Nike эмнеге Кыргызстанда эмес Өзбекстанда өндүрүшүн ачууга уруксат берди?

Nike эмнеге Кыргызстанда эмес Өзбекстанда өндүрүшүн ачууга уруксат берди?

Nike компаниясы 2019-жылы Өзбекстанда өзүнүн бренди менен спорттук бут кийимдерди чыгарууга расмий уруксат берген. Америкалык брендди Өзбекстанга тартуу боюнча "Узчармсаноат" ассоциациясы атайын иштеп чыккан стратегиянын натыйжасында ӨР Nike үй-бүлөсүнүн өндүрүүчүлөрүнүн катарына кирген.

Өндүрүш линиясын ишке киргизүү үчүн, Sino International (өзбек-кытай компаниясы) 5 жылдын ичинде Nike талап кылган бардык эл аралык сапат стандарттарын толугу менен ишке ашырган. Тактап айтканда, белгилүү бир өндүрүш линияларын түзүп, жумушчулар үчүн татыктуу эмгек шарттарын уюштурушкан жана сапатты жогорку деңгээлде контролдоо киргизилген. Натыйжада, ишканадан дүйнөгө белгилүү бул бренддин кроссовкаларынын биринчи партиясы чыкты.

Эмне үчүн Өзбекстан?

Эмне үчүн компаниянын Кытайдагы филиалы оригиналдуу Nike кроссовкаларын чыгаруу үчүн Өзбекстанды тандап алды? Sino International компаниясынын жетекчиси Ронгхуан Фань долбоорлорун ишке ашыруу үчүн Өзбекстандын бизнес чөйрөсүн изилдегенин жана инвесторлор үчүн түзүлгөн шарттарды жана берилген жеңилдиктерди көрүп, ал жерде өндүрүштү ачууну көздөгөнүн айтат.

“Биз долбоорду 2019-жылы баштаганбыз. Коронавирус пандемиясынан улам жабдууларды жеткирүү үзгүлтүккө учурады. Nike компаниясынын технологдорунун келиши да кечигип кетти. Пандемиядан кийин кайра ишибизди баштадык. Көрүнүп тургандай, Өзбекстан азыр Nike кроссовкаларын чыгарып, эл аралык рынокко сатып жатат. Учурда күнүнө 6 миң жуп чыгарабыз, келечекте жылдык кубаттуулукту 3 миллионго жеткирүүнү пландап жатабыз. Буга байланыштуу өндүрүш процесстерин бренддин талаптарына ылайык жакшыртуу боюнча иштер координацияланууда”, - дейт ал.

Nike компаниясынын стратегиясына ылайык, Өзбекстанда өндүрүлгөн кроссовкалар азыр Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстанга сатылууда, кийинчерээк Пакистан, Европанын базарларына жөнөтүлөт.

Nike ар бир спорттук бут кийим өндүрүүчү өлкөгө расмий штрих-код берет. Бул штрих-кодду Өзбекстан да алган. Бул Андижандагы ишкана дүйнөлүк бренддеги кроссовкалардын бардык моделдерин чыгарууга укуктуу дегенди билдирет. Ошондой эле Sino International Өзбекстанга Adidas брендин да алып келүүнү пландаштырып жатат.

Nike продукциялары дүйнөнүн 36 өлкөсүндө, анын ичинде Египет, Тайвань, Бразилия, Камбоджа, Индонезия жана Шри-Ланкада өндүрүлөт. Заводдорунун 22%ы Кытайда, компаниянын сайтында 112 ишканасы бар экени айтылат.

Кыргызстан менен Казакстандын эксперттери буга эмне дейт?

Экономист, эксперт Ишкендер Шаршеев Nike Өзбекстанга келгенинин себебин эмгек базарынын арзан болгону жана логистикалык эркиндиги менен байланыштырды.

"Бизге караганда жумушчу күчү арзан, эли көп. Чыгарган продукцияны ички базарга сатканга да ыңгайлуу. Ошондой эле логистикалык эркиндиги да көбүрөөк. Nike дүйнө жүзүндө сатылгандыктан ЕАЭБдин мүчүлүштүктөрүнө моюн сунгусу келбейт”, - деди Шаршеев.

Ошондой эле эксперт эгерде Кыргызстанда ачса, сыртка продукцияны сатуу жеңил болгону менен чийки затты импорттоо кымбатыраак болмок деген пикирин айтты.

"Өндүрүш үчүн чийки затты алып кирип жатканда ЕАЭБдин ставкалары менен төлөп калышы керек болот, ал 12%. Ал эми Өзбекстандыкы болсо 2-5% жана чийки затты алып келгенге алардын шарты жакшыраак. Биз Өзбекстандай болуш үчүн ЕАЭБдин эрежелеринен чыксак же алар бизге иштебесе жакшы болмок. Балким, биздин базар кичине болгон үчүн көңүл бурбай койду", - деди эксперт.

Ал эми казакстандык эксперт Бауржан Искаков Nike Казакстанга эмес Өзбекстанга киргенинин себебин аларда жасалган мамлекеттик экономикалык реформаларга жана өсүп жаткан өнөр-жайга байланыштырды.

"Дүйнөгө белгилүү бренддердин Казакстанды эмес, Өзбекстанды тандап алганынын себеби коңшубуз мамлекеттик экономикалык реформаларды эффективдүү жүргүзүп жатканында", - дейт ал. "Мындан тышкары, инвесторлор менталитет жагынан алганда, өзбектерди эмгекчил, тартиптүү деп эсептешет".

Ошол эле кезде  экономист Казакстан көбүрөөк чийки зат өндүрүүчү катары таанымал экенин айтты.

"Биздин экономика чийки затка багытталган. Казакстан дүйнөгө тоо-кен тармагы боюнча белгилүү. Ал эми Өзбекстанда технологиянын, атап айтканда, автомобиль жасоо жана жеңил өнөр жайында реалдуу өнүгүүсү байкалууда. Өзбекстандын экономикасын өнүктүрүү багыттарынын бири – өзүнүн сырьёсун кайра иштетип, даяр продукцияга айлантуу болуп саналат. Маселен, Adidas, Nike сыяктуу бренддердин бул өлкөгө келиши пахта өндүрүүнүн жогорку деңгээли жана эмгек күчүнүн арзандыгы менен байланыштуу", - деди ал.

Ошондой эле Искаков дүйнөлүк бренддердин Өзбекстанды тандап алуусунун дагы бир маанилүү себеби, инвесторлордун укуктары жакшы корголгонун жана коррупция менен күрөшүү да жогорку натыйжаларды берип келгенин жана өлкөдө кадр жетишсиздиги дээрлик жок экенин белгиледи.

Ал эми Өзбекстандагы "Узчармсаноат" ассоциациясынын төрагасы Фахриддин Бобоев: "Дүйнөлүк бренддерди өлкөгө тартуу – мамлекет башчысы белгилеген приоритеттердин бири жана бүгүнкү күндө бул ишканада иштелип чыккан Nike компаниясынын биринчи продукциялары биз үчүн чоң сыймык болуп, башка дүйнөлүк бренддер менен кызматташууга чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат", - дейт.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин 7-кичи районунда таза суу берилбейт

Бишкектин 7-кичи районунда таза суу берилбейт

Бишкек шаарынын 7-кичи районунда 3-ноябрда саат 10:00дөн 22:00гө чейин таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан маалымдады. Билдирүүгө ылайык, бул күнү аймактагы суу түтүгүндө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Өчүрүү 7-кичи райондун №33, 34, 34/1, 35, 36, 37, 38, 38/1, 39, 40, 41, 43,

Ишкер Media
Талас жана Баткенде финансылык сабаттуулук боюнча лекциялар өттү

Талас жана Баткенде финансылык сабаттуулук боюнча лекциялар өттү

Талас жана Баткен облустарында Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө карата мектеп окуучулары жана студенттер үчүн финансылык сабаттуулук боюнча лекциялар өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Маалыматка ылайык, 27–30-октябрь күндөрү Улуттук банктын Талас облустук башкармалыгынын өкүлдөрү Талас, Бакай-Ата, Айтматов жана Манас райондорундагы төрт мектептин жогорку класстарынын окуучуларына лекция өтүштү.

Ишкер Media
Кыргызстанда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуунун жаңы эрежелери бекитилди

Кыргызстанда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуунун жаңы эрежелери бекитилди

Министрлер кабинети баалуу кагаздар рыногунун ишин жөнгө салууга багытталган жаңы жоболорду бекитти. Тиешелүү №732 токтом 2026-жылдын 29-октябрында кабыл алынды. Бул тууралуу Финкөзөмөлдөн билдиришти. Документке ылайык, Улуттук депозитарийдин ишинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө жобо жана Баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү, ошондой эле баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номерин берүү тартиби

Ишкер Media
Германия менен Улуу Британия Борбор Азиядагы климаттык долбоорго каражат бөлөт

Германия менен Улуу Британия Борбор Азиядагы климаттык долбоорго каражат бөлөт

Жаратылыш ресурстары министри Акыл Токтобаев Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) Кыргызстандагы жана Тажикстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Виктор Вецель менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, жолугушууда айлана-чөйрөнү коргоо, туруктуу өнүгүү жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча кызматташтык маселелери талкууланды. Жыйынтыгында тараптар "Борбордук Азияда климаттык тобокелдиктерди

Ишкер Media