WhatsApp мессенджерде канал ачуу мүмкүнчүлүгү пайда болгонун жарыялады — Телеграмга окшош

WhatsApp мессенджерде канал ачуу мүмкүнчүлүгү пайда болгонун жарыялады — Телеграмга окшош

WhatsApp Telegram каналына окшош канал функциясын ишке киргизди. Ал 150 өлкөдө жеткиликтүү болмокчу. Бул тууралуу WhatsApp өзүнүн блогунда жарыялады.

Белгилей кетсек, компания 2023-жылдын июнь айында Сингапурда жана Колумбияда функциянын тестирлөөсүн жарыялаган болчу. Эми болсо WhatsApp миңдеген уюмдарды, спорттук командаларды, сүрөтчүлөрдү жана лидерлерди түйүндө өзүнүн каналын ачууга чакырууда.

  • Авторлор тексттерди, сүрөттөрдү, видеолорду, сурамжылоолорду жана стикерлерди каналдарга жарыялай алышат. Абоненттик телефон номерлери башка колдонуучулардан жана администратордон жашырылган. Алар тууралуу маалыматтар да көрсөтүлбөйт.
  • Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча WhatsApp канал каталогуна колдонуучунун өлкөсүн эске алган автоматтык фильтр кошту. Каналдын катталуучулары өз кезегинде постторго реакция калтыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, администраторлор 30 күн бою публикацияларды оңдоого мүмкүнчүлүк алышат.
"Бул башталышы гана жана биз колдонуучулардан алган пикирлердин негизинде көбүрөөк функцияларды кошууну жана каналдарды кеңейтүүнү улантабыз. Жакынкы айларда биз бардык каалоочулар үчүн канал түзүү мүмкүнчүлүгүн беребиз", - дейт компания.

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Кара-Суу районунун Большевик айылында Кыргыз дыйканчылык илимий институтунун пахтачылык станциясынын оңдолгон имараты пайдаланууга берилди. Аземге Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрилигинин маалымат кызматынан билдирди. Министрдин айтымында, 2025-жылдын 10 айында айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшү 407,5 млрд сомго

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Кечээ Улуттук адабият күнүнө карата Улуттук жазуучулар союзунун салтанаттуу иш-чарасы Тарых музейинде өттү. Салтанатта көптөн күткөн "Алтын калем" сыйлыгынын жана бир катар адабий сыйлыктардын жеңүүчүлөрү жарыяланды. Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев акын, жазуучуларды майрамы менен куттуктап, кийинки жылы залкар акын Турар Кожомбердиевдин 85 жылдыгын, адабиятчы, сынчы Салижан

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкек шаарында 157 жаран акча каражаттарын тартуу менен алектенген VML_KG компаниясына байланыштуу арыз менен кайрылышты. Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, компаниянын кеңсесине мөөр басылып, тергөө үчүн маанилүү болгон каржылык жана

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Улуттук банк буга чейин Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналып бир нече коллекциялык монеталарды чыгарылганын кечээ эске салды. УБ маалымдагандай, ар бир монета анын чыгармаларынын негизги мотивдерин жана образдарын, ошондой эле улуу жазуучунун бай маданий мурасын жана терең философиясын чагылдырып турат. "Бул коллекция нумизматтар үчүн баалуу экспонат гана болбостон, Чыңгыз Айтматовдун