Евробиримдиктен чыккан товарлардын 10%га жакыны КРга келсе, калганы Россия аркылуу транзит менен келе жатып калып кетет – эксперт

Евробиримдиктен чыккан товарлардын 10%га жакыны КРга келсе, калганы Россия аркылуу транзит менен келе жатып калып кетет – эксперт

Вашингтон Бишкекти Кытайдан, Европадан жана Түштүк Кореядан санкцияланган товарларды Россияга берип жатат деп айыптагандан кийин деле кыргызстандык компаниялар россиялык өнөктөштөрү менен мамилесин массалык түрдө үзбөгөнүн KG Logistic компаниясынын директору Николай Душа россиялык Logirus интернет-порталына берген маегинде айтты.

"Аймагында санкцияланган жүктөр кармалган ошол эле Казакстанга караганда, Кыргызстан – Россияга лоялдуу мамиле жасаган өлкө. Биз РФ менен көптөн бери соода өнөктөшпүз жана эч ким ортодогу жакшы мамилени жоготкусу келбейт. Ал эми Россияга санкциялык жүктөрдү жеткирүү схемалары болгон жана боло берет. Чындыгында, Европалык товарлардын 10% га жакыны гана Кыргызстанга жетет, калган 90%ы Россия аркылуу өткөндө калып калат. КР аркылуу ташыла турган санкцияланган товарларга суроо-талап бар болсо, бул бизнес ишин уланта берет", – деди эксперт.

Санкцияланган жүктөрдү ташуу рыногу тууралуу айта турган болсок, KG Logistic компаниясынын жетекчисинин айтымында, комиссиялык төлөмдөр жогорулаган жок.

"Мындай бизнес менен алектенген компаниялар күн сайын көбөйүүдө, ошондуктан, жогорку атаандаштыктан улам, эч ким комиссиянын өлчөмүн көтөрбөйт", – деп белгиледи Николай Душа.

Logirus компаниясынын дагы бир респонденти, Optimal Logistics компаниясынын башкы директору Георгий Властопулонун айтымында, "кыргыз схемасы" өлкөгө кирбей эле иштейт.

"Адатта кыргыз тарап кыйыр реэкспорт келишимин түзүп, андан соң Россиянын аймагы аркылуу бараткан транзиттик каттамдарды үзгүлтүккө учуратат. Товарлар Кыргызстанга жетпейт, ошондуктан кошумча уруксат жана документтер талап кылынбайт. Экспорттогу чоң көйгөй ЕБден европалык жүктү алып чыгуу болуп саналат. Анткени көзөмөл бажы, чек ара, транспорт кызматкерлери тарабынан бардык деңгээлде жүргүзүлөт.
Евробиримдиктин аймагынан Россия жана Беларуска транзит менен товар алып чыгуу мүмкүн эмес. Бул жерде башка транспорттук коридорлор аркылуу өтүүгө туура келет. Бул жагынан алганда, БР жана РФ аркылуу транзит аркылуу көбүрөөк жетүүгө мүмкүн болгон Евробиримдиктен алыс жайгашкан, Кыргызстан, Монголия туура келет. Азырынча башка транзиттик коридорлор менен келе жаткандарга караганда Кыргызстанга келген жүк боюнча суроолор азыраак", – деп түшүндүрдү Георгий Властопуло.

Биринчиден, кеп товарлардын санкцияларга тиешелүүлүгүн текшерүү жөнүндө болуп жатканын эксперт кошумчалады. Кыйынчылыктардын көбү кош маанидеги же аскердик тармакка тиешелүү товарлардан келип чыгат. Мындан тышкары, акыркы убактарда геологиялык чалгындоого арналган жүктөрдө да көйгөйлөр жарала баштаган.

"Көпчүлүк учурларда жеткирүү мөөнөтү өзгөрбөйт. Казакстандын Россия менен чек арасында бир катар көйгөйлөр бар, жүк ташууда кезек күтүүлөр бар, бирок азырынча алар тез арада эле чечилип жатат. Чек ара бекеттеринде кош маанидеги товарлар эң көп каралат, айрыкча ТЭИТНдин (Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы) 84-тобуна тиешелүү болгон өзөктүк реакторлорду, казандарды, жабдууларды, механикалык түзүлүштөрдү жана алардын бөлүктөрүн камтыгандар текшерилет.
Кыргызстандын банктары да товарлардын ассортиментин тыкыр көзөмөлдөй башташты. Бул таң калыштуу эмес, анткени КРнын алдыңкы 5 банкы чет өлкөлүк капиталдын катышуусунда болгондуктан алар ЕБдин санкциялык талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөөгө милдеттүү. Кээде Кыргызстандын банктары товардын талаш-тартыш номенклатурасы боюнча төлөмдөрдү жүргүзүүдөн баш тартып жатат. Болжол менен үч ай мурун алар кээ бир ТЭИТНдин коддорун жеринде текшерүүнү киргизишкен", деп түшүндүрдү KG Logistic ишканасынын директору Николай Душа.

Кыргызстандагы кредиттик уюмдардын абалы алардын көбүнүн "Юнистрим" акча которуу системасы менен иштөөсүн токтоткону менен да татаалдашууда. Ал эми КР банктары аркылуу доллар менен төлөмдөр, эксперттин айтымында, жыл башында эле токтогон.

"АКШ менен Евробиримдиктин Россиянын дос өлкөлөрүнө болгон санкциялык кысымы убакыт өткөн сайын күчөйт", деп болжолдоду Николай Душа. Мурда Түркия аркылуу өтүп келген жүк Армения, КР жана башка транзиттик өлкөлөр аркылуу өтө баштайт. Ошондуктан санкциялардын экинчи толкуну бул мамлекеттерге карата салынат".

Эске салсак, 20-июлда АКШ санкцияланган товарларды Россияга жеткиргенине байланыштуу Кыргызстанда жайгашкан төрт компанияга санкция киргизген. АКШ жана Батыш өлкөлөрүнүн Россияга каршы кыргызстандык компанияларга киргизген санкциялык режиминин бузулушу боюнча иликтөө башталды.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда мугалимдер үчүн KPI системасы киргизилет

Кыргызстанда мугалимдер үчүн KPI системасы киргизилет

Кыргызстандагы мектептерде 12 жылдык билим берүү системасына өтүүнүн алкагында мугалимдерге алардын иш жыйынтыгына жараша кошумча төлөмдөр караларын маалымат жыйынында билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди. Анын айтымында, жакынкы үч жыл ичинде мугалимдер үчүн KPI (негизги көрсөткүчтөр) системасын киргизүү пландалып жатат. Ошондуктан мугалимдердин айлыгы массалык түрдө көбөйтүлбөйт, көбүнчө жекече (натыйжага жараша)

Мугалимдердин айлыгын жогорулатууда бирдиктүү коэффициент киргизилди

Мугалимдердин айлыгын жогорулатууда бирдиктүү коэффициент киргизилди

2026-жылдын 1-апрелинен тартып бардык педагогикалык кызматкерлер үчүн бирдиктүү коэффициент колдонулуп жатканын маалымат жыйынында бюджеттик саясат, финансылык талдоо жана инфраструктура башкармалыгынын башчысы Акыйкат Баймуратова билдирди. Буга чейин STEM багытындагы мугалимдер жана башталгыч класстардын мугалимдери үчүн өзүнчө коэффициент колдонулуп келген. Мындай ыкмага тарых мугалимдери каршы чыгып, министрлер кабинетинин башчысынан аны кайра карап

Баткенде 64 млн сомго бала бакча курулуп жатат

Баткенде 64 млн сомго бала бакча курулуп жатат

Курулуш министрлиги тарабынан Баткен районунун Жаңы-Достук участкасында 100 орундуу заманбап бала бакчанын курулушу жүрүүдө. Министрликтин маалыматына ылайык, аталган долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, объекттин жалпы наркы 64 миллион сомду түзөт. Башкы планга ылайык, эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 988 чарчы метрди түзөт. Учурда курулуш аянтчасында активдүү иштер жүрүп жатат. Тактап

Былтыр дүйнө жүзү боюнча коргонууга 2,887 трлн доллар сарпталган

Былтыр дүйнө жүзү боюнча коргонууга 2,887 трлн доллар сарпталган

2025-жылы дүйнө жүзүндөгү коргонууга кеткен чыгымдар 2,887 трлн долларга чейин өскөнүн Тынчтык маселелерин изилдөө боюнча Стокгольм эл аралык институтунун жылдык баяндамасына шилтеме кылуу менен "Известия" басылмасы билдирди. Баяндамада аскердик чыгымдар катары 11 жылдан бери өсүп отуруп дүйнөлүк ички дүң продукцияга карата үлүшү 2,5%га жетти. Бул