Бишкек башкы архитектурасынын жетекчилик орду "кооптуубу"?

Бишкек башкы архитектурасынын жетекчилик орду "кооптуубу"?

УКМК Бишкек башкы архитектурасынын жетекчилерин тигил же бул себептер менен камап жаткандыктан коомдо борбор калаанын башкы архитектору болуу эркиндикке кооптуу деген пикир жаралууда. Economist.kg басылмасы бул позиция чындап эле ошондойбу, текшерип көрүүнү чечти.

Урмат Карыбаев 

Сөздү Бишкек башкы архитектурасынын акыркы жетекчиси – Урмат Карыбаевден баштайлы. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган. Андан соң Биринчи Май райондук сотунун чечими менен ал УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.

6-октябрда сот УКМКнын өтүнүчүн канааттандырып, Карыбаевдин баш коргоо чарасын карап, 16-октябрга чейин камакка алуу чечимин чыгарган. ЖМКлар камакка алуу жерди мыйзамсыз берүү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында болгонун жазып чыгышкан. Келтирилген чыгым 8 млн сом деп бааланууда. Белгилей кетсек, Урмат Карыбаев бул кызматка 2022-жылдын июнь айында келген.

Канат Анарбеков

Урмат Карыбаевге чейин Бишкек башкы архитектура башкармалыгын Канат Анарбеков жетектеп келген. Ал кызматтан кеткенден бир ай өткөндөн кийин – 2022-жылдын июль айында кармалган. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Анарбеков борбор калаадагы көп кабаттуу үйлөрдү жана административдик имараттарды долбоорлоого жана курууга мыйзамсыз уруксат берген деп айыпталган.

Ал ошондой эле Бишкек башкы архитектурасынын кызматкерлеринин жардамы менен курулуш компаниясы тарабынан жер тилкесин рейдерлик жол менен басып алган деп шектелген.

Асхат Тулебердиев

Канат Анарбековго чейин Бишкек башкы архитектурасын Марат Жороев жетектеп келген. Ал бул кызматта алты ай гана иштеген. Башкалардан айырмаланып, ал камалган эмес, жөн эле кызматынан четтетилген. Ал эми ага чейин аталган бөлүмдү Асхат Түлөбердиев жетектеп келген. Ал эми коррупция боюнча айыпталып, УКМКнын тергөө абагына камалган. УКМКнын маалыматы боюнча, 2017-жылы Бишкек мэриясынын, жер ресурстары башкармалыгынын жана Бишкек башкы архитектурасынын кызматкерлери алдын ала жеңүүчүсү аныкталган жер тилкелерине жасалма аукциондорду өткөрүшкөн.

2020-жылдын 24-декабрында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Бишкек шаардык архитектурасынын башчысы Асхат Тулебердиев жана жалган тендердин катышуучусу З.М.М., коррупцияга айыпталып кармалган. Андан соң Түлөбердиев үй камагына чыгарылган.

Алмазбек Абдыкаров

2011-2013-жылдары Бишкек башкы архитектура комитетин жетектеп турган Алмазбек Абдыкаров да кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган – бирок шаардын башкы архитектору катары эмес, Бишкектин Октябрь районундагы кызматында кармалган.

2007-жылы Абдыкаров жерди мыйзамсыз бөлүштүрүү боюнча соттолгон. Анда Алмазбек Абдыкаров 195 жаранга "Көк-Жар" турак жай массивинен, мусулмандар көрүстөнүнөн жана "Ататүрк" сейил багынан жер тилкесин бөлүп берген деп айыпталган.

2007-жылы Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө башкармалыгы тарабынан Октябрь райондук администрациясынын жана Бишкек шаардык башкы архитектура башкармалыгынын кызматкерлери жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүүдө кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Бирок 2009-жылы соттун чечими менен мыйзам бузуунун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу кылмыш иши токтотулган.

Мындан тышкары окуңуз

Майыптыгы бар жарандардын мамлекеттик кызматка иштөөсүнө жол ачылды

Майыптыгы бар жарандардын мамлекеттик кызматка иштөөсүнө жол ачылды

Президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Мыйзам 2026-жылдын 4-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзамдын максаты майыптыгы бар адамдарга мамлекеттик кызматка кирүүсүнө шарт түзүлөт. Мыйзам менен “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамга төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүү

Бишкек шаарында суунун баасы кымбаттады

Бишкек шаарында суунун баасы кымбаттады

Бишкекте муздак суунун баасы көтөрүлдү. Бул чечимди Бишкек шаардык кеңеши кабыл алды. Маалыматка ылайык, суунун бир куб метринин баасы 10,45 сомдон 15,73 сомго чейин, ал эми канализация үчүн 3,45 сомдон 6,80 сомго чейин көтөрүлдү. Бишкек шаардык кеңешине суу менен камсыздоо тарифтерин көтөрүү сунушун борбор калаанын мэриясы

"Чоң-Капка – автожол” өткөрүү пункту 70 млн сомго оңдолду

"Чоң-Капка – автожол” өткөрүү пункту 70 млн сомго оңдолду

Талас облусунун Манас районунда жайгашкан “Чон-Капка – автожол” автомобиль өткөрүү пунктунда комплекстүү оңдоо иштери аяктады. Маалыматка ылайык, “Чон-Капка – автожол” өткөрүү пунктунун оңдолушу менен жарандардын транспорт каражаттары аркылуу мамлекеттик чек арадан өтүү шарттары жакшырды. Ошондой эле көзөмөлдөөчү органдардын иштөөсү үчүн заманбап инфраструктураны түзүү максатында жүргүзүлдү. Долбоорду ишке ашырууга жалпы 70

Кыргызстан менен Казакстан туризм жаатында кызматташат

Кыргызстан менен Казакстан туризм жаатында кызматташат

26-июнда Бишкек шаарында Алматы – Бишкек экономикалык коридору демилгесинин алкагында Кыргызстан менен Казакстандын туризм боюнча биргелешкен жумушчу тобунун жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жыйынга Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин кызматкерлери, Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин, Казакстандын Туризм