Журналисттер Тенгиз Бөлтүрүктүн Канададагы 725 миң долларлык үйүн табышты — сүрөт

Журналисттер Тенгиз Бөлтүрүктүн Канададагы 725 миң долларлык үйүн табышты — сүрөт

2021-жылы "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын убактылуу тышкы менеджери Тенгиз Бөлтүрүк 725 миң доллар өлчөмүндө ипотека алган. Үй Канаданын Оквилл шаарында жайгашканын Kaktus.media укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шилтеме берүү менен билдирди.

Аталган басылма карамагында Теңиз Бөлтүрүк жана анын жубайы Ильмира Алпысбаеванын атына белгиленген пайыздык үстөк менен 25 жылга (301 ай) ипотекалык насыяны узартуу келишиминин көчүрмөсү бар экенин тастыктады. 2022-жылдын 17-октябрына карата 725 миң доллардын 688 миң 689 доллары калган.

Келишимде көрсөтүлгөн үйдүн дареги 2322 Woodridge Way, Oakville, ON L6H 6S3 боюнча катталган. google.com/maps дарегине киргенде Бөлтүрүктүн Канададагы үйү көрүнөт. Сайттардын биринде үйдүн интерьеринин сүрөттөрү да бар.

Редакция ошондой эле насыянын мөөнөтүн узартуу боюнча келишим түзүлгөн учурда Канаданын жарандыгын алган Тенгиз Бөлтүрүк "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын коррупциялык схемасы боюнча 1 млрд сомго жакын зыян келтирген деген айып менен УКМКнын СИЗОсунда же ооруканада болгонун белгилеген.

«Кумтөр Голд Компани» камактагы Тенгиз Бөлтүрүктүн катына жооп берди
«Кумтөр Голд» ЖАКтын каражаттарын уурдоого шектелген Тенгиз Бөлтүрүктүн каты бизди таң калтырды. Мындай билдирүүнү компаниянын жетекчилиги билдирди. “КГКнын” азыркы жетекчилиги Тенгиз Бөлтүрүк компанияны бир жылдан ашык жетектеп, өзүнүн долбоорлорун жана пландарын ишке ашыруу үчүн бардык шартта…

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда фермерлерге дизель майынын литри 74 сомдон сатылып жатат

Кыргызстанда фермерлерге дизель майынын литри 74 сомдон сатылып жатат

Кыргызстанда фермерлерге дизель күйүүчү майы литри 74 сомдон жеңилдик менен сатылып жатканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүктөрдү өстүрүү, бакчачылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Туратбек Идрисов "Биринчи радио" аркылуу билдирди. Анын айтымында, мамлекеттик колдоонун алкагында арзандатылган дизелдин 7 млн литрди бөлүштүрүү каралган. Баа

Мэрия жерлерди сатып алуу үчүн коэффиценттерди киригизүүнү сунуштады

Мэрия жерлерди сатып алуу үчүн коэффиценттерди киригизүүнү сунуштады

Бишкек шаарынын мэриясынын орун басары Азамат Кадыров 30-мартта Бишкек шаардык кенешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында мурда убактылуу ижарага берилген жер тилкелерин сатып алуу тартибин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Анын айтымында, документ жаңы Жер кодекси күчүнө киргени менен байланыштуу даярдалган. "Жер кодексине ылайык, жер тилкелерин сатып алуу боюнча нормалар буга

Бишкек шаарында 600дөй жер тилкеси көп кабаттуу үйлөрдү  курууга берилген –Азамат Кадыров

Бишкек шаарында 600дөй жер тилкеси көп кабаттуу үйлөрдү курууга берилген –Азамат Кадыров

Бишкек шаарыда 580–600дей жер тилкеси көп кабаттуу турак үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн убактылуу ижарага берилгенин 30-мартта мэриянын орун басары муниципалдык мүлк, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул жерлердин болжол менен 40%ы пайдаланууга берилген, калган бөлүгү азыр

Ат-Башы районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арпа таратылды

Ат-Башы районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арпа таратылды

Ат-Башы районунда калктын социалдык жактан корголбогон катмарларына мал азыгы таратылганын райондук мамлекеттик администрация билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, жардам климаттын өзгөрүшүнө туруктуу азык-түлүк системаларын өнүктүрүү долбоорунун алкагында көрсөтүлдү. Районго 135 тонна арпа жеткирилген. Азыктар 864 үй-бүлөгө бөлүштүрүлдү — ар бирине 156 килограммдан берилди. Белгиленгендей, бул долбоор райондо быйыл экинчи жолу ишке ашырылып