Көлбаевдин Бишкектеги батирлери кимге таандык?

Көлбаевдин Бишкектеги батирлери кимге таандык?

Биз буга чейин камакка алуу учурунда өлтүрүлгөн кримавторитет Камчы Асанбекке (Көлбаев) таандык ири мүлктөр документ боюнча кимдерге таандык болгонун жазган элек жана бул Economist.kg басылмасы изилдеген ошол материалдын экинчи бөлүгү. Бишкекте УКМК тарабынан табылган батирлер кимге катталганын редакция тапты жана ал тизмеге Elite House, A Group, Orion сыяктуу курулуш компаниялары кирди.

Раззаков көч., 33/2, 16-батир

Бул батирдин аянты дээрлик 430 чарчы метрди түзөт. Ал борбор калаанын борборунда, Москва көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде жайгашкан. Дал ушул батирди УКМК өзүнүн видеосунда көрсөтүп, ошондой эле аны 800 миң долларга баалаган жана анын бир чарчы метри болжол менен 1861 долларды түзгөн. Ачык булактардан мындай батирдин болжолдуу базар баасын билсе болот, анын чарчы метринин баасы 1740 доллардан башталат. Үйдү "Орион" курулуш компаниясы курган, курулуш компаниясынын башкы директору Куттубай Мурзабаев.

Редакциянын карамагында КРнын Улуттук интеграцияланган кадастрдык системасынан расмий документтер бар. Документтерге ылайык, учурдагы ээси Канышай Камчы, ал Түштүк магистралдагы MOQA кофейнясынын да ээси болуп саналат. Сатып алуу-сатуу келишимине 17-жылдын 2010-майында кол коюлган.

Раззаков көч., 22, 46-батир

УКМК ушул даректеги батирди видеодо Көлбаевдин менчиги катары көрсөткөн. Анын аянты болжол менен 86 чарчы метрди түзөт, ал дагы "алтын квадратта" жайгашкан, ведомство аны болгону 150 миң долларга баалаган, бир чарчы метри 1744 долларды түзөт. Ачык булактардан үйдү салган "А групп" компаниясы экенин аныктадык. Турак жай комплекси "Консул" деп аталат, кыймылсыз мүлк рыногунда мындай батирдин болжолдуу баасы 250 миң доллардан башталат, бул бир чарчы метрине болжол менен 2906 долларды түзөт.

КРнын Улуттук интеграцияланган кадастрдык системасынын документтеринен алынган маалыматка караганда, ээси Кристина Сарачакова болуп, батир үстүбүздөгү жылдын 28-июлунда сатылып алынган.

Эркиндик 9, 10-батир

Бул батир Бишкектин борборунда жайгашкан, аны УКМК да Көлбаевдин менчиги катары көрсөткөн. Ведомство аянты 140.3 чарчы метр болгон батирди 280 миң долларга баалады, тагыраак айтканда, бир чарчысы 1995 долларды түздү. Ошол эле учурда кыймылсыз мүлк рыногунда мындай батирлер 289 миң долларга бааланып, бир чарчы метринин баасы болжол менен 2059 долларды түзөт. Бул батир дагы "А групп" компаниясына караштуу.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, "А Групп" курулуш компаниясы Айбек Матиевге, ошондой эле "Ай-Матай" компаниясына таандык. Экөө тең соода менен алектенишет.

КРнын Улуттук интеграцияланган кадастрдык системасынын расмий документтерине ылайык, Эркиндик 9 дарегиндеги батирдин ээси Жаныбек Жуманалиев деп жазылган. Документте сатып алуу-сатуу келишими 2023-жылдын 22-июнунда түзүлгөнү айтылат.

Турусбеков көч., 109/3, 3-батир

Бул мүлк дагы Бишкектин борбордук бөлүгүндө жайгашкан. Курулуш компания Elite House болуп эсептелет. УКМКнын жарыялаган видеосунда активдин баасы 127.5 чарчы метри 172 миң доллар, же 1 чарчы метри 1349 доллар деп бааланууда. Биз кыймылсыз мүлк рыногун талдап чыгып, мындай батирдин болжолдуу баасы чарчы метрине 1393 доллардан башталарын аныктадык.

КРнын Улуттук интеграцияланган кадастрдык системасынын документтеринде батирдин ээси болжолдуу маалыматтарга ылайык, кримавторитеттин апасы Мая Алиева экени айтылат. Сатып алуу-сатуу келишими 2018-жылдын 1-февралында түзүлгөн. Ал ошондой эле жылкы, эшек, качыр, уй багуучу "Асанбек" дыйкан чарбасынын директору. Кошумчалай кетсек, ал "Арал" этно-маданий комплексинин негиздөөчүсү катары көрсөтүлгөн.

Эскерте кетсек, буга чейин укук коргоо кызматкерлери Elite House курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиевди кармашкан. Октябрь райондук сотунун судьясы Файзиевге карата УКМКнын тергөө кызматынын өтүнүчүн канааттандырып, 9-декабрга чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын колдонгон.

Чынгыз Айтматов көч., 299/1, 23-батир

Батир борбор калаанын престиждүү аймактарынын биринде – «Киргизия 1", Кытай жана Америка элчиликтеринин жанында жайгашкан. УКМК бул батирдин 119.6 чарчы метрин болгону 130 миң долларга баалаган, бул болжол менен ар бир чарчы 1086 долларды түзөт. Үй болжол менен тогуз жыл мурун курулган, айрым маалыматтар боюнча, анын курулушун жеке жак жүргүзгөн. Ошол эле учурда кыймылсыз мүлк рыногунда мындай батирдин чарчы метринин баасы 1169 доллардан башталат.

Редакциянын карамагында КРын Улуттук интеграцияланган кадастрдык тутумунун расмий документтери бар. Аларга таянсак, 2022-жылдын 30-июнунан бери батирдин ээси Азат Абдраев болуп эсептелет. 

Белгилей кетсек,  SeverMedia басылмасы Көлбаевдин курулуш бизнесинде "көзөмөлчүлөрү" бар, тактап айтканда, ал Алтынбек Ибраимов (лакап аты Алтуха) деп жазган. Басылманын маалыматына караганда, ал курулушчулардын ар бир жаңы үйүнөн чоң аянттагы батирди талап кылып турган. Ага жылына 100гө жакын квартира аргасыз-ыктыярдуу негизде берилип келген.

Басылма Ибраимовго "опузалап пара талап кылуу" жана "баңгизат сактоо" беренелери боюнча айып тагылганын белгилейт. 2017-жылдын 1-августунда Бишкектин Свердлов райондук соту эч кандай далил жок деп таап, "опузалап пара талап кылуу" беренеси боюнча актаган. Ошого карабастан, ал баңгизат сактагандыгы үчүн катуу коопсуздук чаралары менен төрт жылга эркинен ажыратылып, бирок кылмыштын эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу бошотулган.

Камчы Көлбаевдин мүлкү — документтери кимдерге катталган?
9-октябрда УКМК уюшкан кылмыштуу топтун лидери, ”мыйзамдагы ууру” аталган, 4-октябрда кармоо учурунда атылып өлтүрүлгөн Камчы Көлбаевдин мыйзамсыз мүлкүнүн болжолдуу баасын айтты. Анын байлыгы 1 млрд долларга бааланып, анын ичинде 60тан ашык кымбат баалуу унаалар, Ысык-Көлдөгү, Чүй облусундагы, Бишк…

Мындан тышкары окуңуз

Бала-Саруу ГЭСи быйыл 76 млн кВт/саат иштеп чыкты

Бала-Саруу ГЭСи быйыл 76 млн кВт/саат иштеп чыкты

“Чакан ГЭС” ААКсынын директорунун биринчи орун басары Таалайбек Мамбеталиев радио эфирде Бала-Саруу ГЭСинин иши боюнча айтып берди.  Аталган станция 2024-жылы ишке кирген. ГЭСте 10 мегаваттык эки жана 5 мегаваттык бир агрегат иштейт. ГЭСтин жалпы кубаттуулугу 25 мегаватт.  “Станция Манас районунун Киров суу сактагычында жайгашкан. Электр энергиясы суу сактагычтан келген суунун

Норка терисин мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлду

Норка терисин мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлду

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери норка терисин мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюшту. Аталган кызматтын маалыматына ылайык, Ош шаарынын аэропортунда Россия Федерациясынан келген жүргүнчүлөрдүн биринин жүгүн текшерүү учурунда  тийиштүү коштомо документтери жок 451 даана (47 килограмм) норка териси табылган. Бул боюнча мыйзамсыз алып кирүү фактысы боюнча тиешелүү актылар түзүлдү, Кыргыз Республикасынын

Жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн тротуарларга чектегичтер орнотулду

Жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн тротуарларга чектегичтер орнотулду

"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы айдоочулар мурда унааларын айдап кирип, токтотушкан жерлерге 10 даана чектегич орнотту. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти. Иштер Жайыл Баатыр көчөсүндө, №77 жана №79 үйлөрдүн аймагында жүргүзүлдү. Чектегичтерди орнотуу жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылууга жана тротуардын асфальт төшөлмөсүн сактоого багытталган. Белгилүү болгондой, тротуардын жана жолдун асфальт

Жаратылышка быйыл 102,85 млн сом зыян келтирилген

Жаратылышка быйыл 102,85 млн сом зыян келтирилген

2025-жылдын 9 айында мамлекетке жалпы 102,85 млн сом чыгаша алып келген 3 миң 755 тартип бузуулар катталганын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.  Министрликтин маалыматы боюнча чыгымдардын секторлор боюнча структурасы төмөндөгүдөй:  жер ресурстары —39,58 миллиона сом, 337 факт; атмосфералык аба —17,55 миллион сом, 798 факт;