Б.Төрөбаев: Азыр ным топтобосок – жазында түшүм аз болот

Б.Төрөбаев: Азыр ным топтобосок – жазында түшүм аз болот

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев дыйкандарды жана фермерлерди күздүк талаа жумуштарына өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Министрдин айтымында, өлкөдө 1 млн 250 миң гектар айдоо жер бар, анын 800 миң гектары — сугат, 400 миң гектары — кайракы жерлер. Бирок күзгө карата жүргүзүлө турган иштер азыр өтө жай жүрүүдө.

Сугат жерлердин ичинен 62,2 миң гектарда гана күздүк айдоо жана себүү иштери аткарылган. Ным топтоо — болгону 16 миң гектарда жүргүзүлгөн. Жалпы 800 миң гектардын 78 миң гектары гана иштелип, бул 10%дан аз. Кайракы 400 миң гектардын 75 миң гектарында гана иштер жүргүзүлгөн — 18%. Министр бул көрсөткүчтөрдү өтө төмөн жана кооптуу деп баалады.

Бакыт Төрөбаев климаттык шарттардын туруксуздугуна токтолуп, мындай деди: "Жазында жаан-чачын аз болушу мүмкүн. Кар да аз жаашы ыктымал. Андай болсо суу тартыштыгы күчөйт. Азыр ным топтобосок — жазында түшүм аз болот".

Министр дыйкандарды кайракы жерлерде ным топтоо, тоңдурма айдоо жана майда арыктар аркылуу сууну кармоо иштерин тездетүүгө чакырды.

"Урматтуу дыйкандар! Күздүк талаа жумуштарына жакшылап көңүл бургула! Эртең кеч болуп калышы мүмкүн. Кыштагы ным — жаздагы түшүм", - деп кайрылды министр.

Мындан тышкары окуңуз

Төө ашуу жана Өтмөк ашууларында кар жаады

Төө ашуу жана Өтмөк ашууларында кар жаады

13-октябрга караган түнү Төө-Ашуу жана Өтмөк ашууларында кар жаады. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, буга байланыштуу жолдорго өз убагында кум-туз аралашмасын чачуу иштери жүргүзүлдү. Аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу ашуулардын айрым тилкелеринде жол кыймылы жайлап, айдоочулардын унааларын жайкы дөңгөлөктөр менен башкаруусунан улам ашууларда майда тыгындар жаралды. "Айдоочулардан

Ишкер Media
6 жылдын ичинде бажы төлөмдөрүнүн түшүүлөрү болжол менен 7,4 эсе өстү

6 жылдын ичинде бажы төлөмдөрүнүн түшүүлөрү болжол менен 7,4 эсе өстү

6 жылдын ичинде бажы төлөмдөрүнүн түшүүлөрү болжол менен 7,4 эсе өстү - 2020-жылы 21,3 млрд сомдон, 2025-жылдын жыйынтыгы менен 158 млрд сомду түздү. Ал эми ушул жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен 138, 9 млрд сом чогултулду. Бул бажылык администрациялоону модернизациялоонун негизги натыйжаларынын бири гана. Мындай билдирүүнү Бажы

Ишкер Media
Ысык-Көлдөн 2 миң метр эски тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн 2 миң метр эски тор чыгарылды

Ысык-Көлдүн акваториясын тазалоо боюнча кезектеги рейд өттү. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл башкармалыгы Орто-Өрүктү, Кичи-Өрүктү жана Дархан-Тосор айылдарынын аймактарында текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, рейддин жүрүшүндө Орто-Өрүктү жана Кичи-Өрүктү айылдарынан 700 метр эски синтетикалык тор жана 20 кг

Ишкер Media
"Дордойдо" салыктык түшүүлөр 1,5 млрд сомго жетти

"Дордойдо" салыктык түшүүлөр 1,5 млрд сомго жетти

Жогорку Кеңеште салык мыйзамдарына өзгөртүүлөр боюнча коомдук талкуу өттү. Анда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков базарлардагы салык реформасынын жыйынтыгына токтолду. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Анын айтымында, салык чогултуу милдети базар администрацияларына жүктөлгөндөн кийин "Дордой" базарында түшүүлөр кескин көбөйгөн. "Администрация жоопкерчиликти алганга чейин салыктык

Ишкер Media