Европалык учак тетиктерин Россияга жеткирген КРнын санкцияга кирген компаниясынын "иштери" белгилүү болду

Европалык учак тетиктерин Россияга жеткирген КРнын санкцияга кирген компаниясынын "иштери" белгилүү болду

Кыргызстандын климаттык каржылоо борборунун директорунун экс-орун басары Азамат Алкадыров негиздеген "Карголайн" компаниясы Европадан Россияга учактардын тетиктерин ташып турган. Документтерге ылайык, тетиктер Кыргызстанга жөнөтүлгөнүн, бирок чындыгында алар Россияга кеткенин латвиялык "Маанилүү окуялар" интернет басылмасынын журналисттик иликтөөсүндө айтылат.

Аталган басылма Украинага чабуулдан кийин батыш өлкөлөрү Россиянын жарандык авиациясын мыйзамсыз деп жарыялаганын эске салды. Тактап айтканда, чет элдик учактардын базасында түзүлгөн россиялык учактар ​​паркын тетиктер менен камсыздоого тыюу салынган. Натыйжада, Россия параллелдүү импорт схемасын түзгөн.

"Маанилүү окуялар" бажы маалыматтарын талдап, 2022-жылдын мартынан 2023-жылдын мартына чейин өлкөгө Boeing жана Airbus үчүн кеминде 18 млрд рублга оригиналдуу тетиктер импорттолгондугун аныктаган. Жеткирүүлөрдүн негизги бөлүгү БАЭден (9 млрд рубль), Кытайдан (5 млрд рубль) жана Түркиядан (2 млрд рубль) келген. Товардын дээрлик жарымын мамлекеттик "Аэрофлот", "Россия" жана "Победа" компаниялары сатып алган.

Басылманын берген маалыматына таянсак, "дос эмес өлкөлөрдөн" — Чехиядан, Литвадан, АКШдан, Германиядан жана Улуу Британиядан КМШ өлкөлөрү товарларды өздөрүнө буюртма берип, жол-жоболоштуруп импорттоп туруп, бирок товарды Россияга жөнөтүп жүрүшкөн.

КРнын компаниялары кантип санкциялык чектөөлөрдү айланып өтүүдө?

"Маанилүү окуялар" европалык жана америкалык өндүрүүчүлөрдөн учактын тетиктерин, анын ичинде Boeing учактарынын тетиктерин жеткирүүчүлөрдүн бири литвалык Right Direction Aero компаниясы болгондугун белгилейт, ал бажы маалыматтары боюнча россиялык "Ай флай" компаниясын 145 млн рублдан ашык суммага запастык бөлүктөр менен камсыздаган.

Бирок Right Direction Aero компаниясынын директору жана кожоюну Павел Чалапов Россияга тетиктерди сатууга тиешеси жоктугун билдирди. Редакцияга жазган катында ал саясий себептерден улам РФ менен эч кандай келишим түзбөй турганын жана кардарларынын расмий Москва менен байланышы бар-жоктугун тыкыр текшерип, Евробиримдиктин жана АКШнын санкцияларына кабылган компанияларга кайра сатпайбыз деген келишимге кол коюуга мажбурлап туруп сатарын жазган.

Латвиялык маалымат каражаттары редакция Чалаповго сатылган товарлардын тизмесин жөнөткөнүн белгилешет. Буга ал бул тетиктерди россиялык "Ай флай" эмес, Кыргызстандын "Карголайн" компаниясына сатканын түшүндүргөн (жүктүн сканерин жана бир нече товарлардын экспорттук декларациясын далил катары көрсөткөн).

Бажы базалары чындап эле латвиялык Right Direction Aero "Карголайн" компаниясынын атынан "Ай флай" компаниясына товарларын сатканын көрсөтүп турат. Буга байланыштуу "Маанилүү окуялардын" журналисттери документтер боюнча тетиктер Кыргызстанга сатылып, бирок чындыгында Россияга кеткен деген бүтүмгө келишкен.

"Карголайн" компаниясынын ээси жана башкы директору Азамат Алкадыров санкцияланган рынок жана Россия менен эч кандай байланышы жок экендигине жеке кепилдик берүү менен бизди ынандырды. Биз аларга учактын тетиктерин Россияга реэкспорт кылбайсыңар деген шарт менен сатканбыз. "Карголайн" бизди алдап, жасалма документтерди жасаптыр, — деп комментарий берген Павел Чалапов бул кырдаалга байланыштуу Кыргызстан менен иштешпей калганын белгилеген.

Редакция ошондой эле литвалык Right Direction Aero, бажы маалыматтары боюнча, кыргызстандык "Карголайн" россиялык Air Fly авиакомпаниясына тетиктерди сатып алган жалгыз компания эмес экенин, ошондой эле Евробиримдиктен авиакомпоненттерди Россияга параллелдүү импорттоого чехиялык Apram Aerospace компаниясынын да тиешеси бар экенин баса белгилеген.

Белгилей кетсек, "Карголайн" Украинада согуш башталгандан бир ай өткөндөн кийин катталган, ал кезде Airbus, Boeing жана башка тетиктерди өндүрүүчүлөр россиялык авиакомпанияларга сатып алууга тыюу салган. Компаниянын директору жана ээси Азамат Алкадыров болуп саналат.

Эске сала кетсек, 2022-жылдын мартында негизделген "Карголайн" ЖЧКсы 2023-жылдын июль айында АКШ Россияга санкцияланган товарларды жеткирген деп айыптап, Кыргызстандан санкция салган төрт компаниянын бири болгон.

АКШ төрт кыргызстандык компанияга санкция киргизди – алар 2022-жылы негизделген
АКШ Кыргызстанда жайгашкан төрт компанияга санкция киргизди. Бул тууралуу маалымат АКШнын Каржы министрлигинин чет элдик активдерди көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын сайтында жайгаштырылган. Такталгандай, Кыргызстанда жайгашкан компаниялар Россия Украинага толук масштабдуу кол салууну баштагандан б…
Кыргызстандагы санкцияга илинген компаниялар жоопкерчиликке тартылат – Экономика министрлиги
АКШнын санкциясына илинген кыргызстандык төрт компаниянын Россияга жөнөткөн ”кош маанидеги товарлары” чек арадан өткөндүгү тууралуу КР Экономика министрилиги Казакстанга расмий кат жолдогон. Бирок расмий жооп келе элек. Бул тууралуу Экономика министринин орун басары Назарбек Малаев ”Би-Би-Си” кыргыз…

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул районунда 5 жылда 215 ишкана ачылып, 1576 жумуш орду түзүлдү

Токтогул районунда 5 жылда 215 ишкана ачылып, 1576 жумуш орду түзүлдү

Президент Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Токтогул районунун жана Токтогул шаарынын 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүү пландары менен таанышты. Бул тууралуу өлкө башчысынын администрациясы маалымдады. Билдирүүгө ылайык, Токтогул районунда 2021–2026-жылдар аралыгында 215 жаңы ишкана

Ишкер Media
Ошто "Жаратман муун" алкагында массалык чуркоо өттү

Ошто "Жаратман муун" алкагында массалык чуркоо өттү

Ош шаарында Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин "Жаратман муун" демилгеси алкагында чуркоо өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Иш-чарага Ош жана Манас шаарларындагы ЖОЖдордон 500дөн ашык студент, окутуучулар, спорт сүйүүчүлөр жана чет элдик студенттер катышты. Жалпы 700 катышуучу болду. Уюштуруучулар белгилегендей, бул жөн

Ишкер Media
Күрп-Сай ГЭСин реконструкциялоо иштери башталды

Күрп-Сай ГЭСин реконструкциялоо иштери башталды

Кыргызстанда Күрп-Сай гидроэлектр станциясын реконструкциялоо иштери башталды. Бул тууралуу мамлекет башчысы Садыр Жапаров 23-октябрда Кара-Көл жана Таш-Көмүр шаарларынын тургундары менен жолугушууда билдирди. Өлкө башчысынын айтымында, бир жыл мурда Кара-Көл шаарында кубаттуулугу 18 мегаватт болгон жаңы ГЭС ишке киргизилген. Учурда аталган станция электр энергиясын өндүрүүгө салым

Ишкер Media
Кербенде 100 орундуу медициналык борбор жана ипотекалык үйлөр курулат

Кербенде 100 орундуу медициналык борбор жана ипотекалык үйлөр курулат

2027-жылы Жалал-Абад облусунун Кербен шаарында 100 орундуу Жалпы дарыгерлик практика борбору курулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн Аксы районунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысы облуста социалдык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. Анын айтымында, аймакта медициналык мекемелерди, мектептерди, бала бакчаларды жана башка социалдык объектилерди куруу

Ишкер Media