SWIFT чектөөлөрү же орус акчасынын айынан КРнын банк сектору кантип катаал көзөмөлгө алынды

SWIFT чектөөлөрү же орус акчасынын айынан КРнын банк сектору кантип катаал көзөмөлгө алынды

КРнын банк сектору тобокелчиликке кабылганы турат, тагыраак айтканда, учурда SWIFT системасындагы ар кандай төлөмдөр 20-25 күнгө чейин "тоңуп калуу" коркунучуна дуушар болууда. Economist.kg басылмасынын булактарынын маалыматына караганда, эгерде Батыштын каржылык жөнгө салуучу органдарынын талаптары сакталбаса, Түркия менен Түштүк Кореядагы корреспондент-банктар Кыргызстандагы банктардын төлөмдөрүнүн бул түрүнө чектөө киргизиши мүмкүн.

Эмне үчүн мындай кырдаал түзүлүүдө? КРда шектүү акча которууларды жасаган жана Россиядагы "серый импортту" колдоо аракетинин артынан республиканы катаал санкцияларга дуушар кыла турган банктар барбы? Кененирээк төмөнкү талдоодон окуңуз.

Россия & Кыргызстан: орун алмашты

Россия менен Украинанын ортосундагы чыр-чатактан улам РФнын ири банктары SWIFT системасы аркылуу валюта которуу мүмкүнчүлүгүн жоготуп, санкциялык тизмеге түшүп калышты. Кырдаал Кыргызстандагы банктардын ишмердүүлүгүнө да түздөн-түз таасирин тийгизди, анткени алар 2022-жылдын февралына чейин россиялык финансы-кредиттик мекемелеринин (ФКУ) корреспонденттик эсептери аркылуу SWIFT которууларды ишке ашырып келишкен. Кыргызстандын дээрлик ар бир банкынын "Сбербанк", "Транскапиталбанк" сыяктуу банктарда корреспонденттик эсептери болгон.

КРнын россиялык банктар менен тыгыз иштешүүсү Бишкектин транзакцияларына жакшы жардам берчү, анын аркасында SWIFT төлөмдөрү Россия аркылуу 1-2 күндүн ичинде өтчү. Бирок 2022-жылдын февраль айында ролдор алмашып калды: Россияга каршы санкциялардын киргизилиши менен ошол эле "Сбербанктын" жана башка россиялык финансы институттарынын кардарлары КРнын банктарына корреспонденттик ностро эсептерди ачуу үчүн кайрыла башташты.

Кыргызстандын банктарынын колунда транс-чекаралык долларлык SWIFT төлөмдөр линиясы аркылуу өз ара аракеттенүүнүн эки альтернативдик инструменти болгон: ал корреспонденттик эсептер түркиялык Aktif Bank жана Түштүк Кореянын Kookmin Bank мекемелеринде болгон. Бул финансы-кредиттик мекемелерде КРнын дээрлик бардык банктарынын эсептери болгон.

Натыйжада, РФга жеткирүүчү компаниялар транзакция схемасын кайрадан калыбына келтиришти, ал эми КРнын банктары 2022-жылы транзиттик операциялардан рекорддук кирешелерди алышты – SWIFT-төлөм трафиги болжол менен 10 эсеге өстү. Кыргызстандын трансчек ара төлөмдөрү боюнча статистиканын кескин өсүшү Батыштын шектенүүлөрүн жаратты. Анын ичинде Борбордук Азия кошулган SWIFT системасынын негизги свитчи жайгашкан Бельгия да бар.

Кыргызстан SWIFT-төлөмдөрүндө кыйынчылыкка дуушар болуп жатабы?

Economist.kg булактарынын маалыматы боюнча, батыштагы регуляторлордун сунушу менен 2023-жылдан тарта Aktif Bank Кыргызстандан SWIFT-которууларды жарым-жартылай чектей баштаган, россиялыктардын аты-жөнү жана паспорттук маалыматтарына байланыштуу транзакцияларды деталдуу текшерүү талаптарын киргизген. Мындан тышкары, Түркия да мындай транзакцияларга өтө кылдаттык менен мамиле кылууну талап кыла баштаган.

Альтернативдик жолдорду издеп, КРнын банктары доллар эсеби боюнча төлөмдөрдү жүргүзө ала турган негизги каржы институтуна айланган Kookmin Bank аркылуу массалык түрдө акча которууларды жүргүзө башташты. Бирок 2023-жылдын биринчи кварталында схема иштебей калды.

Булактардын айтымында, биринчи коңгуроо үстүбүздөгү жылдын март айында Kookmin Bank РФга доллар менен операцияларды жүргүзүүгө чектөө киргизгени болду. Айтмакчы, дал ушул мезгилде MBANK өзүнүн расмий сайтында "АКШ, Евробиримдик жана Улуу Британиянын бир катар россиялык банктарына санкция киргизгендигине байланыштуу, 2023-жылдын 1-мартынан тартып Россия Федерациясына SWIFT которууларды жөнөтүү орус рублинде гана жеткиликтүү" деп жарыялаган. MBANK жаңы MT103 STP форматын колдонуу менен SWIFT аркылуу доллар которууларды жүргүзүүнү улантууда.

Чындыгында, Kookmin Bank КРнын бардык банк тармагына биринчи эскертүү берип, Бишкекке эл аралык финансы институттарынын талаптарын аткаруу зарылдыгын эскерткен. Economist.kg сайтынын маалыматы боюнча, Россиянын аймагына акча которууларга тыюу салуу боюнча жалпы дүйнөлүк талаптарга ылайык, РФнын бардык төлөмдөрүн катуу текшерүү талабы менен Батыш финансы институттары тарабынан КРнын дээрлик бардык коммерциялык банктарына эскертүү берилген. Алардын арасында өлкөнүн мамлекеттик банктарынын бири болгон "Бакай Банк" жана башка каржы мекемелери бар эле. Маанилүүсү, эгер ата мекендик финансы-кредиттик мекемелер бул талаптарды этибарга албаса, 2023-жылдын жай айынын аягына чейин КРнын банктарынын басымдуу көпчүлүгүнө SWIFT которуулары боюнча чектөөлөр киргизилиши ыктымал.

"Бүгүн MBANKта кандай? Анын долларлык корэсептери бар, алар SWIFT аркылуу төлөмдөрдү жүргүзөт, бирок Kookmin Bank аркылуу транзакциянын убактысы узагыраак созулат, – деп билдирди КРнын Электрондук коммерция ассоциациясынын Төлөм системалары боюнча комитетинин төрагасы Тимур Сарыбаев Economist.kg сайтына берген маегинде. – Мурда эгерде россиялык контрагенттер менен иштеген ата мекендик компаниялар келишимдерди, ЭТТНди жана салыктык кыймылдарды көрсөтүү менен SWIFT төлөмдөрүн коркпостон жүргүзүшкөн болсо, азыр мындай которуулар токтотулуп, Kookmin тарабынан 20-25 күнгө каралып калуу коркунучу бар. Буга байланыштуу Кыргызстандын банктары SWIFT акча которуу куралын жоготуп албаш үчүн акча каражаттарынын кирип чыгышын текшерип турууга аргасыз. Ал эми "россиялык куйрук" кылтыйса эле, төлөм бөгөттөлүп, эсептин ачылган тарыхы, уюштуруу документтери, каражаттын булагы ж.б.у.с. жеке каралат".

Айтмакчы, MBANK өзү Economist.kg сайтынын суроосуна жооп берип жатып, уюмдун Европа жана Азиядагы бир катар чет элдик банктарды камтыган корреспондент-банктардын кеңири тармагы бар экенин, бул негизги валюталарда которууларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берерин баса белгиледи.

"Учурда MBANK SWIFT системасы аркылуу чектөөсүз, кадимки режимде, анын ичинде Kookmin банкынын корреспонденттик банкы аркылуу которууларды жүргүзөт", деп белгиледи банктын басма сөз кызматы.

Ошол эле учурда Улуттук банк өлкөнүн банктарына кандайдыр бир чектөөлөр киргизилгендиги тууралуу маалыматты тастыктаган жок.

"Кыргызстандагы коммерциялык банктарга Батыш өлкөлөрү тарабынан эч кандай санкциялар жана чектөөлөр киргизилген эмес. SWIFT сервистик бюросунун үзгүлтүксүз иштеши боюнча да мүчүлүштүктөр болгон жок. Мындан тышкары, SWIFTтен үзгүлтүксүз пайда болгон кибер коркунучтардын алкагында SWIFT-интерфейстерин, инструменттерин жана программалык камсыздоосун бекемдөө максатында ар бир квартал сайын коопсуздук боюнча жаңыртуулары жарыяланып турат", деп билдирди Улуттук банктын коомчулук менен байланыш бөлүмү.

КРнын банктарына жана алардын кардарларына кандай тобокелдиктер бар?

Тимур Сарыбаевдин айтымында, кандайдыр бир чектөөлөр расмий түрдө четке кагылганына карабастан, Кыргызстанда банктар аркылуу операцияларды ишке ашырган компаниялар SWIFT системасындагы жагдайларды "арбитраждык" кароону талап кылган SWIFT-төлөмдөрүнө бөгөт коюуга дагы эле туш болушат. Арбитраж өзүнчө төлөнөт жана ар бир кырдаалды кароо 30 евро турат.

"Кытай, БАЭ же Европа өлкөлөрү менен иштешип жаткан кыргызстандыктардын, мисалы, уюлдук телефондорду импорттоодо SWIFT-которууларын жасоодо көйгөйлөрү жок. Бирок, Kookmin Bank тарабынан "россиялык из" табылса, бизнесмендер транзакцияларынын мыйзамдуулугун дайыма далилдеп турушу керек болот. Мында комиссияларды төлөө иши товарлардын транзитине негизделген КРнын ишкерлери үчүн баш ооруга айланат. Ооба, Кыргызстандын банктары россиялык банктар менен өз ара аракеттенүү рычагдарына ээ, анын ичинде Россия тарабынан SWIFTге каршы иштелип чыккан каржылык билдирүү системасы (СПФС) турат. Бирок, СПФС панацея эмес. Кандай болбосун, SWIFT чек ара төлөмдөрүнүн негизги инструменти бойдон калууда. Ал эми Kookmin Bank КРдагы банктардын акча которуулары боюнча каражаттардын кирип чыгуусуна толук текшерүү жүргүзгөндүктөн, азыркы кырдаалда Кыргызстан Россияга санкцияларды айланып өтүүгө жардам берген өлкө катары кабыл алынууда. Натыйжада, атамекендик финансы институттарына карата өнөктөштөр тарабынан текшерүүлөр күчөп, жеткирүүнүн сапаты жана которуунун мөөнөтү начарлоодо", – деп баса белгиледи Сарыбаев.

Economist.kg сайтынын редакциясы Россиядан трансчек аралык төлөмдөрдүн трафигинин көбөйүшүнө жана ага каршы киргизилген санкцияларга байланыштуу карапайым кыргызстандыктар сезген SWIFT которуулардан баш тартуу учурлары көбөйгөнүн аныктады. Атап айтканда, SWIFT системасы аркылуу төлөө мекендештер үчүн чыныгы квест болуп калды, мисалы, дрондор же акылдуу үй системалары үчүн батареялар, анткени алар санкцияланган товарлардын тизмесине киргизилген.

Төлөмдү талдоодо корреспондент банк чоо-жайын изилдеп убара болбойт, тагыраак айтканда, бул оюнчук дронбу, өнөр жайдыкыбы же аскердикиби аны териштирип отурбайт, акча которууну жөн гана четке кагат. Мындай жагдайлар кыргызстандыктарды криптовалюта сыяктуу жаңы төлөм инструменттерин колдонууга мажбурлайт. КР программалык камсыздоону жана IT кызматтарын жигердүү сатып алып жаткан Украина менен да финансылык кызматташууда кыйынчылыктар жаралууда. Натыйжада, согуштук аракеттер жүрүп жаткан өлкөгө SWIFT төлөмдөрүн жеткирүү кыйындайт.

Эмне үчүн Кыргызстандын АКШда түз корэсептери жок?

Эгерде 2000-жылдардын аягында АКШнын Федералдык Кызматтары Азия Универсал Банкынын айланасындагы ишке байланыштуу КРнын банктары үчүн штаттардагы эсептерди жаппаса, азыр Кыргызстандын Kookmin сыяктуу ортомчу банктар менен иштешүү зарылдыгы келип чыкмак эмес. Кыргызстан өзүнүн иш-аракеттери менен өзүн "кара тизмеге" киргизип алды, Өзбекстан сыяктуу АКШда түз корреспонденттик эсептерди ачуу жана "тирүү" доллар менен иштөө мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.

Эске салсак, расмий Бишкек 2023-жылдын апрель айында КР менен АКШнын ортосундагы жыл сайын өтүүчү эки тараптуу консультациялардын алкагында ТИМ аркылуу дагы бир жолу өлкөнүн каржы институттарына америкалык банктарда корреспонденттик эсептерди ачууга уруксат берүү өтүнүчү менен кайрылган. Бирок Вашингтон тарабынан азырынча эч кандай кадам жасала элек.

Ошондой эле негативдүү рейтинг же тажрыйба БАЭ, Кытай жана Европа өлкөлөрүнүн алдыңкы корреспондент-банктары менен өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө жол бербей турганын түшүнүү керек. Бирок Кыргызстан буга жигердүү кызыгуу көрсөтүп жатат. Кошумча өнөктөштүк мамилелерди түзүүдөн тараптар кандай пайда табаарын элестетип көргүлө: банк сектору кардар базасын кеңейте алмак, КРнын бизнес-коомчулугу өз ара аракеттенүүнү күчөтүп, трансчек аралык төлөмдөрдү оптималдаштырмак, ал эми өлкө бийлиги туруктуу экономикалык өсүштү көрсөтмөк. Тилекке каршы, биздин карамагыбызда жалгыз Kookmin Bank бар жана ал менен натыйжалуу иштерге жетишүү мүмкүн эмес.

Репутация акчадан жогору турат

Жогорудагы тобокелчиликтерге карабастан, Кыргызстандын банктарынын айрым кардарлары дагы эле Россия менен өз ара аракеттенүү үчүн эсеп ачууга аракет кылып жатышат. Бирок, КРнын банк сектору SWIFT системасына кирүү мүмкүнчүлүгүн жоготуп алуу коркунучун түшүнүп, өзүнүн аброюн сактап калууга аракет кылып, "россиялык" эсептерди ачуудан баш тартууда.

Атап айтканда, жакында эле "Бакай Банк" санкциялык талаптарды сактоо саясатын катуу кармай баштады, анын консультанттары кардарларга SWIFT транзакцияларына мониторинг жүргүзүү жана шектүү контрагенттер менен иштөөдөн баш тартуу жөнүндө эскертип жатат. Батыш регуляторлорунун талаптарын "Оптима Банк" да аткарууда, РФ менен өз ара иштешүүгө аракеттенген кардарлардын арыздары да кабыл алынбай жатат.

"Ак тизмеде" иштеген банктар курал-жарак жана башка "коркунучтуу" товарлар менен операцияларды жүргүзүү тобокелдигин да жокко чыгарышты. Ал эми Кыргызстандын расмий органдары тарабынан, б.а. Коргоо министрлигинин, ИИМ жана УКМКнын муктаждыктары үчүн ок-дарыларды, учактарды, курал-жарактарды ж.б. сатып алуу боюнча бүтүмдөрдүн жогоруда аталган темага тиешеси жок.

Ошол эле учурда кыргызстандык банктарда Россияга дагы эле төлөмдөрдү жүргүзүп жаткан кызматтардын тизмеси бар. Алардын арасында – программалык камсыздоону, тиричилик техникасын, транспорт каражаттарын, курулуш материалдарын, жыгач жана күйүүчү-майлоочу материалдарды алуу бар.

"Европа менен АКШ бул жагдайды адекваттуу баалап, Кыргызстан үчүн Россияга бул товарлар жана кызматтар үчүн төлөө маанилүү экенин түшүнүшөт. Ошол себептүү биз азырынча экинчи даражадагы санкцияларга дуушар болгон өлкөлөрдүн тизмесине кире элекпиз", дейт КРнын Электрондук коммерция ассоциациясынын өкүлү Тимур Сарыбаев.

Кантип "кара тизмеге" кирип калбаш керек?

2023-жылы Бишкекте КРнын банк секторунун өкүлдөрү батыштык эксперттер менен жолугушууга катышып, Россия менен өз ара аракеттенүү боюнча позициясын айтышкан. Диалогдун жүрүшүндө банкирлер Кыргызстандын ФКУ өзүнүн максаттуу аудиториясы деп РФнын ишкерлерин эмес, Россияда иштөөгө аргасыз болгон 1.5 млн эмгек мигранттарды эсептерин белгилешкен. Бул категориядагы жарандар бизнести өнүктүрүүгө, соодага, курулушка, жеңил өнөр жайга инвестиция салып, КР үчүн инвесторго айланышкан. Буга байланыштуу республиканын банк секторунун өкүлдөрү Кыргызстан үчүн SWIFT жана СПФС сыяктуу инструменттерди колдонуу өтө маанилүү экенин белгилешти. Натыйжада, батыштык өнөктөштөр ата мекендик ФКУлардын позициясына жана Бишкектин мекендештери менен өз ара аракеттенүү каалоосуна түшүнүү менен мамиле кылышкан.

Анын ордуна Батыш КРнын банктарынан эмнени талап кылды? Бардык акча которууларды толук текшерүү, учурдагы санкцияларды колдоо жана боз схемалар, санкцияларды алып салуу аракеттери менен күрөшүү. АКШ, Европа жана Улуу Британиянын жөнгө салуучу органдарынын эксперттеринин айтымында, эгерде бул сунуштар, анын ичинде арам акчаны адалдоого каршы чараларды иштеп чыгуучу FATF уюмунун сайтында жарыяланган сунуштар аткарылса, Кыргызстан Россияга дос мамлекет катары саналып, кара тизмеге кирбейт жана эч кандай чаралар колдонулбайт.

«Улуттук банк коммерциялык банктарга үзгүлтүксүз  кат жөнөтүп, ошондой эле комбанктардын өкүлдөрү менен экинчи даражадагы санкциялардын тобокелдиктери тууралуу жумушчу жолугушууларды өткөрүп турат. Регулятор ошондой эле банктарга көзөмөлдү күчөтүүнү жана OFAC (Чет элдик активдерди көзөмөлдөө кеңсеси, АКШнын Финансы министрлигинин бөлүмү – ред.) жана ЕБнин санкциялык тизмелериндеги товарлар жана адамдар менен операцияларды болтурбоо боюнча чараларды көрүүнү сунуштайт", деп билдирди Economist.kg басылмасына Улуттук банктын маалымат кызматы.

Read more

Элдик комиссия Жерүйгө барды

Элдик комиссия Жерүйгө барды

2024-жылдын 19-сентябрында «Альянс Алтын» компаниясынын демилгеси менен «Жерүй» кенин иштетүүнү көзөмөлдөө боюнча элдик комиссиянын төрагасы Айдарбек Момунтаев баштаган делегация алтын ылгоочу фабриканын калдык сактоочу жайынын экинчи баскычынын курулуш процесси менен таанышышты. Бул тууралуу ишкана билдирди. Делегация компаниянын өкүлдөрү менен кошо биринчи баскычтагы калдык сактоочу жайды карап чыгып, андан соң экинчи

Жыл башынан бери «Альянс Алтын» бюджетти 4.3 млрд сомго толуктады

Жыл башынан бери «Альянс Алтын» бюджетти 4.3 млрд сомго толуктады

2015-жылдан 2024-жылдын май айына чейин «Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандын бюджетине 20.46 млрд сом салык төлөдү. Алардын ичинен 2024-жылдын август айында 814.6 млн сом төлөнүп, жыл башынан бери бул сумма 4.3 млрд сомду түздү. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди. Мындан тышкары, 2021-жылдын апрелинен 2024-жылдын май айына чейин

Sendy жана «Мир Привилегий» тиркемелери аркылуу россиядан акча которуулар

Sendy жана «Мир Привилегий» тиркемелери аркылуу россиядан акча которуулар

Sendy жана «Мир Привилегий» тиркемелеринин жардамы менен акча которуулар дароо сиздин картаңызга кыргыз сому менен чегерилет. Жөнөтүүчү тиркемелердин биринде сиздин картаңыздын номерин киргизип, Компаньон Банкын тандашы керек. Акча которуулардын артыкчылыктары: * Комиссия 0%* * Которуулар бир заматта чегерилет * Ыңгайлуу конверсия курстары «Мир Привилегий» тиркемеси аркылуу которууну кантип жөнөтсө болот: * "Рекомендуем"

Жерүй дарыясына ГЭС курулат – долбоорду «Альянс Алтын» колдойт

Жерүй дарыясына ГЭС курулат – долбоорду «Альянс Алтын» колдойт

Талас облусундагы Жерүй ГЭСин «Альянс Гидро» жана РКӨФ компаниялары курат. Тараптардын ортосундагы келишимге 12-сентябрда Ысык-Көлдө өткөн VI Кыргыз-Орус экономикалык форумунда кол коюлган. «Альянс Гидро» компаниясынын жетекчиси Александр Абрамов белгилегендей, тараптар ГЭСтин курулушун 25 млн долларга каржылоо боюнча келишимге кол коюшту, анын кубаттуулугу жылына 100гө жакын мегаваттка чейин жетет, жылына 1