Подпишитесь на нашу рассылку

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

Чтобы завершить подписку, нажмите на ссылку подтверждения в своем почтовом ящике. Если письмо не придет в течение 3 минут, проверьте папку со спамом.

Хорошо, спасибо

Кыргызстандын дилерлерине Россияга автоунааларды экспорттоо пайдасыз болуп калышы мүмкүн – себебин түшүндүрөбүз

Ишкер Media
Кыргызстандын дилерлерине Россияга автоунааларды экспорттоо пайдасыз болуп калышы мүмкүн – себебин түшүндүрөбүз

2023-жылдын 1-августунан тарта Россияда жеңил унааларды, жеңил коммерциялык унааларды, жүк ташуучу унааларды жана автобустарды утилизацияга чогултуу акысы (утилизациялык төлөм) жогорулайт. РФнын Өнөр жай жана соода министрлиги индексация жеке жана юридикалык жактардын кайра сатуу үчүн өлкөгө алып келген жаңы жана эски автоунааларына да таасирин тийгизе тургандыгын билдирди.

Бул чара өлкөгө автоунааларды импорттоп, андан ары РФга саткан, ошондой эле Россиянын шаарларына буюртма боюнча жеткирүүгө адистешкен Кыргызстандагы автодилерлерге кандай таасир этет? Кененирээк төмөндөгү макаладан окуңуз.

Утилизациялык төлөм деген эмне?

Утилизация үчүн төлөм – бул автотранспорт каражаттарын импорттоочулардан, өндүрүүчүлөрдөн же сатып алуучулардан транспорт каражаттарын пайдалангандан кийин утилизация кылуу үчүн алынуучу бир жолку төлөм. Ал Россияда 2012-жылы өлкө ДСУга киргенде киргизилген.

Утилизациялык төлөм канчага көтөрүлөт?

Ушул күндөн тартып Россияда автоунааны легалдаштырууда юридикалык жактар, ошондой эле жылына бирден ашык транспорт каражаттарын кайра сатуу үчүн ташып келгендер кайра иштетүү үчүн төмөнкү өлчөмдөгү төлөмдү бир убакта төлөшү керек:

РФга жеке колдонуу үчүн ташылып келинген, кыймылдаткычынын көлөмү 3000 куб.см чейинки автоунаалар үчүн тарифтер өзгөрүүсүз калат: жаңы унааларга — 3.4 миң рубль (үч жылдан ашпаган), чыкканына үч жылдан ашкан унааларга — 5.2 миң рубль болот.

Тарифтердин кымбатташы КРнын автодилерлерине кандай таасир этет?

Эксперттер жаңы көрүлүп жаткан чара АКШ менен Евробиримдиктин Россияга каршы санкцияларын киргизгенден кийин пайда болгон параллелдүү импортко таасир этет деп эсептешет. Айрыкча Армения жана Кыргызстан өңдүү өлкөлөрдө автоунаалардын баасы салыштырмалуу төмөн болгондуктан, россиялыктар көбүнчө бул өлкөлөрдөн келген жеткирүүчүлөрдөн унааларды сатып алышууда.

"Транспорт алып келүүнүн жаңы эрежелери иштеп жаткан эки схемага таасирин тийгизет, — деп белгиледи "Rucars электромобили" компаниясынын негиздөөчүсү Роман Рассудков. — Демек, көпчүлүк дилерлер автоунааларды өз эсебинен алып келишет, эми алар утилтөлөмдү толук төлөөгө аргасыз болушат, бул болсо параллель импорттолуп алынып келинүүчү автоунаалардын наркына сөзсүз таасирин тийгизет.
Экинчи ыкма, утилизациялык төлөмдүн көбөйүшүн кыйгап өтүүгө мүмкүндүк берет бул унааны буюртма боюнча жеткирүү. Эгерде Россиядагы сатып алуучунун бул акыркы жылдагы биринчи жолку унаасы болсо жана кыймылдаткычынын көлөмү үч литрге чейин болсо, анда ал үчүн 3.4-5.2 миң рубль өлчөмүндө утилизациялык төлөмдүн жеңилдетилген нормасы сакталат. Бирок бул учурда Бажы союзунун өлкөлөрү аркылуу машиналарды бул мамлекеттерде каттоого коюу менен аларды жеткирүүнүн жарым-жартылай схемасы жок болот".

Эксперттин айтымында, "мисалы, Белоруссияда электромобилдерге КНС нөлгө барабар, ал эми Кыргызстанда автоунаанын баасын төмөн баалап, андан бажы алымынын ставкасы ошого карата эсептелет.

Рассудковдун пикиринде тандаш керек, же унааны Россияда бажыдан жол-жоболоштуруп, толук алым менен КНС төлөп, бирок утилизациялоо жыйымын үнөмдөсө болот, же болбосо, Беларусь жана Бажы бирлигинин башка өлкөлөрү аркылуу өткөрүп, РФнын аймагында унааларды кайра сатууда юридикалык жактар үчүн тарифтер боюнча утилизациялык төлөмдү толук төлөш керек болот.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-июлунда Россиянын Федералдык бажы кызматы ЖМКларда КРдан РФга автоунаалардын экспортунун өсүшү тууралуу бир катар жарыяланган маалыматтардан кийин, ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү унаалар декларациялоодо бааланбай калган фактыларды тастыктаган. Ведомство мурда мындай жол менен Россияга каттоодо мыйзам бузуулар менен ташылып келинген чет элдик автоунааларды алуудан баш тартууну убада кылды, бирок акыркы ээлери кайра иштетүү акысын төлөшү керек.

"Мыйзамга ылайык, товардын наркы тууралуу декларацияланган маалыматтын аныктыгы үчүн жоопкерчиликти декларант унааны Кыргызстанга же ЕАЭБдин башка өлкөсүнө алып киргенде каттоодон өткөргөн адам тартат. Ал ошондой эле салык төлөөгө, бажы төлөмдөрүн жана жыйымдарын, ошондой эле аларды төлөө боюнча милдеттенменин аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү.
Эгерде ФБЖ баанын төмөндөтүлгөн учурларын аныктаса, анда бул боюнча маалыматтар текшерүүнү уюштуруу жана төлөнбөгөн төлөмдөрдү калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүү үчүн Кыргызстандын же башка ЕАЭБдин бажы органдарына берилиши керек", деп айтылат ведомствонун маалыматында.

Эске салсак, буга чейин Economist.kg Кыргызстандык автосалондор колдонгон бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн эсеп-фактураларда автоунаалардын баасын төмөндөтүү схемалары тууралуу жазган. Макалалар боюнча көбүрөөк маалымат алуу үчүн бул шилтемени басыңыз.

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Хорошо, спасибо

По теме

Главные новости

Последние новости