekkei компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Өз кезегинде жапондор коммерциялык сунуш берип, долбоор канча убакытка созулаарын жана канча каражат кетерин көрсөтүштү. Сүйлөшүүлөр ийгиликтүү болсо, анда бул компания келечектеги шаардын чиймелерин тартат.

— Асман шаарынын курулушу качан бүтөт?

— Шаар болжол менен 7-8 жылдын ичинде курулат. Долбоор төрт этапка бөлүнгөн. Биринчи этап жакынкы айларда башталат. Бирок долбоордун курулушун бир нече инвесторлорго берели деп жатабыз, учурда онго жакын инвесторду карап жатабыз. Ошондо курулуш алда канча ылдам жүрөт.

Жогоруда айткандай, биз буга чейин бир компания менен келишим түздүк, июль айынын орто ченинде башка кореялык инвесторлор келип, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн шаардын инфраструктуралык бөлүгү менен алектенишмекчи.

Мындан тышкары окуңуз

"Жашыл шаар" сынагынын бюджетин 10 млн сомго чейин көбөйтүү пландалууда

"Жашыл шаар" сынагынын бюджетин 10 млн сомго чейин көбөйтүү пландалууда

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык "Жашыл шаар" сынагында биринчи орунду ээлеген объектилерге барып, жеңүүчүлөргө акчалай сертификаттарды тапшырды. Мэриянын басма сөз кызматы маалымдагандай, жеңүүчүлөргө 200 миң сомдук акчалай сертификаттар тапшырылды. Алар: * Токтоналиев көчөсү, 26 дарегинде жайгашкан "Тулпар" турак жай ээлеринин шериктештиги (ТСЖ) "Эң мыкты жашыл

Ишкер Media
Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сары-Булуң айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен маалымдады. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, мектептин курулуш иштери 2025-жылдын май айында башталган. Маалыматка ылайык, объекттин жалпы наркы 117 миллион сомду түзөт. Мектептин имараты эки кабаттан туруп, жалпы аянты 1871 чарчы метр.

Ишкер Media
Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

28-ноябрда Бишкектеги "Ырыс Ордо" конгресс-холлунда "Жаратман МУУН" келечектеги кесиптердин форум-көргөзмөсү өтөт. Илим министрлиги кабарлагандай, форумга студенттер, жаш адистер, билим берүү уюмдары, иш берүүчүлөр, мамлекеттик органдардын жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышат. Катышуучулар билим берүү программалары, гранттар жана стипендиялар, бош жумуш орундары жана стажировкалар,

Ишкер Media
Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Акыркы жылдары милиция кызматкерлеринин айлык маяналары эки эсеге жогорулатылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктаганда билдирди. Анын айтымында, акыркы төрт жылда ИИМдин автопаркы 95 пайызга жаңыланган. "Бардык талаптарга жооп берген автоунаалар, күжүрмөн аскердик техникалар алынып, пайдаланууга берилди, 200дөн ашуун ар кандай

Ишкер Media