Кыргызстанда товардык белгилердин кандай түрлөрүн каттоо каралган?

Кыргызстанда товардык белгилердин кандай түрлөрүн каттоо каралган?

Товардык белги жана тейлөө белгиси деген эмне жана эмне үчүн аларды каттоо керек? Кыргызстанда товардык белгилердин кандай түрлөрүн каттоо караштырылган? Мындай суроолорго КРнын Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) маалыматтарына таянып жооп беребиз.

Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногунда керектөөчү ар кандай өндүрүүчүлөрдүн бирдей товарларын жолуктурушу мүмкүн. Бул өз кезегинде, өндүрүүчүлөрдүн ортосунда атаандаштыкты жаратат.

Керектөөчүлөргө башка өндүрүүчүлөрдүн товарларынын жана кызмат көрсөтүүлөрүнүн арасынан айырмалап, өзүнүн товарын же кызмат көрсөтүүсүн кантип таанымал кылуу керек? Буга жетишүү үчүн өзүнүн продукциясын өзгөчөлөнтүү жана товардык белгисин каттоодон өткөрүү керек.

Товардык белги – интеллектуалдык менчик объектилеринин бири болуп эсептелет.

Эгерде терминге токтоло турган болсок, анда товардык белгилер жана тейлөө белгилери – бул бир юридикалык же физикалык жактын товарларын жана кызмат көрсөтүүлөрүн башка юридикалык же физикалык жактын товарларынан жана кызмат көрсөтүүлөрүнөн айырмалоочу белгилер.

Кыргызстанда товардык белгилердин кандай түрлөрүн каттоо караштырылган?

«Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө» КРнын Мыйзамы тарабынан сөз түрүндөгү, сүрөт түрүндөгү, көлөмдүү жана айкалыштырылган белгилерди каттоо караштырылган.

Сөз түрүндөгү белгилерге табигый жана жасалма сөздөр, сөз мүнөзүнө ээ болгон тамгалардын айкалыштары, сөз айкаштары, сүйлөмдөр, тилдин башка бирдиктери, ошондой эле алардын айкалыштары кирет. Сөз түрүндөгү белгилер фантазиялуу мүнөзгө ээ болушу мүмкүн. Сөз түрүндөгү белгилер мүмкүн болушунча айтууга жеңил болууга жана чыгарылган продукциянын өзгөчөлүгүн чагылдырууга тийиш.

Сүрөт түрүндөгү товардык белгилер тирүү жандардын, предметтердин, жаратылыш жана башка объектилеринин сүрөттөлүштөрү, ошондой эле кайсы болбосун формалардын фигуралары, сызыктардын, темгилдердин, жалпак нерседеги фигуралардын композициялары болуп саналышат. Сүрөт түрүндөгү белгилер көзгө жеңил урунуп, жакшы эсте калууга жана жеке өзгөчөлүк милдетин натыйжалуу аткарууга тийиш.

Көлөмдүү товардык белгилерге көпчүлүк учурларда үч өлчөмдүү объектилер, фигуралар жана линиялар менен фигуралардын айкалыштары кирет. Негизинен бул товарлардын өзүдөрүнүн, идиштеринин жана таңгактарынын өзгөчөлүү формалары.

Айкалыштырылган товардык белгилерге сүрөт түрүндөгүлөрдүн, сөз түрүндөгүлөрдүн жана көлөмдүүлөрдүн ар кандай мүнөздөгү элементтеринин айкалыштары ж.б. кирет.

Айрым өлкөлөрдө угуп жана жыттап билүүчү белгилерди дагы каттоо караштырылган.

Товардык белгини ишкананын жүзү деп эсептөөгө болот. Интеллектуалдык менчиктин бул объектиси бир нече милдеттерди аткарат.

  • Биринчиден, товардык белги товарды таанууга жана бир өндүрүүчүнүн окшош товарларын жана кызмат көрсөтүүлөрүн башка өндүрүүчүнүкүнөн айырмалоого өбөлгө түзүү менен, товарды же кызмат көрсөтүүнү сатып алууда керектөөчүүнүн тандап алуусун жеңилдетет.
  • Экинчиден, товардык белги товар өндүрүүчүнү аныктоого мүмкүндүк берет, б. а. керектөөчү бир эле товардык белги менен белгиленген товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү алуу менен, алардын бир эле өндүрүүчүгө ээ экендигин билет.
  • Үчүнчүдөн, товардык белги товардын сапатына кепилдик берет. Башкача айтканда, товардык белгинин ээси ушул товардык белги менен белгиленген бардык товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр белгилүү бир сапатка ээ боло тургандыгына кепилдик берет.
  • Төртүнчүдөн, товардык белги жарнаманын мыкты каражаты, керектөөчүнүн көңүлүн буруунун активдүү куралы катарында чыгат.

Товардык белгини каяктан, кантип каттаса болот?

Товардык белгини каттоо үчүн белгилүү бир эрежелер боюнча таризделген каттоого өтүнмө КРнын Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматына (Кыргызпатент) берилет. Өтүнмө берүүдө эл аралык стандартка – Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн эл аралык классификациясына (ТКЭК) ылайык товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси көрсөтүлөт. Кайсы болбосун товардык белги белгилүү бир товарга, кызмат көрсөтүүгө карата катталат. ТКЭКте бардыгы болуп 45 класс бар. Алардын ичинен 34 класс – товарлардын класстары жана 11 класс – кызмат көрсөтүүлөрдүкү.

1. Класстарды тандоого болгон жоопкерчилик жана абдан көңүл коюу менен мамиле жасоо зарыл, анткени каттоого өтүнмө берилгенден кийин класстардын тизмесин кеңейтүүгө мүмкүн эмес.

2. Андан ары өтүнмөнү эксперттөөдөн өткөрүү жүргүзүлөт, анын жүрүшүндө документтер, алардын таризделишинин тууралыгы жана билдирилген белгинин коргоого жөндөмдүүлүк шарттарына ылайыктуулугу текшерилет.

3. Экспертиза жүргүзүлгөндөн кийин, Кыргызпатент товардык белгини каттоо же каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим чыгарат.

4. Оң чечим чыгарылган учурда Кыргызпатент товардык белгини Мамлекеттик реестрде каттоону жүргүзөт, ал жөнүндө маалыматтарды “Интеллектуалдык менчик” расмий бюллетенинде жарыялайт жана күбөлүк берет.

Товардык белгинин мөөнөтү канча жыл?

Берилген күбөлүктүн күчүнүн мөөнөтү – 10 жыл, ал убакыт өткөндөн кийин укук ээси товардык белгини пайдаланууга каттоонун мөөнөтүн ар бир жолу 10 жылга чексиз узарта берүүгө укуктуу. Товардык белгинин күчүнүн узактыгынан улам, белгинин күчүнө баа берүүгө болот.

Товардык белгини каттоо үчүн Кыргызпатент тарабынан жасалган бардык аракеттер үчүн өтүнмө ээси алымдарды төлөйт, алардын өлчөмдөрү КР Өкмөтүнүн 1998-жылдын 12-июнундагы № 346-токтому менен бекитилген “Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн патенттегендиги, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарын каттагандыгы, товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарын пайдаланууга укук бергендиги үчүн алымдар жөнүндө жобо” менен караштырылган.

Ошентип, өз товарын жекелештирүү жана керектөөчүлөрдүн көңүлүн буруу үчүн, ошондой эле ак ниет эмес атаандаштыктын курмандыгы болуп калбас үчүн жана ушул товардык белгинин ээсинин мыйзамдуу укугун бузбоо үчүн товардык белгини же тейлөө белгисин каттоодон өткөрүү зарыл.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда дары өсүмдүктөрүн өстүрүү тартиби мыйзамдаштырылды

Кыргызстанда дары өсүмдүктөрүн өстүрүү тартиби мыйзамдаштырылды

Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Документ 2026-жылдын 15-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзамдын негизги максаты — Кыргызстанда дары өсүмдүктөрүн өндүрүү, кайра иштетүү жана туруктуу пайдалануу үчүн укуктук негиз түзүү. Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, эми жеке жана юридикалык жактар валериана, шалфей,

Бишкектин айрым райондорунда 21-майда суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым райондорунда 21-майда суу өчүрүлөт

21-май күнү саат 09:00дөн 00:00гө чейин Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу “Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы билдирди. Маалыматка ылайык, суу турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилерине берилбей калат. Өчүрүү төмөнкү аймактарды камтыйт: Байтик баатыр көчөсү

Сауд Арабиясы тарабынан Кыргызстандагы аялуу катмардын өкүлдөрүнө жардам берилди

Сауд Арабиясы тарабынан Кыргызстандагы аялуу катмардын өкүлдөрүнө жардам берилди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде Сауд Арабия Падышалыгынан келген гуманитардык жардамды – социалдык жактан аялуу калк катмарына 48 тонна 720 кг курма тапшырылды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чарага Сауд Арабия Падышалыгынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси мырза Ияд бин Гази Хаким, ошондой эле

KOICAнын мал чарбасын өнүктүрүү боюнча долбоорунун жыйынтыгы чыгарылды

KOICAнын мал чарбасын өнүктүрүү боюнча долбоорунун жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Асел Кененбаеванын төрагалыгы алдында Кореянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) жана Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институтунун өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйынтыктоочу кеңешме өттү. Министрликтин маалыматына ылайык, иш-чара “Кыргыз Республикасында бодо малдын породасын генетикалык жакшыртуу жана малды жасалма