Асман шаарын ойлоп тапкан адамга алты актуалдуу суроо

Асман шаарын ойлоп тапкан адамга алты актуалдуу суроо

Ысык-Көл облусунда Асман экошаарынын курулушу башталды. Долбоордун курулушуна капсула салуу салтанаттуу аземине президент Садыр Жапаров катышты.

Асман шаары Кыргызстандагы эң амбициялуу жана кызуу талкууга алынган инвестициялык долбоорлордун бири, бул тууралуу 1.5 жыл мурун айтыла баштаганы менен, биринчи "экологиялык таза" шаар долбоорунун чындап ишке ашарынан көпчүлүк күмөн санашкан эле. Анткени Асман шаарын курууга ТЭНдин негизинде 20 млрд доллар инвестиция керек.

Учурда долбоор старт алды. Бул долбоор канчалык реалдуу, инвесторлор ким болот жана курулушу качан бүтөрү тууралуу долбоордун автору, Асман экошаарынын мамлекеттик дирекциясынын жетекчиси Руслан Акматалиев Economist.kg басылмасына берген маегинде айтып берди.

— Асман шаары кандай болот, жалпы айтып берсеңиз?

— Асман — бул инновациялык идеялар жана заманбап технологиялар экологиялык туруктуулук жана жашоонун жогорку сапаты менен айкалышкан келечектин шаары. Шаардын бардык инфраструктурасы курчап турган чөйрөгө терс таасирин минималдаштыруучу алдыңкы технологияларды колдонуу менен салынат. Кайра жаралуучу энергия булактарын колдонуудан жашыл мейкиндиктерди жана калдыктарды башкаруунун тең салмактуу системасын түзгөн Асман башка шаарлар үчүн экологиялык жоопкерчиликтин үлгүсү болууга умтулат.

Асман шаарынын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — анын технологиялык инфраструктурасы. Заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу менен шаар турмушунун бардык аспектилери интеграцияланат. Акылдуу үйлөр жана акылдуу шаардык транспорт Асман тургундарына ыңгайлуулукту камсыздайт.

— Асман канча адамга ылайыкталган?

— Шаардын аянты 4015 гектарды түзүп, шаарда 500дөн 700 миңге чейин адам жашай алат. Ысык-Көл районундагы Тору-Айгыр айыл өкмөтү менен Чырпыкты айылынын ортосунда жайгашкан жерге куруу пландалууда.

— Инвестор тууралуу маселе көпкө каралды, жыйынтыгында кимдер инвестор боло турган болушту?

— Кыргызстан Кореянын Promise Land компаниясы менен 1 млрд доллардан ашык суммага келишим түздү. Компания акылдуу шаарларды жана ушул сыяктуу экодолбоорлорду курууга адистешкен. Корей тарап долбоорду 10 миллиардга чейин каржылоого даяр, бирок куру сөз болуп калбоо үчүн адегенде 1 миллиарддан ашык сумманы, андан кийин гана калган инвестицияны расмий жарыялоону чечишти.

— Инвесторлор инвестицияны кантип кайтарып алууну пландашууда?

— Инвесторлор шаардагы батирлерди сатуу менен акчасын кайтарып алышат. Бирок ошол эле учурда кореялык компания каражатты реинвестициялоону, башкача айтканда, түшкөн каражатты Кыргызстандагы жаңы долбоорлорду инвестициялоого багыттай турганын билдирди. Алар тик өскөн күнөсканалар, түтүнсүз калдыктарды кайра иштетүүчү ишканаларды, таштандыларды бөлүп чыгаруучу, электр энергиясы жана суутек менен камсыз кылуучу заводдор сыяктуу долбоорлорду карап жатышат. Мындан тышкары, ичүүчү суунун экологиялык тазалыгына барабар жабык типтеги тазалоочу жайлар жана башка көптөгөн жашыл долбоорлор каралууда.

— Шаардын архитектуралык бөлүгү менен ким алектенет?

— Биз дүйнөнүн алдыңкы 10 архитектуралык компаниясына кат менен кайрылдык. Учурда япониялык Nikken Sekkei компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Өз кезегинде жапондор коммерциялык сунуш берип, долбоор канча убакытка созулаарын жана канча каражат кетерин көрсөтүштү. Сүйлөшүүлөр ийгиликтүү болсо, анда бул компания келечектеги шаардын чиймелерин тартат.

— Асман шаарынын курулушу качан бүтөт?

— Шаар болжол менен 7-8 жылдын ичинде курулат. Долбоор төрт этапка бөлүнгөн. Биринчи этап жакынкы айларда башталат. Бирок долбоордун курулушун бир нече инвесторлорго берели деп жатабыз, учурда онго жакын инвесторду карап жатабыз. Ошондо курулуш алда канча ылдам жүрөт.

Жогоруда айткандай, биз буга чейин бир компания менен келишим түздүк, июль айынын орто ченинде башка кореялык инвесторлор келип, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн шаардын инфраструктуралык бөлүгү менен алектенишмекчи.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 140 миңден ашуун адам кредит алууга  чектөө киргизди

Кыргызстанда 140 миңден ашуун адам кредит алууга чектөө киргизди

2025-жылдын 1-ноябрынан 2026-жылдын 16-январына чейин "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу насыя алууга өзүнө өзү тыюу салуу кызматына 140 миң 264 жаран кошулганын Улуттук банктын басма сөз кызматы кабарлады. Өзүнө өзү тыюу салуу механизми насыяларды мыйзамсыз алуу жана алдамчылык операцияларын азайтуу максатында ишке киргизилген. Жарандар бул чектөөнү мамлекеттик электрондук кызматтар

ЮНЕСКО Кыргызстандын маданий долбоорлорун колдоорун билдирди

ЮНЕСКО Кыргызстандын маданий долбоорлорун колдоорун билдирди

Париж шаарында Кыргызстандын ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү Садык Шер-Нияз ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолукканын ТИМден билдиришти. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө уюмдун артыкчылыктуу багыттарын ишке ашырууга жигердүү салым кошуу максатында Кыргызстан ЮНЕСКОнун жетекчи органы болуп саналган Аткаруу кеңешинин мүчөлүгүнө өз талапкерлигин сунуштап, 2025-2029-жылдарга шайлангандыгы белгиленди. Өз кезегинде ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани

Ысык-Көлдөн 400 метрлик мыйзамсыз тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн 400 метрлик мыйзамсыз тор чыгарылды

Ысык-Көлдүн түбүнөн 400 метрлик мыйзамсыз балык тору чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдирди. Бүгүн Ысык-Көлдүн акваториясында министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан рейд өткөрүлдү. Рейд учурунда узундугу 400 метр болгон эски кытай синтетикалык балык тору аныкталып, көлдөн чыгарылды. Иш-чаранын

Бийлик ашыкча чыгымдарга катуу чектөөлөрдү киргизүүнү сунуштады

Бийлик ашыкча чыгымдарга катуу чектөөлөрдү киргизүүнү сунуштады

Министрлер кабинети жарандардын ашыкча чыгымдарын кыскартуу жана салттуу иш-чаралардагы социалдык басымды азайтуу максатында "Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана аза күтүү жөрөлгөлөрүн тартипке салуу жөнүндө" токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Негизги сунуштар: * Үйлөнүү тойлорго жана үй-бүлөлүк салтанаттарга 200 адамдан ашык чакырууга болбойт, ошондой эле бир гана жылкы же уй союуга уруксат