Американын эң бай 10 адамы — Forbes USA

Американын эң бай 10 адамы — Forbes USA

2023-жылдын сентябрь айына карата Forbes USA өзүнүн версиясы боюнча Американын эң бай 400 адамынын тизмесин аныктады. Алар өткөн жылы байлыгынан 500 млрд жоготушкан болсо, ал сумманы кайра кайтарып алышкан. Учурда бул элиталардын байлыгынын жалпы наркы 4.5 триллион долларды түзөт.

Американын эң бай 400 ишкеринин жыйырмасы бир жыл мурдагыга караганда 30%га байып кетишкен. Эң бай 20 адам жалпы активдердин 40%на ээлик кылат жана алар калган 340 мүчөнүн бардык байлыгын, миллиарддаган долларларына сатып алууга кудурети жетет.

2014-жылдан бери биринчи жолу өткөн жылы алдыңкы ондукка кирбей калган Марк Цукерберг Meta жана ЖИдеги иштеп чыгууларынан кийин 8-орунга ээ болду.

Google компаниясынын негиздөөчүлөрү 5-7-орунда турган Ларри Пейдж жана Сергей Брин май айында компания өзүнүн жасалма интеллект (ЖИ) иштеп чыгууларын жарыялагандан кийин, Alphabet компаниясынын акцияларынын баасы 27% га өскөн.


АКШнын эң бай 10 адамы

Илон Маск — 251 млрд доллар

Байлык булагы: Tesla, SpaceX

Илон Маск Америкадагы эң бай адам жана экинчи жыл катары менен рейтингдин лидери бойдон калууда.

Албетте, экинчи жыл катары менен АКШнын жана дүйнөнүн эң бай адамы болгон Маск акыркы 12 ай ичинде бир катар чуулгандуу окуяларга кириптер болуп келет. Ал жагдайлардын арасында Украинанын президенти Владимир Зеленскийге (Россия менен жаңжалды токтотуу боюнча сунуш кылган тынчтык планы үчүн) жана Тайвандын тышкы иштер министрине тынчтык (аралды Кытайдын аймагы катары эсептеш керекпи деген) келишимдерди сунуштаганы болгон. Июнь айында болсо ал Марк Цукербергди (8-орунду ээлеген) капаска беттешүүгө чакырган.

Сентябрда Уолтер Айзексон жазган магнаттын резонанстуу өмүр баянында Масктын Украинадагы "атайын операция" менен байланышы, ошондой эле ажырашып, кайра жарашып жүргөн ырчы Граймс менен мамилеси жана ал экөөнүн үчүнчү уулу бар экендиги тууралуу жаңы маалыматтар айтылат. Илон Масктын жалпысынан 11 баласы бар экен.

Тесланын акцияларынын баасынын 8% га төмөндөшүнө карабастан, Масктын байлыгы өткөн жылдагы бойдон калууда. Бул ишкерге июнь айында капиталды сатып алуу боюнча сунуш $150 млрд доллардан ашканы жардам берген, ал эми январда ал биржалык опциондордун жаңы пакетин 5.7 млрд долларга алган.


Джефф Безос — 161 млрд доллар

Байлык булагы: Amazon

Amazon компаниясынын негиздөөчүсү жана төрагасы Лос-Анжелестеги мурдагы теле алпаруучу Лорен Санческе шакек салганы, ошондой эле ал өзүнүн жаңы 127 метрлик яхтасынын алдына анын элесин түшүргөнү айтылат.

Амазондун акцияларынын баасы акырындык менен өсүп жатат, бул жарым-жартылай кирешенин көбөйүшүнө жана корпоративдик чыгымдарды оптималдаштыруу үчүн кызматкерлердин кыскарышына байланыштуу болгон. Акыркы бир жылда акциялардын баасынын өсүшүнөн улам Безос 700 млн доллар акциясын үй-жайсыздарга жардам берүү жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү үчүн бергенине карабастан, 10 млрд долларга байып кеткен. Жакында ал үйү бар Гавайи аралындагы Мауи аралында чыккан өрттү жоюу иштерине 100 млн доллар берүүнү убада кылган.


Ларри Эллисон — 158 млрд доллар

Байлыгынын булагы: Oracle

Доллар менен эсептегенде, Америкада бул жылы Эллисондой эч ким байый алган жок. IT гиганты Oracle жасалма интеллектке байланышкан ажиотаждын натыйджасында ишкер 57 млрд долларга байыган.

Эллисон компаниянын тең негиздөөчүсү, башкы технология кызматкери, уставдык капиталдын 40% акционери болуп саналат жана июнда ал акцияларды 640 млн долларга накталай чечип (салыктарга чейин), эки жылда биринчи жолу акцияларын саткан. Бирок 2022-жылы Илон Масктын X социалдык тармагына жасаган 1 млрд долларлык инвестициясы өзүн актабай калган сыяктуу. Тесланын негиздөөчүсү башкармалыкты былтыр октябрда колго алгандан бери социалдык тармактын баасы үчтөн экиге төмөндөгөн.


Уоррен Баффет — 121 млрд доллар

Байлыгынын булагы: Berkshire Hathaway

Августтун аягында легендарлуу инвестор 93 жашка толду. Berkshire Hathaway баалуу кагаздарынын баасы бардык рекорддорго жетти. Портфелиндеги Apple акцияларынын басымдуу салмакта болушу менен инвестициялык фонддун котировкалары акыркы рейтинг жарыялангандан бери 32%га өстү. Ошентип кайрымдуулукка 55 млрд доллар берүүнү убада кылган жана АКШнын тарыхындагы эң ири филантроп болуп калган Баффет өткөн жайда Билл жана Мелинда Гейтс фондуна жана башка кайрымдуулук уюмдарына кошумча 4.6 млрд доллар бергенине карабай, 24 млрд долларга байыды.


Ларри Пейдж — $114 млрд

Ларри Пейдж — 114 млрд доллар

Байлыгынын булагы: Google

Башкы Alphabet компаниясынын акциялары 26%га өсүп, ишке киргенине 25 жыл болгон Google 12 айда 21 миллиард долларга кирешеси көтөрүлүп, анын негиздөөчүлөрүнө чоң пайда алып келди. ЖМК менен көп сүйлөшө бербеген, түнт компаниянын тең негиздөөчүсү жана мурдагы башкы директору Пейдж май айында бизнес өнөктөшү жана тең негиздөөчүсү Сергей Брин менен (ал №7 орунда) соттук комиссияга чакыруу кагазын алганда, элдин көңүл борборунда болуп калды. Ал АКШнын Виргин аралдары Джеффри Эпштейн менен байланышы бар деп айыпталган. Ошондон бери экөө тең бул маселе боюнча эч кандай комментарий берген эмес.


Билл Гейтс — 111 млрд доллар

Байлыгынын булагы: Microsoft

Microsoft корпорациясынын негиздөөчүсү жасалма интеллектке аябай маани берүүдө. Март айында ал технологияны "уюлдук телефондор жана интернет сыяктуу революциялык" деген маанидеги макаласын жарыялаган. Июнь айында Гейтс Inflection.ai AI чатбот стартапына 1.3 млрд долларлык каржылоо раундуна катышкан. Миллиардер жасалма интеллектке өзүнүн алгачкы ставкаларынын үзүрүн көрүп жаткан Microsoft менен бирге инвестиция салган, анын ичинде ChatGPTти иштеп чыгуучу OpenAI бизнесиндеги 49% үлүшүнө ээ. Акыркы бир жылда Microsoftтун баасы 31%га өскөн. Март айында Гейтс биринчи жолу чоң ата болгон.


Сергей Брин — 110 млрд доллар

Байлыгынын булагы: Google

Гейтс сыяктуу Брин да жасалма интеллектке басым жасайт. Ал 2019-жылы Alphabetтин президенттигинен кеткен, бирок ушул күнгө чейин анын директорлор кеңешинин мүчөсү бойдон калууда. Жакында эле издөө системасынын тең негиздөөчүсү корпорацияга кайтып келип, акыркы жылдардагы эң көп колдонулуучу Google желесиндеги ЖИнин үстүндө иштеп жатат. Май айында компания өзүнүн ЖИ боюнча иштеп чыгууларын жарыялагандан бери Alphabet компаниясынын акциялары 27%га кымбаттады.


Марк Цукерберг — $106 млрд

Марк Цукерберг — 106 млрд доллар

Байлыгынын булагы: Facebook (Meta)

2022-жыл Meta компаниясы үчүн кооптуу жыл болду: акцияларынын баасы кулап, кирешеси азайып, төртүнчү чейректе жумуштан бошотууларга чейин жетишти. Бирок андан кийин жагдай өзгөрүп, быйыл Цукербергдин байлыгы 48.3 млрд долларга өстү.


Стив Балмер — 101 млрд доллар

Байлыгынын булагы: Microsoft

Балмер 2000-жылдан 2014-жылга чейин Microsoftту жетектеген жана бүгүнкү күндө ал негизинен баскетбол жөнүндө ойлонот. Миллиардер өзүнүн Лос-Анджелес Клипперс клубу үчүн 2 млрд долларлык стадион куруп жатат (өз чөнтөгүнөн каржылайт). Жер тилкеси дээрлик 4000 чарчы метрди түзгөн жерде оюнчулар үчүн бассейн бар, ал эми бизнесмен болсо объектин майда-чүйдөсүнүн баарына көңүл буруп турат.


Майкл Блумберг — 96.3 млрд доллар

Байлыгынын булагы: Bloomberg LP

Апрелде Bloomberg LP компаниясынын кош негиздөөчүсү өлгөнгө чейин компаниядагы өзүнүн 88% үлүшүн (92 млрд долларга жакын) өзүнүн Bloomberg Philanthropies кайрымдуулук уюмуна берүүгө убада кылган. Эгерде ал убадасын аткарса, бул кайрымдуулук тарыхындагы эң чоң жеке жардамдардын бири болуп калат. Ошол эле учурда, Нью-Йорктун мурдагы мэри байлыгынын азыраак бөлүгүн берип жатат жана 2022-жылга чейин климаттын өзгөрүшүнө жана саламаттыкты сактоо долбоорлоруна болжолдуу 1.7 млрд доллар бөлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media